Мазмунга өтүү

Зордун Сабир

Википедия — ачык энциклопедия
Зордун Сабир
زوردۇن سابىر
Туулган датасы:

бугу 1937

Туулган жери:

Жаңы-Там айылы, Кулжа ооданы, Иле Казак автоном облусу

Өлгөн датасы:

13 -август 1998(1998-08-13)

Өлгөн жери:

Үрүмчү

Чыгармачылык жылдары:

1961-1998

Чыгармаларынын тилдери:

уйгурча

Зордун Сабир (бугу 1937 – 13 аяк оона 1998, уйгурча: زوردۇن سابىر) — уйгур жазуучусу[1].

Зордун Сабирдин чыгармачылыгы 4 роман, 13 повест, 86 аңгеме, 2 драма, 1 сценарий, жана 5 адабий сын боюнча макала турат[2]. «Анаюрт» (Ата журт) үчилтиги тарыхый роман менен белгилүү болгон[3].

Зордун Сабир 1937-жылы бугу айында[2] Кулжа ооданынын Жаңы-Там айылынын Бостан кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган[4]. Атасы Сабыр дыйкан болсо да илимге кызыгып, илимпоздорду сыйлаган. Зордун Сабирдин балалыгы түндүктөн соккон Абрал тоосунун шамалы менен соккон ушул чакан бакча айылында өткөн. 1942-жылы Зордун Сабыр беш жашка чыкканда апасы каза болуп, бул үй-бүлөдө алты адам атасы Сабырдын колунда ата да, эне катары да тарбияланган.

1951-жылы Зордун Сабыр Кулжа шаарындагы тууганынын үйүндө калып, «Билим мектебинде» окуган. Бул мектепти 1952-жылы бүтүрүп, 1953, 1954-жылдары орто мектепте окуган. 1955-жылы Ахметжан Касыми атындагы Иле Дарилмугалимин (азыркы Иле университетинде) тапшырып, 1957-жылы бүтүргөн.

Зордундун алгачкы чыгармасы — «Ак өрүк» аттуу ыр 1961-жылы «Тарим» журналында жарыяланган. Бирок көп өтпөй ага улутчулдук жана «контрреволюциялык ишмердик» деген айып тагылып, Тибеттеги Гармү аймагына (Ганьсу жана Цинхай чегине жакын) кайра тарбиялоого жөнөтүлгөн. Бул жылдар аралыгында анын чыгармачылыгы токтоп, 1972-жылдан тартып гана адабиятка кайта баштаган. Жазуучунун бурулуш учурларынын бири болуп саналган «Долан жаштары» аттуу аңгемеси 1979-жылы «Тарим» журналынын октябрь санында жарыяланып, Кашкар аймагындагы Долан жергесинен чыккан жаш жигиттин турмушун сүрөттөгөн[5][2].

Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Аврал Шамаллири (Абрал шамалдары) (роман), Үрүмчү: Шынжаң эл басмасы, 1980
  • Арча япрыгы (Арча жалбырагы) (повест жынагы), Үрүмчү: Шынжаң эл басмасы, 1985
  • Издениш 1-китеп (Изденүү) (роман), Үрүмчү: Шынжаң эл басмасы, 1984
  • Издениш 2-китеп (Изденүү) (роман), Үрүмчү: Шынжаң эл басмасы, 1989 ISBN 7228010833
  • Баш ахыры йок хетлер (Баш аягы жок каттар), Үрүмчү: Шынжаң жаштар-өспүрүмдөр басмасы, 1992 ISBN 7537109281
  • Ата (роман), Үрүмчү: Шынжаң жаштар-өспүрүмдөр басмасы, 1994 ISBN 7537117756
  • Карыздар (роман), Үрүмчү: Шынжаң жаштар-өспүрүмдөр басмасы, 1999
  • Анаюрт (Ата журт) (тарыхый роман), Үрүмчү: Шынжаң жаштар-өспүрүмдөр басмасы, 2000
  • Йазгучи болмак тес (Жазуучу болуу кыйын), Үрүмчү: Шынжаң эл басмасы, 2011
  • Гүлемхан (повест), Үрүмчү: Шынжаң эл басмасы, 2011 ISBN 978-7-228-14144-9
  1. Кадырова, Назгүл. Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-64:Уйгур адабиятынан Зордун Сабирдин чыгармачылыгы., TRT Кыргызча (17.10.2019 - 23.09.2023). Текшерилген күнү 6 -октябрь (тогуздун айы) 2023.
  2. 1 2 3 Hasanjan, Abdulvahit; Byler, Darren (2017). "Zordun Sabir: A Central Figure in Modern Uyghur Literature". Turkish Studies 12(5): 177-186. ISSN 1308-2140. https://www.academia.edu/download/54055262/zordun_sabir_a_central_figure_in_modern_uyghur_literature.pdf.(жеткиликсиз шилтеме)
  3. Annıwan, Maımaıtı (2016). Zordun Sabir'in Anayurt romanı üzerine bir inceleme (Masters thesis). Niğde: Niğde Ömer Halisdemir Üniversitesi, Sosyal Bilimler Enstitüsü.
  4. Сабир, Зордун (2012). "Айлакер ажы". Жаңы Ала-Тоо 43 (11): 54-73. https://new.bizdin.kg/media/books/%D0%9D%D0%BE%D0%B2%D1%8B%D0%B9_%D0%90%D0%BB%D0%B0-%D0%A2%D0%BE%D0%BE._2012._11.pdf.
  5. Zağoğli, A. Serdar (2023). "ZORDUN SABİR’İN ‘DOLAN YAŞLİRİ’ (DOLAN GENÇLERİ) ADLI HİKÂYESİNİN ÇÖZÜMLEMESİ”". Uluslararası Uygur Araştırmaları Dergisi 22: 34-48. https://doi.org/10.46400/uygur.1355128..