Зулпукаров Махмуд

Википедия дан

Зулпукаров Махмуд 1959-жылы 10-майда Сузак районунун Сафаровка айылында туулган.

  • Орто мектепти аяктап, эмгек жолун 1977-жылы “Дружба” совхозунда айдоочу болуп иштеп баштаган.
  • 1977-1979-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
  • 1979-1985-жылдары “Дружба” совхозунда айдоочу болуп эмгектенет.
  • 1985-жылы Фрунзе шаарындагы ПИРЯЛ орус тили жана адабияты факультетине тапшырып,
  • 1991-жылы ийгиликтүү аяктайт.
  • 1991-1993-жылдары Проректор АХУ ПИРЯЛ камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип,
  • 1993-жылы Ички Иштер бөлүмүнө кызматка кабыл алынат.
  • 1999-жылы ардактуу эс алууга чыгат.
  • Андан кийин да коомдук иштерге активтүү катышып жүрүп, узука созулган оорудан кийин 2015-жылы көз жумган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3