Зульфия Исраилова
Зульфия Исраилова - (14. 3. 1915, Ташкент 1. 8. 1996, ошол эле жер) өзбек акыны, коомдук ишмер, Өзбек ССР эл акыны (1965), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1984).
Ташкент педагогикалык институтун бүтүргөн (1935). 1938-50-ж. республикалык көркөм адабият басмасында редактор, бөлүм башчы, 1950-52-ж. башкы редактор болуп иштеген.
Чыгармалары 1930-жылдан жарыялана баштаган. Алгачкы ыр жыйнагы «Өмүр барактары» (1932). «Кыздар ыры» (1939), «Аны Фархад деп аташчу» (1943), «Айрылуу күндөрүндө» (1944), «Менин Ата Мекеним», «Бизди күт», «Гүлдөр ачылганда» ж. б. атуулдук ырларды жазган. «Жүрөгүмө жакын кишилер» (1958), «Талыбас жүрөк» (1966) аттуу ыр жыйнактарында эл достугу, тынчтык жана эмгек даңазаланат. Зульфия лирик, чебер пейзажист катары да белгилүү («Өрөөндүн тартуусу», 1966; «Менин жазым», 1967; «Шаркыратма», 1969). Ал X. Алимжандын поэмасынын негизинде «3ейнаб менен Аман» операсына либретто жазган. Ж. Неру (1968), Хамза (1969) жана Нилуфар (1970) атн. сыйл. лауреаты. «Эстелик саптары», «Көк желе» ыр жыйнактары үчүн ага СССР мамл. сыйл. (1976) ыйгарылган. Зульфиянын ырлары чет тилдерге, анын ичинде кыргыз тилине да которулган.
Өзбекстанда адабият, маданият, искусство жаатындагы жетишкендиктер үчүн Зульфия атындагы мамлекеттик сыйлыгы белгиленген (2002). Ленин, 3 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», «Кирилл жана Мефодий» (Болгария) ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5