Мазмунга өтүү

Зууракан Кайназарова

Википедия дан

Зууракан Кайназарова — Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, үч жолу Ленин орденинин кавалери, Эмгек Кызыл Туу орденинин, Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүнүн Чоң медалынын ээси. Социалисттик айыл чарбасынын устаты бир нече жолу СССР Жогорку Советинин депутаттыгына, Кыргыз ССРинин Компартиясынын съезддерине делегат болуп шайланып, эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наамга татыктуу болгон.

Зууракан Кайназарова 1902-жылы 18-июнда (эски жыл санагы боюнча 2-июнда) Чүй облусунун Сокулук районундагы Жыламыш дарыясынын өрөөнүндө туулган[1]. Кайназарова эмгек жолун 1929-жылы айыл чарба артелинде баштаган. 1934-жылы “Дружба” колхозунун, андан кийин Кыргыз ССРинин Фрунзе облусунун Каганович районундагы Калинин атындагы колхоздун звеносунун кант кызылчасын жыйноо боюнча жетекчиси болуп, жемиштүү жыйынтыктарды көрсөткөн.

Бир гектар жерден 971 центнер кант кызылчасы жыйналып[2], бул рекорддук көрсөткүч болгон. Буга чейин ошол эле аянттан 400 центнерге жакын кант кызылчасы алынган. Ошол жылдары Кыргыз ССРи канттын негизги өндүрүүчүсү болуп, кант менен бүтүндөй Орто Азияны жана Казакстандын бир бөлүгүн камсыз кылып турган.

Түшүмдүн жогорку көрсөткүчтөрү Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында өзгөчө мааниге ээ болгон, себеби СССРдин фронтун жана өнөр жайын азык-түлүк жана чийки зат менен камсыз кылуу зарыл эле[3]. Бул жылдар бою Зууракан Кайназарова өмүрүн колхоздо эмгектенүүгө арнап, өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн жанын аябастан иштеген. Кайназарова койгон түшүмдүүлүк рекордуна ушул күнгө чейин эч ким жете элек.

1975-жылы Фрунзеде (азыркы Бишкек шаары) Кыргыз ССРинин аялдарынын съездинин күнүнө карата кинофестиваль өтүп, анда республиканын аялдары тууралуу даректүү тасмалар көрсөтүлгөн. Алардын бири – “Кант өрөөнү” аттуу тасма Зууракан Кайназарова жана анын айыл чарбасындагы жетишкендиктери, жаңычылдыгы тууралуу баяндаган[4]. Кайназарованын өмүр баяны жана айыл чарбасындагы жетишкендиктери элди суктандырып, ошол жылдары гезит-журналдарга тынбай жарыяланып турган. Мектепке, округга, көчөгө анын ысымы ыйгарылган, Кыргызстандын борборунун борбору – Бишкек шаарында анын эстелиги тургузулган.

Кайназарова Зууракан согуштун азабын тартып, жетим калган көптөгөн балдарды багып алып, аларга кам көрүп келген. Алардын арасында орустар, кыргыздар, өзбектер, поляктар жана башка улуттар болгон.

Зууракан Кайназарова 1982-жылы дүйнөдөн кайткан.

Эмгек жолун 1929-ж. Сокулук районундагы Калинин атындагы колхоздо кызылчачы болуп иштөөдөн баштаган.
Көп өтпөй звено башчылыгына көтөрүлүп, беш жүзчү-лөрдүн бүткүл союздук социалдык мелдешине катышып, кант кызылчасынан жогорку түшүм жыйнап алууга жетишкен.
1949-ж. Калинин атындагы колхоздун башкармасынын төрайымы болуп шайланган.
Анын жетекчилигинде колхоздун экономикалык кыйла чыңдалган.
Колхоздор ирилештириле баштаганда Кайназарова Сокулук районундагы «Дружба» колхозунун звено башчылыгына (1952) өткөн.
1937–54-ж. СССР Жогорку Советинин, бир нече жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болгон.

Кайназарованын элесине

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Зууракан Кайназарова тууралуу “Кант өрөөнү” даректүү тасмасы тартылган.

Бүгүнкү күндө Сокулук районундагы Чаткүл айылындагы орто мектеп, Сокулук жана Асылбаш айылдарындагы көчөлөр анын ысымын алып жүрүшөт.

1975-жылы Бишкектин борборундагы Эркиндик бульварында Зууракан Кайназарованын гранит бюсту орнотулган[1]

Анын туулган күнү – 18-июнь Кыргызстанда Айылдык аялдар күнү катары белгиленет.

СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1948-жылдын 26-мартындагы Жарлыгы менен колхоз 1947-жылы МТСке милдеттүү жеткирүүлөрдү ишке ашырып, натуралай акы төлөө тапшырмасын аткарганы үчүн жана 1948-жылы жазгы айдап себүүдө дан эгиндеринин үрөнү менен камсыз кылганы үчүн  Кайназарова Зуураканга Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам ыйгарылып, Ленин ордени жана “Орок жана балка” алтын медалы менен сыйланган [2].

СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1957-жылдын 15-февралындагы Жарлыгы менен кант кызылчасынан жогорку жана туруктуу түшүм алууда, кант кызылчасын өстүрүүдө илимди жана алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин кенири колдонгону үчүн, 23 жыл бою колхоздун звеньевою катары жан аябаган эмгеги үчүн Кайназарова Зууракан экинчи “Орок жана балка” алтын медалы менен сыйланган. Эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры болгон[2].

Колдонулган шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б.,2003
  • Кайназарова Зууракан // https://who.ca-news.org/people:15600?embed&pack=109
  • Герои страны. Кайназарова Суракан //https://warheroes.ru/hero/hero.asp?Hero_id=18647
  • Личность Кыргызстана: Героиня соцтруда Зууракан Кайназарова // https://limon.kg/ru/news:66356
  • Документальный фильм о кыргызстанке удивил зрителей — события 5 сентября // https://ru.sputnik.kg/20190905/sobytiya-5-sentyabrya-1045626619.html
  1. Мокренко А. Топ-5 памятников «в плену» высоток в Бишкеке // https://24.kg/obschestvo/55152_top-5_pamyatnikov_laquovnbspplenuraquo_vyisotok_vnbspbishkeke
  2. 2.0 2.1 Герои страны. Кайназарова Суракан //https://warheroes.ru/hero/hero.asp?Hero_id=18647