Зындан, Ак-Суу району

Википедия дан

Зындан, Ак-Суу району - Токтогул Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Ак-Булуң айыл өкмөтүнө караштуу. Жыргалаң суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1870 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол шаарынан 48 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 262 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1004 (2008); негизинен мал менен алектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]