Ибраимова Элмира Султановна

Википедия дан
Ибраимова Элмира Султановна

Ибраимова Элмира Султановна (13-апрель, 1962-ж, Фрунзе (Бишкек)

Коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын экс-вице-премьер-министри. Кыргыз ССРнин министрлер кеңешинин төрагасы, коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз эл баатыры Султан Ибраимовдун кызы

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1984-ж. — Москва мамлекеттик универститетинин экономика бөлүмүн аяктаган, саясий экономика боюнча окутуучу,

1989-ж. — Бүткүл союздук Лениндик коммунисттик жаштар союзунун жана Кыргыз ССРнын Лениндик коммунисттик жаштар союзунун ардак грамоталары менен сыйланган,

1996-ж. — "Манас-1000" юбилейлик медалы менен сыйланган,

2000-ж. — Аялдар статусу боюнча комитетинин ардак сертификаты тапшырылган (Нью-йорк),

2005-ж. — Бүткүл дүйнөлүк аялдар саммитинин премиясынын лауреаты (Женева),

1984—1986-жж. — Фрунзеде электрондук-эсептөөчү заводунун экономисти,

1986—1991-жж. — Октябрь райондук комсомолдор комитетинин экинчи катчысы,

1991—1996-жж. — КР ЖК мыйзам чыгаруу жыйынын секретариатынын жетекчиси,

1996—1998-жж. — КР Эсептөө палатасында ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйынынын аудитору,

1998—1999-жж. — КР Президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары,

1999—2001-жж. — Кыргызстандагы БУУнун туруктуу өкүлү,

2002—2003-жж. — КР премьер-министринин аппаратына караштуу айылдык инвестициялар долбоорунун даярдоо бөлүмүнүн координатору,

2003—2007-жж. — КР коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу,

2007—2008-жж. — Жогорку Кеңештин депутаты, фракция лидери,

2008—2009-жж. — КР вице-премьер-министри,

2009-ж. ошол кездеги президент Курманбек Бакиевге сын айткандыгы үчүн кызматтан алынып, "Ак жол" партиясынан чыгарылган,

2010-ж. — Убактылуу өкмөттүн социалдык суроолор, коомдук байланыштар жана ЖМК боюнча координатору,

2010—2012-жж. — КР коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу,

2012—2016-жж. — КР Эсептөө палатасынын төрайымы.