Иван Сеченов
Сеченов Иван Михайлович (1(13). 8. 1829, Тёплый Стан кыш., азыркы Горький обл., Сеченов кыш. - 2(15). 11. 1905, Москва) - орус окумуштуусу, физиологияны жана илимий психологияны негиздөөчү; Петербург ИАнын ардактуу акад. (1904; корр. мүчө, 1869).
- Петербургдагы Башкы инженер окуу жайын (1848) жана Москва университетинин мед. факультететин бүткөн (1856).
- 1856-59-ж. Ф. Хоппе-Зейлер (Берлин), О. Функе (Лейпциг), К. Людвиг (Вена) ж. б. чет өлкөлүк окумуштуулардын лабораторияларында иштеген.
- 1860-70-ж. Петербургдагы Мед.-хирургия академиясынын, 1871-76-ж. Новороссийск университетинин (Одесса), 1876-88-ж. Петербург университетинин физиология кафедраларына башчы,
- 1891-жылдан Москва университетинин проф. «Жаныбарлар электри жөнундө» деген лекциялары үчүн Петербург ИАнын Демидов сыйлыгын алган (1863).
Бернардын лабораториясында мээнин тормоздоочу борборлорун ачып, анын негизинде «Мээнин рефлекстери» (1863), «Нерв системасынын физиологиясы» (1866) китептерин жазган. Чет өлкөлүк илимпоздордун эмгектерин орусчага которгон жана котормолорду редакторлогон.
Сеченовдун окуусу боюнча сезимдүү жана сезимсиз жашоо аракеттер рефлекс аркылуу өтөт. Сеченов рефленсти нерв ишинин негизги мыйзамы деп карап, психикалык татаал кубулуштун негизин физиол. процесстер түзөт деген ойго келген. Сеченов психикалык аракеттер мээнин функциясы деген матер, түшүнүктү айткан. Анын эмгектеринде ойлоо проблемасы көрүнүктүү орун ээлейт.
Сеченов тормоздолуу процесси козголуу сыяктуу эле нерв ишинин негизги процесси экенин көрсөткөн. Сеченовдун эмгектери Россияда табият таануу жана матер,- филос. ойлордун өсүшүнө прогрессчил чоң таасир тийгизген.
Сеченовдун туулган жеринде эстелик коюлган, 1-Москва мед. институту, СССР ИАнын Эволюциялык физиология жана биохимия институту, СССРдин физиол. журналы анын ысымында.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.