Ивгин Хайретдин

Википедия дан

Ивгин Хайретдин (1945, Түркия, Везир-көпрү) — түркиялык фольклорчу, манас изилдөөчү. Аскер лицейин (1961), Газы педагогикалык институтунун адабият бөлүмүн бүтүргөн (1966). Түркиянын орто жана жогорку окуу жайларында окутуучу, билим берүү, маданият министрлигинде бөлүм башчы. И. X. түрк элдеринин фольклорун жыйноо, иликтөө, жарыялоо иштеринде көп эмгек сиңирген. "Манас" дастанынын изилдениши, жарыяланышы боюнча да эмгектери бар. “Түркияда "Манас" тууралуу жарыкка чыккан эмгектер” деген көлөмдүү макаласы 56 наамдагы библиография менен жабдылган. Ал. ошондой эле “Уйгур автоном районунда "Манас" дастаны жана “Диван-и лугат-и түрк”“ (1987), “"Манас” дастаны” (1987), “"Манас" дастаны тууралуу Түркияда жана Кытайда жарыяланган эмгектер” (1987), “"Манас" дастаны тууралуу эмгектер” өңдүү бир нече эмгек жазган. Белгилүү түрк илимпозу Абдулкадыр Инан, кызыл-суулук манасчы Жусуп Мамай жөнүндө да макалалар жараткан. Айрыкча эпостун Үрүмчүдөн жарыкка чыккан нускаларынын Түркия окуучуларына жетишине И. Х-дин эмгеги зор.

Ал Анкарада (Түркия) түзүлгөн “"Манас" дастанын изилдөө борборунун” мүчөсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4