Игдален

Википедия дан

Игдален (франц. igdalen, igdalan, agdal) — Нигердин түндүк-батышында, ошондой эле Мали жана Алжирде жашаган бербер эли.
Жалпы саны 27 миң адам.

Игдалендер Малинин чыгышында жашаган идаксахак элине жакын.
Маданий көз караштан алганда, игдалендер туарегдердин бир бөлүгү болуп эсептелет.
Кел-ферван, кел-тамат жана башка уруулар менен бирге Кел-Айр конфедерациясын түзөт.

Тил

Тагдал тилинде сүйлөшөт. Француз, араб жана хауса тилдери да кеңири таралган.

Дин

Көбүнчө мусулмандар (сүннөт багытынын малики мазхабы).

Чарбалык иштер

Көчмөн мал чарбачылыгы (төө, эчки).

Тарых

Мурда алар чабандардын жана мурабит касталарда болушкан Игдалендер Сахара аркылуу түштүккө көчүп барган берберлердин ичинен биринчилерден болушкан. Алар 11-кылымдын тегерегинде Нигер дарыясынын өрөөнүнө барышкан. Азыр алар Аир платосунда жашашат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тагдал в Ethnologue. Languages of the World.
  • Bernard Surugue, Catherine Baroin, Edmond Bernus, Yveline Poncet. Du sel et des dattes: introduction a l'étude de la communauté d'In Gall et de Tegidda-n-tesemt. — Centre nigérien de recherches en sciences humaines, 1966. — 63 с. Архивировано 31 октября 2020 года.
  • Olson, James Stuart. The peoples of Africa: an ethnohistorical dictionary (англ.). — Westport, Conn.: Greenwood Press, 1996. — 681 p. — ISBN 0-313-27918-7. — ISBN 978-0-313-27918-8.