Идеялар

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Идеялар азыркы мезгилдин саясий идеалдары саясий ишмердүүлүккө мамлекетке жана саясий бийликке карата мамилелерин билдирген, ХХ кылымдын аягындагы чындыкка дал келген көз караштардын, теориялардын жана концепциялардын системасы. Азыркы мезгилдеги саясий өзгөрүүнүн теориялары үчүн материалды коомдук практикадан, социалдык мамилелердин жашоо тажырыйбасынан алышат да, төмөнкүлөр үчүн каражат катары кызмат кылышат; а) белгилүү бир идеологияны калыптандыруу; 6) инсандын социалдык катмардын же топтун, бүтүндөй коомдун тигил же бул саясий кызыкчылыктарын, аракеттерин, багыттарын билдирүү. Саясий Идеалар тигил же бул идеологиянын элементардык бөлүкчөлөрү катары эсептелип, теориялык түрдө ар кандай деңгээлдерде көрүнүшү мүмкүн жалпы адамзаттык конкреттүү коомдук же социалдык топтук Идеялар Традициалык саясий Идеялар (консерватизм, неолиберализм, социализм, коммунизм) узун тарыхка ээ болсо жаңы саясий Идеялар цивилизациянын өнүгүшүнүн бүгүнкү этабы менен байланышкан. Мунун башкы мүнөздүү белгилеринен болуп планетардуу, глобалдуулук, дүйнөнү традициялык эмес көрүү эсептелет. Азыркы мезгилдеги саясий Идеялар бүгүнкү социалдык чындыктын көп кырдуулугун жана татаалдыгын ар тараптан чагылдырган жалпы теорияларга жана окууларга (философиялык, укуктук, адептик, эстетикалык жана башка) таянышат. Ошол эле учурда алардын XX жана ХIХ кылымдын чегиндеги тизмектешкен кырдаалдарга карата өздөрүнүн саясий мамилесин көрө билүүсү керек. Алсак, күч колдонбоо идеясындагы алардын өзгөчө көрө билүүсү төмөнкүчө каралган: а) саясий талаштарды чечүүнүн жалгыз каражаты – кызматташтык; б) саясий конфликтке тартылган адамдарды аны чечүүдө массалык жана активдүү катышуусу; в) инсандын жарандык укуктарын урматтоо жана өз ара түшүнүшүүгө жетишүү; г) азыркы мезгилдин регионалдык жана глобалдык проблемаларын чечүүнүн ыкмасы. Демократия идеясы да азыркы мезгилдеги саясий Идеялардан өткөн тажрыйбаны эске алуу менен каралат, тактап айтканда, эркиндик жана адилеттүүлүк айкалышкан чыныгы социалдык-демократия катары каралат. Сөз керектөөлөрдүн, баалуулуктардын жана нормалардын парадигматикалык өзгөрүүлөрү жөнүндө болуп жатат. Бул азыркы демократия тарабынан эске алынбаган, басмырланган адамдарга карата; жарандык укуктар үчүн түндүк Америкалык кыймылда, латын америкалык жана Африкалык боштондук кыймылдарында жана адам укугу үчүн дүйнөлүк кыймылда көтөрүлүш жакырчылыкка, ачкачылыкка, адилетсиздикке карата; аялдар кыймылы көтөрүп чыккан жыныстык айырмачылыктардын ролун жаңыча кайра баалоого карата; мамлекеттин тышкы саясатына карата жаңы мамиле. Адамзаттын идеологиялык эволюциялык бүтүшү жана көптөгөн талаш-тартыш жана дискуссияларга алып келген башкаруунун универсалдуу жана бүткөн формасы катары батыштагы либералдык демократиянын жеңиши жөнүндөгү Ф. Фукуяманын идеясы акыркы убактарда кеңири таралууда. Тышкы саясатта азыркы саясий ой-жүгүртүүлөрүнүн принциптерине негизделген жаңы дүйнөлүк тартиптин калыптаныш идеясы популярдуу болуп калды. «Жаңы» улутчулдук идея (Э. Геллнер) пайда болду. Бул теорияга ылайык ХХ кылымдын аягындагы индустриалдык коомдун шартында маданият менен бийлик стандартташтырууга учурап, бирине-бири негиз катары кызмат кыла башташат жана акыры барып кошулушат. Ушундан улам, алар, чынында эле азыркы дүйнөдө биз байкагандай, саясий картадагы өзгөрүүлөргө алып келет. Азыркы мезгилдеги саясий Идеяларды иштеп чыгууда теологдор активдүү катышууда. Саясий турмушта көптөгөн терс көрүнүштөрдү жараткандыгы үчүн атеизмге саясий күнөөлөр коюлууда. Акыркы жылдардагы мусулмандык фундаментализмдин жанданышы (өзгөчө коммунисттик режим кулап, марксизм-ленинизм мамлекеттик идеология болбой калгандан кийинки мезгилдерде) азыркы саясий Идеяга жана саясий аракеттер менен кыймылдарга өз таасирин тийгизүүдө. Экологиялык кризиске байланыштуу көптөгөн саясий Идеялар иштелип чыгууда. Илимий-техникалык революцияга байланышкан бир катар жаңы идеялар, теориялык концепциялар бар. Технократтык аң сезимдин өнүккөн, ар кандай саясий мазмундан обочолонгон идеология пайда болот. ХХ кылымдын саясий партияларсыз саясат концепциясы көрсөтүлдү, муну кээ бир өлкөлөрдөгү шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнөн да байкаса болот. Азыркы мезгилдеги саясий Идеяларда маанилүү орунду төмөнкүлөр ээледи: геосаясат жана глобалистика, дүйнөлүк саясаттын, саясий интеграциянын, чектелген укуттук суверенитеттин субъектилеринин өз ара байланышы жана өз ара көз карандылыгы концепциясы; саясий жана этносаясий конфликтология; жаңы саясий мейкиндик жана саясий убакыт азыркы коомдорду саясий модернизациялоо идеясы; Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк мамилелерине карата жаңы көз караштар жана башка.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9