Идиома

Википедия дан

Идиома (грекче - өзгөчөлүк, өзүнчөлүк,бөтөнчөлүк) – эки же андан ашык сөздөн түзүлүп, жалпы мааниси ошол сөздөрдүн жеке мааниси менен тике байланышпастан, көбүнчө өтмө мааниде колдонулуп, ошол тил үчүн гана мүнөздүү болгон, башка тилдерге которулбаган, тутумундагы сөздөрдү ажыратып кароого мүмкүн болбогон туруктуу сөз айкаштары. Оозеки сүйлөшүүдө, публицистикалык жана көркөм адабияттын стилинде колонулат. Кыргыз тилинде, мисалы, “мурдун балта кеспеген”, “колтугуна суу бүркүү” деген сыяктуу идиомалык айкаштар бар. Идиомалар жазуучунун сөз байлыгын таасирдүү кылат жана көркөмдөйт, чыгармага улуттук мүнөз берет, каармандардын жекече сапаттарын тереңирээк ачууга көмөктөшөт.

Адабият:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шериев Ж., Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3