Избаскен кени

Википедия дан

Избаскен кениЖалалабад облусунун Ноокен районундагы мунай жана газ чыгуучу жер. Жалал-Абад шаарынан 55км түндүк-батыш тарапта, Фергана өрөөнүнүн түндүк- батыш ында. Мунайдын табигый түрдө агып чыгышы жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1946-жылдан геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, 1950-жылдан мунай, 1957-жылдан күйүүчү газ алына баштаган. Кен аймагында неоген мезгилинде пайда болгон конгломерат, кумдук, чопо , палеогендин акиташ теги, чопо катмарлары бар. Мунай палеоген тоо тектериндеги кумдуктун арасында 4 горизонтту түзүп жатат. Кен аянты 1,0х0,5-7,0х1,0км. Мунай 2400мге чейинки тереңдикте кезигет. Салыштырмалуу салмагы 0,849- 0,870г/см, илээшкектиги 5,2-9,6 , күкүртүүлүгү 0,04- 0,12%. Составындагы асфальтген 0,5-1,66%, кокс 3,03-5,55% , акциз чайыры 16-50%. Газ бор мезгилинин аягында пайда болгон тоо тек катмарында топтолгон. Мында газдын өнөр жай маанидеги 8 горизонту бар. Аянты 2,0х0,5км. Кенден жылына 56,7 миң т.мунай 6,6 млн м газ алынат.