Изилдөө реактору

Википедия дан

Изилдөө реактору - нейтрондордун жана ү-нурунун булагы болуп, илим менен техниканын түрдүү тармагында кеңири изилдөө иштерин жүргүзүүгө арналган ядролук реактор.

Изилдөө реакторунда ядролук жана нейтрондук физика, катуу нерселердин физикасы, ядролук жана радиациялык химия, материал таануу, биологиялык, медициналык боюнча илимий изилдөө иштери жүргүзүлөт; долбоорлонуучу энергетикалык реакторлордун жылуулук бөлүп чыгаруучу элементтери жана реактор курууга арналган конструкциялык материалдар сыналат.

Изилдөө реакторунда материалды талкалабастан курамындагы химиялык элементтин эң аз (10_6 мгк) санын аныктоого мүмкүндүк берүүчү активациялык анализ ыкмасы иштелип чыккан. Изилдөө реактору бөлүнүүчү материал жайгашкан активдүү зонага ээ. Жылуулук нейтрондор менен иштеген реактор нейтрондорду жайланткыч (кадимки же оор суу, графит, бериллий ж. б.) менен жабдылган. Активдүү зонанын ичине жылуулукту бөлүп алуучу түзүлүш жайгаштырылган. Активдүү зонаны айланта нейтрон чагылткыч жасалат. Реактордун биологиялык зыяндуу таасири эске алынып, ал атайын катмар менен капталган. Чоң ылдамдыктагы нейтрондорду аралаштырбай, жылуулук нейтрондордун кубаттуу агымын алуу үчүн жылуулук колонна деп атал

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.