Изотропия

Википедия дан

Изотропия (изо... жана гр. troposбагыт) нерсенин бардык багыттары боюнча физикалык касиеттеринин бирдейлиги.

Изотропия анизотропиянын маанисине карама-каршы. Газ, суюк жана катуу нерселер аморфтуу абалда бардык физикалык касиеттери боюнча изотроптуу. Кристаллдарда Изотропиянын физикалык касиеттеринин көпчүлүгү анизатроптуу. Кристаллдын симметриясы канчалык жогору болсо, касиеттеринин көбү ошончолук изотроптуу. Жогорку симметриялуу кристаллдардын (алмаз, германий, аш тузунун) серпилгичтиги, бекемдиги, электр-оптикалык касиеттери анизотроптуу, бирок жарыктын сынуу көрсөткүчү, электр өткөргүчтүгү, жылуулуктан кеңейүү коэффициенти ж. б. изотроптуу. Бир тектүү поликристаллдар бардык касиеттери боюнча изотроптуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.