Ийри сызыктуу координаталар

Википедия дан

Ийри сызыктуу координаталар, Гаусс координаталары мейкиндиктеги (же тегиздиктеги) координата сызыктары (u, v) ийри сызыктары болгон координаталар. Ийри сызыктуу координаталарды биринчи жолу голландиялык математик Я. Бернулли (1691) пайдаланган, бир жылдан кийин немис окумуштуусу Г. Лейбниц координата деп атаган. Мейкиндиктеги ийри сызыктуу координаталарды жана алардын аталышын франциялык математик Г. Ламе (1833) киргизген. Ийри сызыктуу координаталар системасы тик бурчтуу координаталар системасынын жалпы түрү. Бетке ийри сызыктуу координаталарды киргизүү дифференциал геометриясынын методдорунун жардамы менен беттин геометриялык каспеттерин изилдөөгө мүмкүндүк түзөт, интегралдарды эсептөөнү жеңилдетет. Эгерде координата сызыктары D облусунун ар бир чекитинде өз ара перпендикулярдуу болсо, анда ийри сызыктуу координаталар ортогоналдуу деп аталат. Ортогоналдуулуктун зарыл жана жеткиликтүү шарты: (ek, e ) = 0, мында k Ф m. Мейкиндикте биосфералык, бицилиндрдик жана тордук координаталар, конустук, параболалык, сфералык, цилиндрлик, эллипстик координаталар ортогоналдуу ийри сызыктуу координаталар болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]