Карл Фридрих Гаусс

Википедия дан
Гаусс.

Иоганн Карл Фридрих Гаусс - (30.04.1777, Брауншвайг - 23.02.1855, Гёттинген) немис математиги, астрономия жана геодезияга негиз салуучулардын бири. 1807-ж. Гёттинген университетинин профессор жана Гёттинген астрономия обсерваториясынын директору. Гаусстун эмгектери жогорку алгебраны, сандар теориясын, дифференциалдык геометрияны, тартылыш теориясын, электр жана магнетизмдин классикалык теориясын, геодезияны, теор. астрономиянын бир катар тармактарын өркүндөтүүгө зор таасирин тийгизген. Анын алгачкы эң көлөмдүү эмгеги сандар теориясы менен жогорку алгебрага арналган. Астрономияда Грусстун (1800-20) эмгектери кичине планеталардын орбиталарын аныктоо проблемаларын чечүүгө жана алардын козголушун изилдөөгө байланыштуу болгон. Немис илимпозу В. Вебер менен бирдикте электр-магниттик телеграфты ойлоп чыгарган. Ал Евклиддик эмес геометрияны (1818) түзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]