Икер Касильяс

Википедия дан

Икер Касильяс Фернандес (исп. Iker Casillas Fernández) - 20-май 1981-ж. туулган испан Ла Лигалык Реал Мадрид клубу жана Испан улуттук футбол курама командасында ойногон дарбазачы, клуб жана испан курама командасынын капитаны. 2008-жылы Касильяс башында турган Испан улуттук курама командасы 44 жылдан бери багынта албаган Европа Чемпиондугун, андан соң 2010-жылы Испаниянын алгачкы Дүйнөлүк Чемпиондор наамын жеңип алды, ал эми Касильяс эки турнирдирдин эң мыкты дарбазачысы болду. 2012-жылы Европа Чемпионатынын финал оюнунда Испания Италияны 4-0 эсепке утуп, катарынан үч турнирдин жеңүүчүсү болду. Бул ийгиликке испандардан мурун эч ким жеткен эмес эле. Икер футбол тарыхындагы эң мыкты дарбазачылардын санына кирет. Өзүнүн жоош жана оор басырыктуу мүнөзү ага "Сан Икер", мындайча айтканда "Ыйык Икер" лакабына себеп болду. Касильяс катарынан үч ири турнирди жеңген команданын дарбазачысы жана капитаны болгон алгачкы футболист.

Касильяс Жылдын мыкты европалык футболисти деген наамга эки жолу көргөзүлүп, 2008-жылы төртүнчү орунду ээлеген, ал эми 2009-жылы эң көп добуш алган дарбазачы болду.[1] 2009-жылдын аягында УЕФА жылдын командасы курамына катарынан үчүнчү жолу кирди. 2011-жылга карай Касильяс клуб деңгээлинде жана улуттук курама команда менен бардык чемпиондук наамдарды утуп алууга жетишкен абдан аз адамдардын санына кирет. 2010-жылы ал Астурия Принци берген Спорт сыйлыгына көрсөтүлгөн. 2010-жылдын 19-октябрында УЕФА Чемпиондор Лигасынын тарыхындагы эң көп жолу оюнга чыккан дарбазачы жана 2011-жылдын ноябрь айында испан улуттук курама командасынын эң көп жолу чакырылган оюнчусу болду.[2]

Эзелки жылдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Касильяс 1981-жылы 20-май күнү Мадрид автономиясына кирген Мостолес шаарчасында Билим берүү министрлигинин кызматкери Хосе Луис Касильяс жана чач тарач Мария дель Кармен Фернадес Гонсалестин үй-бүлөсүндө туулган.[3] Ата-энеси экөө тең кичи мекени болгон Навалакрус, Авиладан чоң шаарга көчүп келген.[3] Кичинекей кезинде Икер бир нече жыл Баск Өлкөсүндө жашаган, бирок ал дайым Мадридди өз кичи мекени катары көргөн. Касильястын Унаи аттуу Мостолесте орто жарымкоргоочуну ойногон иниси бар.[4]

Бала кезинде, бир дем алыш күнү Икер атасы алдын ала айткан футбол матч жыйынтыктарын жазууга унутуп койгон, ошол күнү Икердин атасы бардык 14 оюндун эсебин туура тапкан эле. Алар божомол менен бир миллион евро утпай калган.[5]

Реал Мадрид[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Касильяс Реал Мадрид академиясынын эң кичүү командасында 1990–91 сезонунда ойной баштады. 1997-жылдын 27-ноябрында, 16 жашка чыккан Касильяс биринчи командага Русенборг менен Чемпиондор Лигасынын оюнуна чакырылган, бирок ал 1998–99 сезонунда гана Бодо Иллгнердин ордуна чыгып биринчи матчын ойноду. Кийинки сезондо Икер Иллгнерди запаска жөнөтүп, команданын биринчи дарбазачысы болду.[6] 2000-жылы, он тогуз жашка толгонунан төрт эле күн өткөн соң, ал Реал Мадрид Валенсияны 3-0 эсепке жеңген Чемпиондор Лигасы финалында ойноп, бул турнирдин финал оюнуна катышкан эң жаш дарбазачы болду.[7]

Касильяс Сантьяго Бернабеу стадионунда

2001-2002 сезонунда бир нече ийгиликсиз оюндардан улам Касильяс негизги дарбазачы ордун Сесар Санческе алдырып жиберди, бирок 2002 Чемпиондор Лигасынын финал оюнунун акыркы мүнөттөрүндө Санчес жабырканып, Икер өз ордуна кайрадан келүүгө мүмкүнчүлүк алды. Касильяс чыгып, бир канча укмуш сэйв жасап, каардуу күрөшкөн Байер Леверкузенге Чемпиондор Лигасынын таажысын кийүүгө жол бербеди. Реал Мадрид 2-1 эсеби менен утту, ал эми Икер ошол маалдан бери биринчи дарбазачы болуп келе жатат.

2007-2008 сезону Касильяс үчүн натыйжалуу болду: ал Реал Мадриддин 31-чи Ла Лига чемпиондук наамын жеңүүсүнө өз салымын кошту жана 36 оюнда 32 гана топ өткөрүп, Самора Трофейине ээ болду. 2008-жылдын 14-февралында ал жана ошол маалдагы команда капитаны Рауль Гонсалеске мөөнөтсүз контракт сунушталган. Касильяс клуб менен 2017-жылына чейин клаусуласы 140 миллион евро болгон контракт түзгөн, ал эми эгер Икер контракттын акыркы жылында 30 матч ойносо, контракт автоматтык түрдө уланат.[8][9] Анын жакшы оюну кайрадан УЕФА жылдын командасынын курамына кирүүгө негиз болуп берди.

2009-жылдын февраль айында Касильяс жыйырма жети жашында Пако Буйонун Реал Мадрид үчүн дарбазачы болуп 454 ойногон матч рекордуна жетип, ошондон бери Реал Мадрид тарыхындагы эң көп оюнга чыккан дарбазачысы болуп келе жатат.[10] 2009-жылы жайкы трансфер терезеси маалында кээ бир испан ММклары Манчестер Сити дарбазачыны рекорд 129 миллион стерлинг фунту баасына сатып алууну каалайт деген кабарды тараткан. Анткени менен, клуб мындай сунуштар келди деген ушактарды четке каккан. Манчестер Юнайтеддин Касильяска кызыгуусу бар деген да ушактар болгон, бирок белгиленген бир баа ачык айтылган эмес.[11] ММКлар башка Премьер-Лига клубдары менен байланыштыруусуна карабастан [12] Касильяс өзүнүн балалыгынан бери ойноп келген клубдан "кетүү жөнүндө ой да жок" экендигин билдирген.

2009–10 сезонунда 4-октябрьда Севилья менен ойнолгон матчта Касильяс ажайып сэйв кылды: ал дарбазанын бир четинен экинчи четине чуркап барып, Диего Перотти бирге-бир чыгуусунда узаткан соккусун кайта урууга жетишкен. Оюндан кийин башка испан дарбазачылар Касильясты аябай макташкан, ал эми жана Англия курама командасынын дарбазачы Гордон Бэнкс да мактоо сөзүн айткан: "Касильястын рефлекстери укмуш. Эгер ал ушундай сонун ойногонун уланта берсе, футболдун бүткүл тарыхындагы эң мыкты дарбазачылардан бири болууга жетишет".[13] Europa Press 2010-жылы Касильяс интернеттеги эң көп кеп болгон испан спортсмендердин экинчиси болду деп жазган. Vipnet360 компаниясы өткөргөн изилдөө Facebook, Twitter жана YouTube сыяктуу көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө ээ сайттардагы маалыматтар боюнча өткөрүлдү.[14]

2011–12 сезонунда Касильяс IFFHS "Мыкты Дарбазачы" наамын төртүнчү жолу алып, футбол тарыхында мындай ийгиликке жетишкен алгачкы дарбазачы болду.

2012-жылдын 22-январьда Атлетик Бильбао менен болгон кездешүү Касильястын Реал Мадрид үчүн 600-оюну болду.

2012-жыл 2-майда Реал Мадрид Сан-Маместе Атлетик Бильбаону 3-0 утуп, Касильяс бешинчи жана Рауль кеткенден бери капитан катары биринчи Ла Лига чемпиондук наамын жеңип алды.

Эл аралык турнирлердеги карьера[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Касильяс улуттук курама команда үчүн U-17 деңгээлинде ойной баштаган. 16 жашка толгон Икер Египеттеги өткөн 1997 FIFA U-17 Дүйнөлүк Чемпионатындагы үчүнчү орунду ээлеген испан курама командасынын эң жаш оюнчусу эле. Бул турнирден соң ал U-17 испан курама командасынын капитаны болуп дайындалды. Мындан эки жыл кийин Икер FIFA Жаш оюнчулар арасындагы Дүйнөлүк Чемпионатынын жана ошол эле жылы УЕФА-КАФ Меридиан Кубогунун жеңүүчүсү болду. Башынан команданын экинчи дарбазачысы болгон Касильяс өзүнүн талыкпас эмгеги менен биринчи орунду өзүнө багындырып, клуб деңгээлинде бир нече жолу жакшы оюн өткөргөн соң биринчи жолу испан улуттук курама командасына чакыруу алды.

Икер Касильяс испан курама командасы катарында

Азыркы маалда Касильяс испан курама командасына эң көп жолу чакыруу алган оюнчу болуп келе жатат. Алгачкы эл аралык деңгээлдеги профессионалдык оюну 2000-жылдын 3-июнунда өткөрүлгөн Швеция-Испания матчы (ошол маалда Икерге 19 жаш жана 14 күн толгон) болуп, ал эми Евро 2000де Касильяс оюнга чыкпаган оюнчулардан бири болду. 2002 Дүйнөлүк Чемпионатындагы испан курама командасынын тизмесине кирген Касильяс алгач Сантьяго Каньисарестин орун басары катары алынган. Анткени менен, Каньисарес ыксыз бир окуянын натыйжасында жаракат алуусунан улам турнирге катышуудан баш тартып, Икер команданын биринчи дарбазачысы болуп калууга мүмкүнчүлүк алды. 21-жашындагы Касильяс чемпионаттагы башкы дарбазачылардын эң кичүүсү болду. Ал Испаниянын турнирдеги жетишкендиктерине чоң салым кошту: 1/8 финалда Ирландия Республикасы менен матч жыйынтыксыз аяктаганынан берилген пенальтилердин экөөсүн тосуп, "Ыйык Икер" лакабын биринчи жолу уккан. 2002 FIFA Дүйнөлүк Чемпионатындагы Түштүк Корея менен 1/4 оюнунда Икер жасаган бир сэйв FIFA тарабынан футбол тарыхындагы эң мыкты 10 сейвдердин тизмесине орун алды.[15]

Касильяс 6-чы топтун Euro 2004кө бардык сегиз тандоо оюндарына катышып, өз дарбазасына төрт эле гол өткөрүп жиберди. Ал тандоо бөлүгүндө Норвегия менен ойнолгон плей-офф матчтардын Ослодо 3–0 эсепке аяктаган экинчи оюнунда бир да гол өткөрбөй, Испаниянын Евро 2004төгү бардык оюндарына чыкты. Касильяс 2006 FIFA Дүйнөлүк Чемпионатына да башкы дарбазачы катары келди, жадакалса улуттук команданы эки жолу капитандык повязка менен алып чыкты, бирок Ла Роха ны 1/8 финал оюнунда башында Зидан турган Франция курама командасына 3-1 эсеп менен утулушунан куткара албады.

Реал Мадридде бирге ойногон Рауль Eвро 2008ге чакыруу албаганынан улам капитандык повязка Икерге берилген. Ал D тобундагы Орусия жана Швеция менен ойнолгон матчтарга катышып, Греция менен болгон оюнунда эс алып, анын ордуна экинчи дарбазачы Пепе Рейна чыккан. 22-июнбда өткөн Испания-Италия 1/4 финал оюнунда негизги жана кошумча убакыт жыйынтыксыз аяктап, пенальти сериясында Касильяс Антонио ди Натале жана Даниэле де Росси аткарган соккуларды кайтарып, Испания пенальтиден 4-2 эсеп менен жарымфиналга жолдомо алды.[16] Испания кийин 29-июньда өткөн финал оюнунда Германияны 1-0 уткан; ал эми Икер 1/4 финал, жарымфинал жана финалда өз дарбазасына гол киргизбей ойноду, группалык этапта Испания-Швеция кездешүүсүндө Златан Ибрагимович сайган гол Касильяс үчүн ушул турнирде өткөрүп жиберген эң акыркы гол болду. 2008-жылдын 29-июнунда Испания Германияны 1-0 эсепке жеңип, Икер Касильяс капитан катары УЕФА Европа Чемпионатынын кубогун көтөргөн алгачкы дарбазачы болду.[17]

Касильяс Испания жеңген ФИФА 2010 Дүйнөлүк Чемпионатында команда капитаны болгон.

2008-жылдыноктябрь айында Касильяс жана анын алмаштыруучусу Пепе Рейна гол өткөрбөстөн узак мөөнөт ойноо боюнча мурунку улуттук рекордун бузуп, жаңысын койду. Бул экөө 710 мүнөт гол өткөрбөстөн ойноду, бул көрсөткүч Испаниянын эң көп ойногон дарбазачылары Андони Субисаррета жана Пайо Буйого таандык мурдагы рекорддон ашкан.[18] Бельгиялык Уэсли Сонк бул гол такырчылыгын 2010 Дүйнөлүк Чемпионатка тандоо оюнунда испандарга сайган голу менен аяктады.

2008-жылы Касильяс Алтын топко номинация алган дарбазачылардан эң бийик орунду алды - ал Криштиану Роналду, Лионель Месси жана улуттук командада бирге ойногон Фернандо Торрестен кийин келип, 4-орунду ээлеген. Ошол эле 2008-жылы IFFHS Икерди дүйнөдөгү эң мыкты дарбазачы деп атады.[19] Буга кошумча, ал футбол тарыхындагы мыкты дарбазачылардын тизмесинде Оливер Кандан ашып, үчүнчү орунга чыкты.[19]

2009-жылдын 5-октябрында Дүйнөлүк Чемпионатка тандоо оюнунда Испания Бельгияны 5-0 эсебине утуп, Касильяс Андони Субисарретанын 56 "кургак" матч рекордуна жеткен,[20] ал эми 9-октябрда Эстония менен кездешкен Испан улуттук курама командасынын кийинки оюнунда Икер Субисареттанын көрсөткүчүнөн ашып, Испания курама командасынын эң көп "кургак" матч өткөргөн дарбазачысы болду (мындай ийгиликке Касильяс улуттук команда менен 98-оюнунда жеткен, ал эми Субисаррета өз карьерасында улуттук курама команда үчүн 126 матч ойногон).[20] Эки ай соң Касильяс улуттук курама командасы үчүн 100-матч ойноду жана испан футбол тарыхында эл аралык дэңгээлде мындай санга жеткен үчүнчү оюнчу болду, бул жетишкендик Испания-Аргентина жолдоштук оюнунда катталды.[21]

2010-жылдын 11-июлунда испандар 1-0 эсепке Голландияны жеңип, капитаны Икер Касильяс болгон Испания улуттук курама командасы алгачкы жолу Дүйнө Чемпиондору болду.[22] Ал эми Касильяс Дүйнөлүк Чемпионатты капитан даражасында жеңген үчүнү дарбазачы болду (мындай жетишкендик 1934-жылдын чемпиону италиялык Джанпьеро Комби жана 1982-жылы чемпион болгон Дино Дзофф ко да таандык). Ал турнирдин эң мыкты дарбазачысы катары тандалып Алтын Мээлейдин ээси болду.[23] Түштүк Африкада болгон плей-офф оюндарында ал 5 "кургак" матч ойноп, 2 гана гол өткөрүп жана 1/4 финал оюнунда Парагвай соккон пенальтисин кайтарды. Финал оюнунда Икер 0-0 эсепте голландиялык Арьен Роббен эки жолу бардык коргоочуларды алдап өтүп, урган соккуларын да кайтарды.

2011-жылдын 15-ноябрында Испания Коста-Рика менен 2-2 эсепке ойногон матчка катышып, Касильяс Испания улуттук курама командасынына эң көп жолу чакырылган оюнчусу болду жана Андони Субисарретанын рекордун ашты.

2012-жылдын 29-февралындагы Испания Венесуэланы 5-0 эсеби менен утушунда Касильяс Эдвин ван дер Сардын 72 "кургак" матч рекордуна тең келди. 30-майда Испания Түшүк Корея менен 4-1 ойноду, ал эми Икер оюндун 82-мүнөтүндө Пепе Рейнанын ордуна чыкты. Бул оюнга чыгуу менен Касильяс улуттук курама команда менен 95 матчта жеңүүчү болуу жана өз атына дагы бир рекорд жазууну демек эле. 6-июньда Испаниянын Кытайды 1-0 утушу менен Икер эл аралык денгээлде 74 кургак матч өткөрүү рекордун койду.

Ал эми 2012-жылдын 1-июлунда ал улуттук курама команда менен 100 матчта жеңүүчү болуп чыккан алгачкы футболист болду да, ошол эле жылкы Европа Чемпионатында 509 мүнөт ичи гол киргизбегей, 494 мүнөттөн турган италиялык дарбазачы Дино Дзоффтун буга чейинки рекордун ашты жана жаңы рекордду өз атына жазды.


Демөөрчүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2012-жылдын январь айында Касильяс adidas менен демөөрчүлүк келишимге кол коюп, бул фирма чыгарган Response дарбазачы мээлейин жана Predator бутсыларын кийүүгө макулдугун берди.[24] Бул келишим Икердин көпкө созулган Reebok фирмасы менен өнөктөштүгүн аяктады. 2005-жылдын февраль айында Касильяс Reebok "Мен кандай болсом, ошонодоймун" аттуу бренддин бардык маркетинг иш-аракеттерин бириктирген ири жарнак кампаниясынын футбол жагындагы өкүлү болчу. [25]

Статистика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Клуб деңгээлинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Клуб Сезон Лига Кубок Европа Башкалар Жалпыдан
Оюнга чыгуу ӨГ Оюнга чыгуу ӨГ Оюнга чыгуу ӨГ Оюнга чыгуу ӨГ Оюнга чыгуу ӨГ
Реал Мадрид
1999–2000 29 23 5 1 12 19 3 5 49 48
2000–01 34 37 0 0 11 15 2 4 47 56
2001–02 25 27 5 5 9 7 1 0 40 39
2002–03 38 42 0 0 15 21 2 1 55 64
2003–04 37 50 2 1 9 10 2 2 50 63
2004–05 37 31 0 0 10 11 0 0 47 42
2005–06 37 38 4 6 7 7 0 0 48 51
2006–07 32 16 0 0 7 10 0 0 45 50
2007–08 36 32 0 0 8 13 2 6 46 51
2008–09 38 52 0 0 7 10 2 5 47 67
2009–10 38 35 0 0 8 9 0 0 46 44
2010–11 35 32 8 2 11 6 0 0 54 40
2011–12 37 31 4 6 10 7 2 5 53 49
Бардыгы 451 446 28 21 124 145 16 28 625 667

Эл аралык деңгээлде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуттук курама
команда
Жыл Жолдоштук оюндар Дүйнөлүк чемпионат Европа Чемпионаты Конфедерациялар Кубогу Жалпыдан
Оюнга чыгуу ӨГ Оюнга чыгуу ӨГ Оюнга чыгуу ӨГ Оюнга чыгуу ӨГ Оюнга чыгуу ӨГ
Испания 2000 3 3 3 2 0 0 0 0 6 5
2001 3 2 2 0 0 0 0 0 5 2
2002 4 1 5 5 2 0 0 0 11 6
2003 3 1 1 2 6 4 0 0 10 7
2004 6 3 3 1 3 2 0 0 12 6
2005 1 0 9 4 0 0 0 0 10 4
2006 4 3 3 4 3 5 0 0 10 12
2007 1 0 0 0 8 3 0 0 9 3
2008 7 1 2 0 6 2 0 0 15 3
2009 4 1 5 4 0 0 4 4 13 9
2010 5 7 7 2 3 3 0 0 15 12
2011 7 5 0 0 4 2 0 0 11 7
2012 4 0 0 0 2 1 0 0 6 1
Бардыгы 52 27 40 24 37 22 4 4 133 77

Сыйлыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Клуб[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Реал Мадрид
  • Ла Лига чемпиондугу (5): 2000–01, 2002–03, 2006–07, 2007–08, 2011–12
  • Корол Кубогу (1): 2010–11
  • Испания Суперкубогуa (3): 2001, 2003, 2008
  • УЕФА Чемпиондор Лигасы (2): 1999–2000, 2001–02
  • УЕФА Суперкубогу (1): 2002
  • Интерконтиненталдык Кубок (1): 2002

Өлкө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Испания-20
  • ФИФА Жаш оюнчулар Дүйнөлүк Чемпионаты: 1999
Испания
  • ФИФА Дүйнөлүк Чемпионат: 2010
  • УЕФА Европа Чемпионаты (2): 2008, 2012
  • ФИФА Конфедерациялар Кубогу: Үчүнчү орун 2009

Жеке[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Bravo сыйлыгы: 2000
  • Ла Лиганын эң жарык жаңы оюнчусу: 2000
  • UEFA Жылдын мыктылар командасы: 2007, 2008, 2009, 2010, 2011[26]
  • Самора Олжосу: 2007–08
  • UEFA Европа Чемпионатынын мыктылар командасы: 2008[27]
  • ESM Жылдын мыктылар командасы: 2008
  • FIFA/FIFPro Дүйнөлүк XI: 2008, 2009, 2010, 2011
  • FIFPro#FIFA FIFPro Дүйнөнүн эң мыкты дарбазачысы: 2008, 2009, 2010, 2011
  • IFFHS Мыкты дарбазачы: 2008, 2009, 2010, 2011
  • Эң мыкты европалык дарбазачы: 2008, 2010
  • FIFA Дүйнөлүк Чемпионатынын АЛтын Мээлей сыйлыгы : 2010 [28]
  • FIFA Дүйнөлүк Чемпионатынын Жылдыздар командасы: 2010
  • UEFA Европа Чемпионатын уткан капитан: 2008, 2013
  • FIFA Дүйнөлүк Чемпионатты уткан капитан: 2010

Артыкчылыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Спортко сиңирген эмгеги үчүн Корол Орденинин Алтын Медалы: 2009[29]
  • Навалакрустун эң сүймөнчүл уулу: 2010 [30]
  • Мостолестин эң сүймөнчүл уулу: 2010 [31]

Футбол тышында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке турмушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2009-жылдан бери Икер Касильяс испан спорт журналисти Сара Карбонеро менен мамиле куруп келе жатат.[32] Avenida Iker Casillas [Икер Касильяс көчөсү] - бул Испаниянын Мадрид автономиясындагы Мостолес шаарындагы көчө. 2011-жылдын 5-январында Avenida de los Deportes [Спорт көчөсү] аттуу көчө Мостолесте туулган Икер Касильястын урматына өзгөртүлгөн.

Кайыр-садага иштер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-жылы Икер Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Миң жылдыктын өнүгүү максаттары долбоорунун Ак Ниет Элчиси болуп дайындалды.[33][34]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. lvi1529@SZ71-60674. Results men for FIFA.com by Player.xls (PDF). Текшерилген күнү 9 -июль (теке) 2012. Түп булактан архивделген күнү 15 -май (бугу) 2019.
  2. Bryan, Paul Winning feeling all that counts for Casillas. UEFA.com (18 October 2010). Текшерилген күнү 20 -октябрь (тогуздун айы) 2010.
  3. 3.0 3.1 Iker Casillas, portero del Real Madrid. El Mundo.
  4. get to know… Unai Casillas. Una Madridista (28 September 2010). Текшерилген күнү 9 -ноябрь (жетинин айы) 2010.
  5. Iker Casillas, BBC Sport. Архивировано из первоисточника 14 -июль (теке) 2012. Текшерилген күнү 15 -июль (теке) 2010.
  6. Casillas' first squad list. realmadrid.com (11 August 2009). Текшерилген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2011.
  7. Iker Casillas Ferández Profile, Statis, News, Game Log. ESPN Soccernet. Текшерилген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2011. Түп булактан архивделген күнү 13 Апрель 2010.
  8. Casillas and Raul commit to Real, Sky Sports (14 February 2008). Текшерилген күнү 7 -май (бугу) 2009.
  9. Forever white – Raúl and Casillas sign lifelong contracts with Real Madrid. Realmadrid.com (14 February 2008). Текшерилген күнү 27 -июнь (кулжа) 2008.
  10. Casillas secures place in Madrid folklore, uefa.com (9 February 2009). Текшерилген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2011.
  11. Robson, James City deny Casillas bid. Manchester Evening News (3 December 2008). Текшерилген күнү 20 -октябрь (тогуздун айы) 2010.
  12. Iker Casillas in the dark over Tottenham link, The Telegraph (15 November 2007). Текшерилген күнү 20 -октябрь (тогуздун айы) 2010.
  13. Praise for Casillas. realmadrid.com (7 October 2009). Текшерилген күнү 8 -октябрь (тогуздун айы) 2009.
  14. Iniesta, Torres, Nadal y Alonso, deportistas españoles más importantes en Internet (Spanish), Europa Press (27 December 2010).
  15. FIFA Жүзжылдык маарекеси (1904–2004) DVD
  16. McNulty, Phil. Spain 0–0 Italy (4–2 pens), BBC News (22 June 2008). Текшерилген күнү 5 -январь (үчтүн айы) 2010.
  17. Germany 0–1 Spain: Torres ends Spain's pain. Soccernet (29 June 2008). Текшерилген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2011. Түп булактан архивделген күнү 12 Апрель 2012.
  18. O'Donnell, Michael J Casillas: Scoreless streak. Real Madrid C.F (12 October 2008). Текшерилген күнү 7 -май (бугу) 2009.
  19. 19.0 19.1 Ingo Faulhaber. IFFHS. Iffhs.de. Текшерилген күнү 7 -май (бугу) 2009.
  20. 20.0 20.1 RealMadrid.com. Another Record Established. RealMadrid.com (7 September 2009). Текшерилген күнү 9 -сентябрь (аяк оона) 2009.
  21. Alonso bags brace as Spain underline World Cup credentials. ESPN Soccernet (14 November 2009). Текшерилген күнү 8 -июль (теке) 2010. Түп булактан архивделген күнү 23 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  22. Iniesta sinks Dutch with late strike, ESPNsoccernet, ESPN (11 July 2010). Архивировано из первоисточника 13 -июль (теке) 2010. Текшерилген күнү 13 -июль (теке) 2010.
  23. http://www.miamiherald.com/2010/07/11/1725927/spains-casillas-wins-golden-glove.html Калып:Dead link
  24. adidas sign Iker Casillas from Reebok, FootballBoots.co.uk. Архивировано из первоисточника 23 -март (жалган куран) 2012. Текшерилген күнү 16 -январь (үчтүн айы) 2012.
  25. Калып:Citenews
  26. Team of the Year 2011 announced. uefa.com (18 January 2011). Текшерилген күнү 19 -январь (үчтүн айы) 2011.
  27. Spain dominate Team of the Tournament. UEFA.com (30 June 2008). Текшерилген күнү 30 -июнь (кулжа) 2008. Түп булактан архивделген күнү 31 -август (баш оона) 2008.
  28. Golden awards for top FIFA World Cup Trio. FIFA.com (15 December 2010). Текшерилген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2011. Түп булактан архивделген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2012.
  29. El CSD concede a Casillas la Medalla de Oro de la Real Orden del Mérito Deportivo (Spanish). As.com (15 November 2009). Текшерилген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2011.
  30. Casillas se emociona tras ser nombrado Hijo Predilecto de Navalacruz (Spanish). marca.com (30 August 2010). Текшерилген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2011.
  31. Iker Casillas será nombrado Hijo Predilecto de Móstoles el próximo 16 de septiembre (Spanish). As.com (30 August 2010). Текшерилген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2011.
  32. Iker Casillas in spotlight over girlfriend role, BBC News (17 June 2010). Текшерилген күнү 17 -июнь (кулжа) 2010.
  33. Икер Касильяс жаңы Ак Ниет Элчиси болуп дайындалды Archived 2011-04-14 at the Wayback Machine. Content.undp.org (2011-01-24). Retrieved on 2012-03-17.
  34. Испания курама командасынын дарбазачысы Касильяс Бириккен Улуттар Уюму Ак Ниет Элчиси катары жакырчылык менен күрөшүүгө даяр. Un.org (2011-01-24). Retrieved on 2012-03-17.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. HISTORIA DEL FÚTBOL ESPAÑOL, SELECCIONES ESPAÑOLAS ISBN 978-84-8229-123-9

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]