Реал Мадрид (футбол клубу)

Википедия дан
Испaния желеги Реал Мадрид
Расмий
аталышы
Real Madrid Club de Fútbol[1]
Негизделген 1902
Стадиону Сантьяго Бернабеу
Стадиондогу орун 88,454
Президенти Флорентино Перес
Капитаны Серхио Рамос
Сайты www.realmadrid.com
Мелдеши Примера; Чемпиондор Лигасы
2020/21 2.
Форма
Негизги
формасы
Форма
Негизги
формасы
Форма
Негизги
формасы
2016-17

Көпчүлүккө Реал Мадрид катары белгилүү Реал Мадрид футбол клубу (исп. Real Madrid Club de Futbol ) Испаниянын Мадрид шаарында жайгашкан профессионалдык футбол клубу. Ал 1902 жылы Мадрид Футбол Клубу деген аталыш менен негизделген жана ошондон бери үйдөгү оюндарда адатта ак форма кийип келет. Реал сөзү испан тилинде падышалык, падышаныкы дегенди билдирет жана 1920-жылы клубка ошол маалдагы испан королу Альфонсо XIII тарабынан клуб эмблемасындагы корона менен кошо ыйгарылган. 1950-жылдар ичи клуб өзүн Испан жана Европа футболунда чоң күч катары тааныткан.

Башка европалык клубтардан айырмаланып, Реал Мадриддин мүчөлөрү (сосьо) клубка негизделишинен бери ээлик кылат жана башкарып келет. Жылдык киреше боюнча эң бай футбол клубу (2011-жылы 438.6 миллион евро киреше алган)[2] жана жалпы наркы боюнча экинчи (1.4 миллиард евро) болуп саналат.[3] Реал Мадрид бир нече клубтар менен эзелтеден бери атаандашып келет, эң белгилүү атаандаштык "Эль Класико" деп аталат жана ал Барселона ФК менен болот. Команда 1947-жылдан баштап үйдөгү оюндарын 85454 киши батыра ала турган Мадриддин борборунда орун алган Сантьяго Бернабеу Стадионунда өткөрөт.

Атлетик Бильбао жана Барселона менен бирге Испан футболунун жогорку дивизионунан эч качан төмөн түшпөгөн командаларына кирет. Өлкө ичинде Реал Мадрид Ла Лиганы 32 жолу, Корол Кубогун 18 жолу, 8 жолу Испания Суперкубогун, бир Ева Дуарте Кубогун жана бир Лига Кубогун уткан.[4] Эл аралык дэңгээлде рекорд коюп, тогуз Европа Кубогу/УЕФА Чемпиондор Лигасынын Кубогуна жана үч Интерконтиненталдык Кубогуна ээ болгон, муну менен бирге эки УЕФА Кубогун жана бир УЕФА Суперкубогун утуп алган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: History of Real Madrid C.F.

Алгачкы жылдар (1897–1945)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1905-жылдагы Реал Мадрид командасы

Реал Мадриддин теги Мадридди футбол менен тааныштырган Билим Берүү Эркин Институтунун мугалимдери (алардын айрымдары Кембриж жана Оксфорд Университеттеринин бүтүрүүчүлөрү болгон) жана окуучуларынан чыгат. Алар 1897-жылы Football Club Sky командасын негиздеп, жекшемби күндөрү Монклоада ойношчу. 1900-жылы Sky клубу эки башка командага бөлүнүп кеткен: New Foot-Ball de Madrid жана Club Español de Madrid.[5] 1902-жылы 6-мартта жетекчиси Хуан Падрос болгон Кеңеш шайлангандан соң, Мадрид Футбол Клубу расмий түрдө негизделген.[6] Мадрид ФК биринчи чемпион наамын 1905-жылы негизделишине үч эле жыл болгондо Испан Суперкубогунун финалында Атлетик Бильбао командасын утуп, алган. 1909-жылдын 4-январында клуб президенти Адольфо Мелендес Испан ФАсынын түзүлүшү жөнүндө келишимге кол коюп, Реал Мадрид Падышалык Испан Футбол Федерациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болду. Бир нече стадиондордо көчүп ойногондон соң команда 1912-жылы Кампо О'Доннел стадионуна ээ болду.[7] Корол Альфонсо XIII 1920-жылы клубка Real (Падышалык) наамын ыйгарган соң, клубтун аталышы Реал Мадридке өзгөргөн.[8]

Ошол маалдагы испан королу Альфонсо XIII

1929-жылы эң биринчи Испания футбол лигасы түзүлгөн. Реал Мадрид сезон бою биринчи лиганын лидерлери болуп келе жатып, эң акыркы матчты Атлетик Бильбаого уттуруп жиберген жана сезонду Барселонадан артта калып, экинчи орунда аяктаган.[9] Реал Мадрид эң алгачкы Лига титулун 1931–32 сезонунда уткан. Андан соңку жылы Реал кайрадан Лиганы утуп, эки жолу чемпиондукту алган эң биринчи команда болду.[10]

1934-жылдын 14-апрелинде Экинчи Испан Республикасы жарыяланып, клуб Реал наамын жоготкон жана Мадрид Футбол Клубу деген аталышын кайтарган. Футбол Экинчи Дүйнөлүк Согуш маалында да ойноло берген, 1943-жылы 13-июньда Мадрид Барселонаны [11]Генералиссимус Кубогунун[11] (Корол Кубогунун аты ал маалда Генерал Франконун урматына өзгөртүлгөн) жарым-финалынын экинчи таймашында 11–1 эсеп менен уткан. "Полиция оюнчуларды коркуткан"[12], ага кошумча мамлекеттик коопсуздук мекемесинин мүдүрү "атайлап командага айрым оюнчулар саясий режимдин жоомарттыгынан гана өлкөдө калууга жана футбол ойноого уруксат алганын" айтып кеткен деген болжолдоолор болгон.[13] Мадриддин колдоочулары Барселона Төрагасы Энрик Пиньейрого асылышкан.[14]

Сантьяго Бернабеу Йесте жана Европадагы Ийгилик (1945–1978)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сантьяго Бернабеу Йесте 1945-жылы Реал Мадриддин президенти болуп шайланган.[15] Анын президенттик мөөнөтүндө Испан жарандык согуш маалында бузулган жана жапа көргөн клуб, анын Сантьяго Бернабеу стадиону жана Сьюдад Депортива машыгуу жерлери жаңыдан курулуп-оңдолгон. 1953-жылдан тартып, ал дүйнөлүк дэңгээлде белгилүү чет өлкөлүк оюнчуларды ойнотуу стратегиясын киргизе баштаган, мындай оюнчулардын эң көрүнүктүүсү Альфредо Ди Стефано болду.[16]

1955-жылы, француз спорт журналисти жана L'Équipe гезитинин редактору Габриэль Ано сунуштаган ойду негизге алып, Бернабеу, Бедриньян жана Густав Шебеш атайын чакырылган Европалык командалардан турган сыналуучу турнир өткөрүшкөн, бул турнир кийин биз бүгүнкү күндө билген УЕФА Чемпиондор Лигасына айланды.[17] Так эле ошол Бернабеунун жетекчилиги алдында Реал Мадрид өзүн Испан жана Европа футболундагы чоң күч катары таанытты. 1956-1960 жылдары клуб Европа Кубогун катарынан беш жолу утуп, 1960-жылы Хэмпден Парк стадионунда өткөрүлгөн финалда Айнтрахт Франкфуртту 7-3 эсеп менен уткан.[16] Ушул беш удаа утуштан кийин Кубок Реалга түбөлүккө берилген, ошону менен бирге Реал Мадрид УЕФА ардак белгисин тагууга укук алган.[18] Клуб алтынчы Европа Кубогун 1966-жылы мелдештин тарыхында биринчи жолу жалаң гана бир улуттан турган команда болуп ойноп, финалда Партизан ФКны 2–1 эсеп менен жеңген.[19] Бул команда Йе-йе деген ат менен белгилүү болду. "Йе-йе" аталышы команданын төрт мүчөсү Diario Marca үчүн "Битлз" стилиндеги парик кийип сүрөткө түшкөндөн кийин The Beatles тобу аткарган "She Loves You " ырынын кайырмасындагы "Yeah, yeah, yeah" сабынан келген. Йе-йе мууну 1962 жана 1964 жылдары да Европа Кубогунун финалына чыккан.[19]

Йе-йе командасынын капитаны Амансио Амаро.

1970-жылдары Реал Мадрид 5 жолу Испания чемпиону болгон жана 3 жолу Испан Кубогун уткан.[20] Клуб алгачкы УЕФА Кубок Жеңичүүлөр Кубогунун финалын 1971-жылы ойногон жана англиялык Челси командасына 2–1 уттурган.[21] 1978-жылы 2-июлда Аргентинада Дүйнөлүк Чемпионат өтүп жаткан маалда клуб президенти Сантьяго Бернабеу көз жумган. Анын урматына Эл аралык Футбол Ассоциациялар Федерациясы (FIFA) турнир учурунда үч күндүк аза күтүү жарыялаган.[22] Мындан кийинки жылы клуб маркум президентинин элесине Трофео Сантьяго Бернабеунун биринчи ойнолушун уюштурган.

Буитре Бешилиги жана жетинчи Европа Кубогу (1980–2000)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1980-жылдардын башында Реал Мадрид Ла Лига чемпиондугун колдон чыгарып жиберген. Клуб академиясынан тарбияланып чыккан жаңы жылдыздар тобу келип, клубту кайрадан өлкө ичиндеги ийгиликтерге алып келген. Испан спорт журналисти Хулио Сезар Иглесиас бул муунга La Quinta del Buitre ("Жүртчүлөр тобу") деп биринчи ат койгон, ал Эмилио Бутрагенього берилген лакап атынан чыккан. Калган төртөө Мануэль Санчис, Мартин Васкес, Мичел жана Мигель Пардеса болчу.[23] Буитре Бешилиги (кийин Пардеса 1986-жылы Мадридден Сарагосага кетип, төртөө калган) жана дарбазачы Франсиско Буйо, оң жакты коруучу Мигель Порлан Чендо , мексикалык чабуулчу Уго Санчес сыяктуу көрүнүктүү оюнчулары колунда болгон Реал Мадрид 1980-жылдардын аягында Испания жана Европанын эң күчтүү командаларынан болгон жана катарынан эки УЕФА Кубогун, беш жолу Испан чемпионатын, бир Испан Кубогун жана үч Суперкубогун жеңген.[23] 1990-жылдардын башында Мартин Васкес, Эмилио Бутрагеньо жана Мичел клубтан кетип, Буитре Бешилиги тарап кеткен.

1996-жылы Президент Лоренсо Санс Фабио Капеллону машыктыруучулукка дайындаган. Анын иш мөөнөтү бир эле жыл болсо да, Реал Модрид ошол жылы лига чемпиону болуп, Роберто Карлос, Предраг Миятович, Давор Шукер and Кларенс Зеедорф сыяктуу атактуу оюнчулар клуб жылдыздары Рауль, Фернандо Йерро, Иван Саморано жана Фернандо Редондо катарына кошулган. Натыйжасында, Реал Мадрид (1997-жылы клубка Фернандо Морьентес кошулган) жетинчи Европа Кубогун 32 жылдан бери күтүп келгенине чекит койду. 1998-жылы финалда Предраг Миятович гол сайып, машыктыруучу Юпп Хайнкес жетектеген Актар Ювентусту 1-0 эсеби менен жеңген.[24]

Галактикос Доору (2000-2006)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бэкхем жана Зидан "Галактико" деп эсептелчү.

2000-жылдын июль айында Флорентино Перес клуб президенти болуп шайланган.[25] Ал өзүнүн президенттик кампаниясында клубтун 270 миллион евро карызын жок кылууга жана машыгуу каражаттарын жаңыртууга сөз берген. Анткени менен, Перести жеңишке алып барган негизги түрткү Луиш Фигуну клубка алып келүү убадасы болду.[26] Кийинки жылы клуб машыгуу базасын башка жерге көчүрүп, бошотулган жерди Мадрид шаарынын муниципалитетине саткан. Бул бүтүмдөн келген акча клуб карыздарын төлөөгө жана атактуу Зинедин Зидан , Роналдо, Луиш Фигу, Роберто Карлос, Рауль жана Дэвид Бекхэм сыяктуу Галактико оюнчуларды бирге чогултууга мүмкүнчүлүк берди. Бул коюм ийгиликтүү болуп-болбогону дагы эле күмөн, анткени 2002-жылы УЕФА Чемпиондор Лигасын жана Интерконтиненталдык Кубокту, 2003-жылы лига чемпиондугун утканын эске албасак, андан кийинки үч сезондо команда бир да олжо ута албады.[27] 2003-жылдын жайында, жаңы эле Ла Лига чемпиондору болгондон соң, Флорентино Перес жана мүдүрлөр кеңеши ошол маалдагы машыктыруучу дон Висенте дель Боске менен келишимди узартуудан баш тарткан жана ички келишпестиктерден улам команда капитаны Фернандо Йеррону кетүүгө мажбурлашкан. Ошол эле маалда алар Клод Макелеленин сый акысы көбөйтүлгөн жаңы келишим жөнүндө каалоосун тоготпой коюшкан. Макелеле өз кезегинде трансфер жөнүндө арыз берип, натыйжасында Челсиге өтүп кетти.

Лига чемпиондор наамын алгандан кийинки күндөр келишпестиктерди жаратты. Биринчи талаш чечим Перестин команданы утушка алып келген машыктыруучу дон Висенте дель Боскени клубка ылайык эмес деген клубтун спорт директорунун сөзүн угуп, дель Боскени кызматтан кетирүү болду. Алар команданы сергитүү, жаңыландыруу үчүн жаш бир адам керек деп ойлогон. Начар ырай улана берди: Реалдын легендарлуу оюнчусу жана команда капитаны Фернандо Йерро клуб жетекчилиги менен келишпестиктерден улам кетти, мындай жолго Стив Макманаман да түштү. Буга карабастан, сезон алдында клуб Азияда тур өткөрүп, командага жаңы келген Дэвид Бэкхэмди элге тааныштырды. Перес жана анын директорлору Клод Макелеленин сый акысы көбөйтүлгөн келишимине кол коюудан баш тартышкан, көнүлү суз Макелеле трансфер жөнүндө арыз берип жана Челси футбол клубуна которулуп кеткен. Трансфер терезесинин акыркы күндөрүндө Фернандо Морьентес Монако клубуна ижарага берилди. Жаңы дайындалган машыктыруучу Карлош Кейруш жетектеген Реал Мадрид Реал Бетисти араң утуп, жаңы сезондогу өлкө чемпионатын жай баштады.

2005-06 сезону үмүткөр кылган жаңы оюнчулардын келиши менен башталды — Хулио Баптиста (€20 миллион), Робиньо (€30 миллион) жана Серхио Рамос (€30 миллион клаусула боюнча) — бирок бразилиялык машыктыруучу Вандерлей Лушембургу Реал Мадриддин оюнун жакшыртуу үчүн туура формула таба албады: Реалдын оюндары начарланып кете берди, команда Сантьяго Бернабеу стадионунда 0-3 эсеп менен Барселонадан кордук көрдү. Лушембургу кийин ордунан кеткен, анын ишин буга чейин Реал Мадрид Кастильяны машыктырган Хуан Рамон Лопес Каро улантты. Бир маалда Мадрид кайрадан формасына келгендей сезилген, бирок ал мезгил көпкө созулбай Корол Кубогунун 1/4 финалын биринчи оюунунда эле Реал Сарагосага 6-1 утулгандан кийин шарт эле аяктады. Мындан көп өтпөй эле Реал Мадрид Арсеналга жеңилип, төртүнчү жыл катарынан Чемпиондор Лигасынан чыгып кетти. 2006-жылдын 27-февралында Флорентино Перес өз ыктыяры боюнча ордун бошоткон.[28]

Жаңы президент Рамон Кальдерон (2006-2009)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Реал Мадрид оюнчулары 2008-жылдын Испан Суперкубогун Валенсиядан жеңип алуусун майрамдашууда.

Рамон Кальдерон 2006-жылдын 2-июлунда клуб президенти болуп шайланып, анын биринчи иш-аракеттери Фабио Капеллону жаңы машыктыруучу, ал эми Предраг Миятовичти жаңы спорт директору катары дайындоо болду. Реал Мадрид төрт жылдан бери жете албаган Ла Лига чемпиондугун 2007-жылы утканына карабастан Капелло жумушунан бошотулган.[29] 2007-жылы 9-июнунда Реал Мадрид Сарагоса менен Ла Ромареда стадионунда ойногон. Матч кайгылуу окуя менен башталган - Реал Мадрид оюнга саналган гана мүнөттөр калганда жаш коргоочу Мигель Торрес матч алдында жазылып жатып, тизе астындагы тарамышын үзүп алган. Сарагоса оюндун аягына карай эсепти 2-1 кылууга жетишти, ал эми Барселона ошол күнү эле так окшош 2-1 эсеби менен Эспаньолду жеңген. Реалдын чемпиондук жарышы аягына келгендей сезилди. Анткени менен, Рууд ван Нистелрой киргизген гол командаларды тең кылып, Рауль Тамудонун эң акыркы мүнөттөгү голу Реал Мадриддин чемпиондукту жеңүү үмүттөрүн жандандырды. Севилья Мальоркада коноктоп, кожоюндар менен 0-0 ойноду, бул демек Реал Мальорканы өз стадионунда утса, каймактуулар 30-чу Испан лига титулун жеңмекчи болгон.

Чемпиондук наам 17-июнь күнү алынды: Реал Бернабеу стадионунда Мальорканы коноктоду, ал эми чемпиондукка дагы башка талапкерлер Барселона жана Севилья Химнастик де Таррагона жана Вильярреал менен жолугушту. Биринчи таймдан кийин Реал 0-1 утулуп, ал эми Барселона 0-3 эсеби менен Таррагонада алдыга чыгып жаткан; анткени менен, оюндун акыркы жарым саатында сайылган үч гол Реал Мадриддин 3-1 эсеби менен утушуна алып келди жана 2003-жылдан бери биринчи лига титулун жеңүүгө мүмкүнчүлүк берди. Игуаин жакшы берген пасынан биринчи голду өз эсебине Рейес жазды. Рейес дагы бир сонун гол киргизгенден кийин Мальорка дарбазасына автогол киргизип, Реалдын чемпиондук наамын майрамдашына жол берди. Реал Мадриддин миңдеген колдоочулары чемпиондукту майрамдоо үчүн Сибелес аянтында чогула башташты.

Перестин экинчи мөөнөтү жана Моуриньо доору (2009–азыркыга чейин)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Криштиану Роналду дүйнөнүн эң кымбат оюнчусу.

2009-жылдын 1-июлунда Флорентино Перес кайрадан Реал Мадриддин президенти болуп шайланды.[30][31] Перес биринчи президенттик мөөнөтүндө баштаган Галактикос саясатын улантып, Миландан Каканы,[32] Манчестер Юнайтедден Криштиану Роналдуну 80 миллион англис фунту болгон рекорд баада сатып алган.

Жозе Моуриньо башкы машыктыруучу катары 2010-жылдын май айында келди. [33][34] 2011-жылдын апрель айында испан футбол тарыхында алгачкы жолу он сегиз күндүн ичинде төрт жолу Эл Класико ойнолмокчу болду. Биринчи мелдеш 17-апрелдеги Ла Лиганын кезектеги туру болду (эки жакка тең пенальти берилип, оюн 1-1 эсеби менен аяктады), андан кийин Корол Кубогунун финалы (бул таймашты Мадрид 1-0 утту) жана 27-апрель менен 2-майда эки кездешүү түрүндө ойнолгон Чемпиондор Лигасынын Мадрид үчүн талаш болгон жарым финалы (Мадрид 1-3 жалпы эсепке утулду).

Криштиану Роналду биринчи Класикодо Марселодо эреже бузулгандан улам Мадридке берилген пенальтиден Барселонага алгачкы голун киргизди. Корол Кубогунун финалында кошумча убакытта Криштиану Роналду башы менен сайган гол Моуриньо машыктырган Реал Мадридке биринчи наамын алып келди. Чемпиондор Лигасынын жарым финалы Сантьяго Бернабеудагы биринчи кезектешүүдө Пепе Барселонанын коргоочусу Дани Алвести биле туруп "жаракатка учуратуудан" улам оюндан четтетилүүсү менен Класико мелдештеринин төртүнөн эң көп чыр жаратты. Алвес "баса албай", аны талаадан замбилде алып кетишкен, бирок Пепе кызыл карточка көргөндөн кийин Алвес шарт эле талаага чуркап келип, оюнга кайрадан кирди. Пепе оюндан обочолонгондон соң, машыктыруучу Жозе Моуриньо да техникалык зонадан кетирилип, жазапул төлөөгө буйрук жана беш оюнга катышпоо тыюусун алган. Ушул эле матчта Барселона жарым коргоочусу Серхио Бускетстин Мадриддин сол коргоочусу Марсело дарегине расисттик маанайдагы сөздөрго окшош нерселерди айтканы видеого тартылып калган. Экинчи оюн анчалык чыр чыгарган жок, анткени менен, Гонсало Игуаин сайган гол Жерард Пике Криштиану Роналдуда эреже бузуп, анын натыйжасында Роналду Хавьер Маскеранодо "эреже бузгандыгы үчүн" жокко чыгарылган .

Декабрь айынын 7-синде Реал Мадрид Аяксты жеңип, Чемпиондор Лигасынын группалык бөлүгүнөн эч жеңилбестен чыгуусу менен футбол тарыхына атын жазды.

Герб жана форма[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Файл:RM Crest History.png
Реал Мадрид гербинин клуб 1902-жылда негизделишинен бери келген өзгөрүүсү.

Алгачкы герб жөнөкөй эле "Madrid Club de Fútbol" клуб атынын баш тамгаларынан турган ак футболканын үстүнөн "MCF" деген сыя көк түстөгү кооз оймо эле. Герб биринчи жолу 1908 жылы өзгөрүлдү - тамгалар мурункудан да кооздолуп, тегерек ичинде тартыла баштады.[35] Мындан кийинки герб өзгөрүлүшү 1920-жылы Педро Парагестин президенттик мөөнөтүндө гана болду. Ошол маалдагы король Альфонсо XIII клубка падышалык колдоосун көрсөтүп, бул иш-аракеттин натыйжасында клубтун аты "Реал Мадрид" болду, ал сөз "падышалык" деп которулат .[36] Ошентип, гербке Альфонсонун таажысы кошулуп, клуб өзүн Real Madrid Club de Fútbol деп атай баштады.[35] 1931-жылы Испанияда монархиянын жоюулуусуна байланыштуу клубтан бардык падышалык белгилер (гербдеги таажы жана "Реал" наамы) алынган. Таажынын ордун Кастилья аймагын билдирген коюу көк түстөгү тилке ээледи.[10] Жарандык согуш аяктагандан эки жыл соң, 1941-жылы гербтин "Real Corona" белгиси ("Корол Таажысы") кайрадан ордуна келип, ошол эле маалда Кастильянын коюу көк тилкеси да кала берген.[15] Буга кошумча, герб алтын түсү үстөмчүлүк кылган толук түстүү герб болуп, клуб Real Madrid Club de Fútbol аталышын кайрадан алды.[35] Эң акыркы герб өзгөрүүсү 2001-жылы болду: клуб өзүн XXI кылымда өзүн дүйнөгө таанымал жана мындан ары гербти өзгөрүлбөс кылууну каалаган. Өзгөртүүлөрдүн бири коюу көк түстөгү тилкени сыя көккө алмаштыруу болду.[35]

Реал Мадриддин футболкасы эзелтеден бери ак болуп келген, бирок клуб катары уюштурулушунан мурда биринчи формасында көк кыйгач тилке бар эле (бул белги гербте сакталып калды) жана байпактары азыркы күндөн айырмаланып, коюу көк түстө болчу. Ошол эле жылы көк байпактар карага алмаштырылган.[9][37] Реал Мадрид бүткүл тарыхы бою ак форманы негизги форма катары колдонуп келет. Анткени менен, форманын асты жана үстү тең ак болбогон бир жыл да бар. Бул Экобаль жана Кесаданын демилгеси боюнча 1925-жылы болгон: ал экөө Европаны кыдырып жүргөндө ошол маалдагы эң атактуу командалардын бири, өзүнүн келишимдүүлүк жана футболдук чебердиги менен таанымал болгон лондондук Коринфиан ФК кийген форма көзүнө урунган. Реал Мадрид англис командага окшошуу максатында кара шорта кийсин деген чечим кабыл алынган, бирок бул демилге бир жылга эле созулду. Кубок ойнолуушунда Барселонадан Мадридде 1-5, ал эми Каталонияда 2-0 утулгандан соң президент Парагес жаңы форманын жолу болбоду мурунку ак формага кайтып келүүнү чечти. Мындан бир нече жыл кийин Реал Мадрид 7-3 эсеби менен Айнтрахт Франкфурт командасын Глазгодогу Хэмпден Парк стадионунда жеңүүсүнө суктанып, Лидс Юнайтед клубу футболкаларынын түсүн көктөн акка өзгөрткөн.[38] 1940-жылдардын башында клуб менежери форманы дагы өзгөрттү - футболкага топчулар жана сол жагына герб саймасы (ошол боюнча калды) кошулду. 1943-жылы 23-ноябрда Атлетико Мадрид менен {1Метрополитано стадионунда өткөн оюнда Реал Мадрид номери бар футболкаларды кийген биринчи испан командасы болду.[15]

Реалдын экинчи формасы ар дайым кара же сыя түсүндө болот. Бүгүнкү күндө форманы Adidas чыгарат, клуб алар менен 1998-жылдан бери иштеп келе жатат.[39][40] Реал Мадриддин алгачкы титулдук демөөрчүсү, Zanussi, 1982–83, 1983–84 жана 1984–85 сезондорго келишим түзгөн. Андан кийинки демөөрчүлөр Parmalat жана Otaysa болду, булардан соң Teka менен 1992-жылы узак мөөнөттүү келишим түзулгөн.[41][42] 2001-жылы Реал Мадриддин Teka мене келишими аяктап, клуб бир сезон бою жаңы веб-сайтты таанытуу үчүн Realmadrid.com логотибин футболкаларга койгон. Кийин, 2002-жылы Siemens Mobile менен келишим түзүлгөн, ал эми 2006-жылы футболка BenQ Siemens логотиби менен кооздолгон.[43] BenQ Siemensтин экономикалык кыйынчылыктарынан улам азыркы Реал Мадриддин титулдук демөөрчүсү bwin.com болуп келет.[44][45]

Форма чыгаруучулар жана титулдук демөөрчүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Доор Форма чыгаруучу Титулдук өнөктөш
1980–1982 Adidas Болгон эмес
1982–1985 Zanussi
1985–1989 Hummel Parmalat
1989–1991 Reny Picot
1991–1992 Otaysa
1992–1994 Teka
1994–1998 Kelme
1998–2001 Adidas
2001–2002 * болгон эмес
2002–2005 Siemens mobile
2005–2006 Siemens
2006–2007 BenQ Siemens
2007– bwin.com

* Клубтун жаңы веб-сайтын таанытуу үчүн футболкаларда Realmadrid.com жазылган.

Стадиондор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгач стадиондон стадионго көчүп жүрүп, 1912-жылы команда "Кампо О'Доннелде" өзүйүн тапты жана буд жерде он бир жыл бою ойноду.[7] Андан кийин Мадрид бир жылга 8 000 көрүүчү гана батыра ала турган Кампо де Сьюдад Линеаль кичинекей стадионуна көчтү. Акыры Реал Мадрид үйдөгү оюндарын Эстадио Чамартинде ойной баштады, эң алгачкы оюн бул жерде 1923-жылдын 17-майында Ньюкасл Юнайтед менен ойнолгон.[46] 22 500 көрүүчү батырган бул стадиондо Реал Мадрид биринчи испан лигасынын чемпиондук наамын майрамдаган.[9] Бир нече талкуулашуулардан соң 1943-жылы жаңы шайланган президент Сантьяго Бернабеу Эстадио Чамартинди Реал Мадриддин бийик максаттарына жараша чоң эмес деген ой-пикирге келген. Жаңы стадион курулуп, 1947-жылы декабрь айынын 19-унда ачылган.[15][47] Бул стадион азыркы күндө Эстадио Сантьяго Бернабеу деп аталат, бирок бул аталышы 1955-жылга чейин кабыл алынган эмес.[16] Бернабеуда ойнолгон биринчи матч Реал Мадрид жана португалдык Белененсес клубу арасында өткөрүлүп, Актар 3-1 эсеби менен жеңүүчү болуп чыкты, биринчи голду Сабино Баринага сайган.[15]

Стадиондун батыргычтыгы улам-улам өзгөрүп турчу, 1953-жылкы кеңейтүүдөн кийин 120,000 киши сыйдыра ала турган болду.[48][49] Андан соң жаңыландыруу жана заманбап талаптарга туура келүү максаты менен орундар саны бир нече жолу азайган (эң акыркы туруп көрүү үчүн берилген орундар 1998-99 сезонунда УЕФА оюндарын туруп көрүүгө тыюу салган буйругуна ылайык жок болгон), же бираз көбөйтүлгөн.[48] Эң акыркы өзгөртүү 2011-жылда болду жана стадиондун сыйдыргычтыгы 5 миң орунга көбөйтүлүп, жалпы орун саны 85 454ге жетти. Жакында суурма чатыр кошуу планы жарыяланды.[50] Реал Мадрид Европа футбол клубдардын орточо стадион толушу боюнча төртүнчү орунда турат, андан көп эл Боруссия Дортмунд, ФК Барселона жана Манчестер Юнайтед оюндарына келет.[51][52][53][54]

Бернабеу стадионунда Евро 1964 финалы, 1982 Дүйнөлүк Чемпионатынын финалы, 1957, 1969 жана 1980 Европа Кубокторунун финалы жана 2010 Чемпиондор Лигасынын финалы өткөрүлгөн.[55] Стадиондун Мадрид Метросунун 10-сызыгында Сантьяго Бернабеу аттуу өз бекети бар.[56] 2007-жылдын 14-ноябрында УЕФА тарабынан Бернабеуга Элиталык футбол стадиону наамы берилген.[57]

Реал Мадриддин "Мадрид Калаасы" машыгуучу комплексинде 2009-жылы 9 майда Альфредо Ди Стефано стадиону ачылган. Алгачкы матч Реал Мадрид жана Реймс ортосунда ойнолду, бул кездешүү 1956-жылкы Европа Чемпиондор Кубогунун финалын кайрадан эске салды. Реал Мадрид Серхио Рамос, Кассано (2), Сольдадо (2) жана Хурадо сайган голдору менен 6–1 эсепке утту. Бул талаа бүгүнкү күндө Сьюдад Реал Мадриддин аырагыс бөлүгү, ал эми клубтун жаңы машыгуучу комплекси Мадрид шаарынын четиндеги Вальдебебаста орун алды. Стадион 5 000 адамды батыра алат жана Реал Мадрид Кастильяга энчиленген стадион болуп эсептелет. Стадион мурунку Реал Мадриддин оюнчусу Альфредо Ди Стефанонун урматына аталган.[58]

Статистика жана рекорддор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рауль Реал Мадрид тарыхындагы эң көп гол киргизген жана эң көп оюндарга катышкан оюнчу.

Рауль Реал Мадрид менен эң көп оюн өткөргөн оюнчу рекордунун ээси - ал 1994-жылдан баштап 2010-жылга чейин биринчи команданын курамында 741 матч ойноду. Мануэль Санчис, к., экинчи орунда турат - ал 711 оюнга катышкан.[59] Дарбазачылар арасында бул рекорд Икер Касильяска таандык, ал клуб менен 575 матч ойноду. Өз өлкөсүнүн курама командасына 127 жолу (Реал Мадрид оюнчусу катары 47 жолу) чакырылган португалдык Луиш Фигу Реалдын эң көп курама командасына чакырылган испан эмес оюнчусу.[60]

Рауль Реалдын мыкты голеадору да болуп келет: ал 741 оюнда (1994-2010) 323 гол киргизгенге жетишкен.[61] Дагы төрт оюнчу Реалдын курамында 200дөн ащык гол киргизген: Альфредо Ди Стефано (1953-64), Сантильяна (1971–88), Ференц Пушкаш (1958–66) жана Уго Санчес (1985–92). Португалдык Криштиану Роналду бир сезон ичинде эң көп гол киргизген (2010–11 сезонунда 40 гол). Ди Стефаного таандык Европа Кубокторундагы 58 оюнда киргизген 49 голу рекорду эч жеңилбес болуп келген, анткени менен 2005 жылы Рауль бул рекордду өз атына жазып алды. Клуб тарыхындагы эң тез киргизилген голдун (15 секунда) ээси бразилиялык Роналду, бул гол 2003-жылы 3-декабрьда Атлетико Мадрид менен Лига кездешүүсүндө киргизген.[62]

Расмий маалыматтар боюнча Реал Мадрид оюну үчүн стадионго келген көрүүчүлөрдүн эң көп саны 83, 329, бул рекорд 2006-жылы Корол Кубогу футбол мелдешинде катталган. Азыркы Эстадио Сантьяго Бернабеунун батыргычтыгы расмий маалыматтар боюнча 80 354 орун.[63] Клубтун орточо стадион толушу 2007–08 сезонунда 76 234 кишиге жетип, Европа футбол лигаларында эң көп болгон.[64] Реал испан футболунда бир нече рекордко ээ, алардын эң белгилүүсү испан лигасынын чемпиондук наамдары (2011-12 сезондун чемпионаты менен 32 титул) жана катарынан эң көп чемпионат утушу (1960–65 жана 1985-90 жылдары эки жолу 5 чемпионатты уткан).[65] Өз стадионунда жеңилбестен 121 матч (1957-жылдын 17-февралынан баштап 1965-жылдын 7-мартына чейин) ойноп келүүсү менен клуб Ла Лига рекордуна ээ.[66]

Актарга Европа Чемпиондор Кубогу/УЕФА Чемпиондор Лигасын тогуз жолу утуу[67] жана эң көп жарымфинал оюндарына катышуу (22) рекорддору таандык. Рауль Гонсалес УЕФА Чемпиондор Лигасынын мыкты чабуулчусу, 71 голдун 66-сы Реал Мадриддин курамында ойногон маалда киргизилген. Реал Мадрид катарынан Европа Чемпиондор Кубогуна катышуу (бул турнир УЕФА Чемпиондор Лигасына өзгөрүлүшүнөн мурун) рекордуна да ээ - 1955–56 сезондон 1969–70 сезонго чейин 15 жолу катышкан.[68]

Файл:Best Club of the 20th Century.jpg
Реал Мадридди 20-кылымдын эң мыкты клубу деп атаган олжо.

2009-жылдын июнь айында Манчестер Юнайтедге Криштиану Роналду үчүн 96 миллион евро (131.5 миллион доллар, 80 миллион стерлинг фунту) төлөп, клуб өзүнүн мурунку футбол тарыхындагы эң кымбат трансфер рекордун жаңыртты.[69][70] Мындан мурун 2001-жылдагы Зинедин Зидандын 76 миллион евролук (100 миллион доллардан ашык, 45.8 миллион стерлинг фунту) Ювентустан Реал Мадридке трансфери эң кымбат деп катталган. Зидандын бул рекорду 2009-жылдын июнь айында Реал Мадрид Миландан Каканы сатып алганда экиде калган, анткени Каканын трансфери Зизунукунан стерлинг фунттарына которгондо ашкан. Реал Мадриддин эң кымбат сатуусу 2008-жылдын 1-сентябрында Робиньонун Мачестер Ситиге 42 миллион евролук (32.5 миллион стерлинг фунту) трансфери болду.[71]

Күйөрмандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үйдө ойнолгон матчтарда көпчүлүгү сезондук абонемент ээлери болот, алардын орточо саны 68 670 адам.[1] Сезондук абонемент алуу үчүн клубтун сосьо , же мүчөсү болуш керек. Бул мүчөлөргө кошумча, клубтун Испания жана дүйнө жүзү бою 1 800 пеньясы (клубка караштуу расмий күйөрмандар топтору) бар. Реал Мадрид бүткүл тарыхы бою оюнга келген көрүүчүлөрдүн орточо саны боюнча испан футболунда биринчи орунду ээлейт, жыл сайын Сантьяго Бернабеу стадионуна орточо саны менен 65 000 көрүүчү келет. 2004-2005 сезонунда көрүүчүлөрдүн орто саны 71 900-гө жетип, Ла Лиганын эң жакшы колдогон командаларынын экинчиси болду. Реал Мадриддин эң берилген күйөрман тобу өзүн Ultras Sur деп атайт Алар өздөрүнүн оң канаттык саясатты колдогон катуу көз караштары менен белгилүү. Ультрас Сур башка оң канаттыктарды колдогон топтор менен шериктеш болуп келет, алардын эң таанымалы SS Lazio Irriducibili күйөрмандары. Кээ бир оюндарда алар теңдешүүчү командалардын оюнчуларына расисттик лозунгтары менен кордоп, УЕФА жүргүзгөн тергөөлөргө катышкан.[72][73]

Теңдешүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эль Класико[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: El Clásico
Барселона Реал Мадрид лига чемпиондору болуусун сый коридору менен урматтоодо.

Улуттук чемпионатта адаттай эки эң күчтүү клуб арасында элдешпес теңдешүүлөр болот. Бул көрүнүш испан лигасына да дал туура келет, бул чемпионатта Реал Мадрид жана Барселона кездешкен матчтар "Классикалык" (El Clásico ) деп аталат. Улуттук чемпионаттын негизделишинен бери бул эки клуб Испаниянын теңтайлашкан эки аймагынын - Каталония жана Кастилья, ошондой эле эки шаардын өкүлдөрү катары өздөштүрүлгөн. Аталган теңдешүү көпчүлүк каталондуктар жана кастильялыктар арасындагы саясий жана маданий чымыркануунун чагылыштыруусу катары түшүнөт, бир автор бул көрүнүштү Испан жарандык согушунун кайтадан туудуруу миниатюрасы деп айта кеткен.[74]

Примо де Ривера жана Франсиско Франко өкүмдарлар башкаруу маалында (1939–1975), бүт испан аймактарында маданий бөтөнчөлүктөргө тыюу салынган. Испания территориясында испан тилинен (кастилия тили) башка тилдерди колдонууга асмий түрдө тыюу салынган.[75][76] Каталония калкынын эркиндикке умтулуусун өздөштүрүлгөн Барселона бул адамдарга "Клубтан да маанилүү" (Més que un club ) болгон. Мануэль Васкес Монтальбан айтып кеткендей, каталондуктар үчүн өз бөтөнчөлүгүн көрсөтүүсүнүн эң жакшы жолу Барселона командасын колдоо болгон. Бул айла жашырын анти-Франко кыймылдарына кошулуу тобокелине учурабастан, өзүнүн айрыкчалыгын коопсуз түрдө билдирүүгө жол берди.[77]

Ошол эле маалда, Реал Мадрид көп учурларда клуб башкаруучулары жана кызматчылары дэнгээлинде да чексиз, эзүүчү централизм жана фашисттик режимдин көлөкөсү катары өздөштүрүлчү (каймактуулар стадионун анын урматына атаган мурунку клуб президенти Сантьяго Бернабеу лос насьоналес терге каршы күрөшкөн).[78][79] Анткени менен, Испан жарандык согуш маалында эки клубтун тең мүчөлөрү, мисалы Жосеп Суньол жана Рафаэль Санчес Герра, Франко колдоочуларынын колунда кордук көргөн.

Кийин Реал Мадриддин курамында ойноп калган жана актардын узакка созулган ийгиликтердин жаратуучусу Альфредо Ди Стефанонун талаш трансферине байланыштуу 1950-жылдары бул теңдешүү ого бетер күчөдү.[80] 1960-жылдары теңдешүү европалык аренага чыкты: клубтар Европа Чемпиондор Кубогунун плей-офф этаптарында эки жолу кездешкен.[81] 2002-жылдык Чемпиондор Лигасындагы кездешүүгө испан маалымат каражаттары "Кылымдын оюну" деп ат коюшкан, бул матчты дүйнө жүзү бою 500 миллиондон ашык киши көргөн.[82]

Эль Дерби Мадриленьо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: El Derbi madrileño
Реал Мадрид күйөрмандары 2006-жылы Сантьяго Бернабеуда өткөн Дерби Мадриленьо учурунда.

Клубтун эң жакын коңусу Атлетико Мадрид клубу, бул теңдешүү биринчи кезекте борбор калаанын эки чоң клубтарынын күйөрмандары арасында, андан кийин гана командалар арасында жашайт. Атлетико тарыхынын башталышында үч баск студенттери тарабынан 1903-жылы негизделишине карабастан, 1904-жылы клубка Мадрид футбол клубун нан кеткен оюнчулар кошулган. Мындан ары күйөрмандар арасындагы чыналуулуктар көбөюп гана келе жатты, анткени алгачкы Реал колдоочулары орто таптан, ал эми Атлетико күйөрмандары жумушчу табынан болгон. Азыркы күндө бул айырмалыктар суу жеп кеткендей. бул командалардын биринчи кездешүүсү 1929-жылы 21-февралда алгачкы Лига Чемпионатынын үчүнчү туру алкагында мурунку Чамартинде болгон. Жаңы турнирдин биринчи алгачкы расмий дербиси болгон оюн аягында Реалды 2-1 эсеп менен жеңүүчү көрдү.[9] Бул теңдешүү 1959-жылы Европа Чемпиондор Кубогунун жарымфинал оюндарында эл аралык аренага чыкты. Реал биринчи матчты Бернабеуда 2-1 уткан, Ал эми Атлетико экинчи оюнду Метрополитано стадионунда 1-0 эсеби менен уткан. Жарымфинал кайрадан ойнолуп, актар бул матчты 1-0 эсепке утту. Бирок мурдагы Реал Мадрид машыктыруучу Хосе Вильялонга жетектеген Атлетико өчүн алууга жетишти - алар актарды катарынан эки Генералиссимус Кубогу нун финал оюндарында (1960 жана 1961-жж.) экинчи орунда калтырган.[83]

Реал Ла Лигада үстөмдүк кылган 1961 жана 1989-жылдар арасында бир гана Атлетико актарга ылайыктуу теңдешүүчу болуп берди: Атлетико 1966, 1970, 1973 жана 1977-жылдары Ла Лига чемпиондору наамын тартып алган. 1965-жылы Атлетико сегиз жыл бою өз калаасында жеңилбеген Мадридди Бернабеу стадионунда кур калтырган биринчи команда болду. Ал эми Реал Мадриддин Атлетико менен болгон акыркы кездешүүлөрдө актардын рекорддор саны көбүрөөк болот.[84] 2002–03 сезонунда унутулгус матч ойнолду: Актар Висенте Кальдерон стадионунда Атлетикону 4-0 эсепке жеңип, Ла Лига чемпиондугун уткан. [85]

Каржы жана ээлик маселелери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Флорентино Перестин биринчи президенттик мөөнөтүндө (2000–2006) Реал Мадрид дүйнөдөгү эң бай профессионалдык футбол клубу болуу максатын ишке ашыра баштады.[86] Клуб машыгуучу комлекстери ээлеген жердин бир бөлүгүн 2001-жылы Мадрид шаарынын муниципалитетине өткөрүп берип, ал эми калганын Repsol YPF, Mutua Automovilística de Madrid, Sacyr Vallehermoso жана OHL аттуу төрт ири корпорацияга сатып жиберген. Бул келишимден түшкөн акча клубтун бардык карыздарын жабып, Зинедин Зидан, Луиш Фигу, Роналдо жана Дэвид Бэкхем сыяктуу дүйнөнүн эң кымбат оюнчуларын сатып алууга жол берди. Муниципалитет мындан мурун шаардын өнүгүү планы боюнча машыктыруучу комплекстерин шаар четине көчүргөн эле, бул иш-аракет клуб жерлеринин баасын көтөрүлүшүнө түрткү болуп, шаар ал жерди сатып алган.[27] ЕС комиссиясы шаар жер үчүн ашыкча төлөп-төлөбөгөндүгү боюнча тергөө баштаган, натыйжасында бул келишим мамлекеттик субсидиянын бир түрү деп чыккан.[87]

Кеңсе имараттарды куруу үчүн машыгуу коплекстери турган жерди сатуу Реал Мадриддин 270 миллион евро карызынан кутулуп, атактуу оюнчуларды сатып алууга мурда болуп көрбөгөн акча коротууга жол ачты. Буга кошумча, келишимден түшкөн акчаны клуб шаар четинде орун алган абдан кооз машыгуучу комплекс курууга сарптаган.[88] Перес сунуштаган саясат натыйжасында клубтун дүйнө жүзү бою (айрыкча Азия рыногунда) маркетинг потенциалын толук колдонушунан улам каржы жагында ийгиликке алып келсе да, Реал Мадрид брендин маркетинг жактан жагымдуу кылууга өтө берилип, командага анча көңүл бурулбай калды деп көп сын көрдү.

2007-жылдын сентябрь айына BBDO агенттигинин изилдөөлөрү боюнча Реал Мадрид Европанын эң кымбат футбол бренди деп табылган.[89] 2008-жылы клуб 951 миллион евро (640 миллион стерлинг фунту / 1.285 миллиард доллар) баасы менен экинчи орунду ээлеген,[90] ал эми эң кымбат клуб болуп 1.333 миллиард евро (900 миллион стерлинг фунту) турган Манчестер Юнайтед болуп чыкты.[91] 2010-жылдын маалыматтары боюнча Реал Мадрид футбол дүйнөсүндө эң бийик товарооборотко ээ болду.[92] 2009-жылдын сентябрь айында клуб жетекчилери 2013-жылга карай Реал Мадрид өзүнүн тематикалык парк ачуу пландарын жарыялашкан.[93]

Гарвард Университетиндеги аткарган изилдөө бул жыйынтыкка келген: Реал Мадрид "дүйнөнүн 20 эң маанилүү бренддеринин бири жана жетекчилиги, оюнчулары да элге тең таанымал болгон бирден бир болгон бренд. Биз дүйнө жүзүндөгү клуб күйөрмандары жөнүндө таң калтыраардык сандарды топтодук. Реал Мадридди 287 миллиондон ашык адам колдойт".[94] 2010-жылы Forbes журналы 2008-09 сезонундан алынган маалыматтарга жана көрсөткүчтөргө таянып, Реал Мадридди 992 миллион еврого (1,323 миллион доллар) баалаган жана өз рейтингинде экинчи орунга койгон, ал эми биринчи орун Манчестер Юнайтедке берилди.[95][96] Deloitte маалыматтары боюнча, ошол эле маалда Реал Мадрид 401 миллион евро киреше алып, бул көрсөткүч менен биринчи орунга чыккан.[97]

ФК Барселона, Атлетик Бильбао жана Осасуна клубдары менен бирге Реал Мадрид каттоодон өткөн ассоциация катары уюмдаштырылган. Жоопчерчилиги чектелген уюмдан айырмаланып, бул уюмдаштыруу түрү клуб акцияларын эмес, клуб мүчөлүгүн гана сатып алууга уруксат берет.[98] Реал Мадриддин сосьо деп аталган мүчөлөрү өз араларынан чыккан өкүлдөрдөн турган топ түзөт да, бул топ клубтун эң бийик жетекчилик органы болуп эсептелет.[99] 2010-жылдын маалыматтарына карай, Реал Мадриддин сосьо саны 60 000 болду.[100] 2009–10 сезону аягында клубтун мүдүрлөр кеңеши Реал Мадриддин 244.6 миллион евро карызы бар, мурунку финансылык жылга салыштырмалуу 82.1 миллион еврого азайган деген отчет берген.

Массалык маданият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Гол! " фильм трилогиясынын экинчи бөлүгүндө Реал Мадрид жөнүндө сөз болгон (2007). Фильм мурунку Ньюкасл Юнайтед жылдызы Сантьяго Муньестин алгач кароодон өтүүсүн, андан кийин Реал Мадридге 2005–06 сезонунда келүүсү туралуу баяндайт. Фильм жаратуучулары Муньестин Мадридке келгенден соң жашоосундагы өзгөрүүлөргө көңүл бурууга аракеттенишкен. УЕФА тасманы колдогонунан улам, тартуучу команданын көп белгилүү оюнчуларды өздөрүнүн ролуна чакырууга мүмкүнчүлүгү болду. Реал Мадридден бул киного Икер Касильяс, Зинедин Зидан, Дэвид Бэкхем, Роналдо, Роберто Карлос, Рауль, Серхио Рамос, Робиньо, Томас Гравесен, Майкл Оуэн, Мичел Сальгадо, Хулио Баптиста, Стив МакМанаман, Жонатан Вудгейт жана Иван Эльгера тартылган. Башка клубдардан Роналдиньо, Тьерри Анри, Лионель Месси, Самуэль Это'о, Андрес Иньеста, Пабло Аймар, Фредрик Льюнберг, Сеск Фабрегас, Сантьяго Каньисарес сыяктуу дүйнөгө аты чыккан оюнчулар да катышкан. Тасма боюнча, Флорентино Перес жана Альфредо Ди Стефано экөө жасалма оюнчу Муньести клуб алдында Реал Мадрид оюнчусу катары тааныштырышат.[101]

Реал, Кинотасма 2005-жылы чыккан жарым-жартылай көркөм, жарым-жартылай документалдык тараптардан турган Реал Мадрид жана анын дүйнө жүзү бою жашаган күйөрмандары жөнүндө фильм. passion for Real Madrid C.F. Клуб тарабынан продюсерленген жана режиссеру Борха Мансо болгон кино дүйнөнүн ар тарабында жашаган беш Реал Мадрид күйөрманынын жана алардын клубка болгон сүйүү окуясын көрсөтөт. Фильмде ойлоп чыгарылган бөлүгү менен, чыныгы окуялар да көрсөтүлгөн, мисалы, команданын Сьюдад Реал Мадридде машыгуусу, матчтар жана интервьюлар. Фильм команданын бардык мүчөлөрү тууралу баяндаганы менен, Дэвид Бэкхем, Зинедин Зидан, Рауль, Луиш Фигу, Роналдо, Икер Касильяс жана Роберто Карлос сыяктуу галактикос оюнчуларга көбүрөөк көнүл бурат. Испан тилинде тартылган тасма премьерадан кийин эл аралык күйөрмандар үчүн башка тилдерге да которулган.

Ак бороон: Реал Мадриддин 100 жылы аттуу Фил Боллдун китеби Реал Мадриддин тарыхы жөнүндө англис тилинде жазылган биринчи китеп болду. 2002-жылы чыккан жана башка тилдерге да которулган бул китеп клубтун биринчи жүз жылдык тарыхындагы эң ийгиликтүү учурлары жөнүндө бандайт.

2011-жылдын 7-декабрында Реал Мадрид "Himno del Real Madrid" клуб гимнинин "Everybody" аттуу ремиксин жаңы чыгып жаткан The Legends: The Official Real Madrid Digital Music Album альбомунун биринчи сингл ыры катары элге таантылды. Бул ремиксти австралиялык The Stafford Brothers диджейлери жасады.[102]

Real Madrid TV[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Real Madrid TV Реал Мадрид иштеткен жана клуб туралуу жаңылыктарды, берүүлөрдү жана программаларды көрсөткөн шифрделген санарип телеберүү каналы. Канал өз көрсөтүүлөрүн англис жана испан тилинде эфирге берет. Анын кеңсеси Вальдебебастагы (Мадрид) Сьюдад Реал Мадрид машыгуу комплексинде жайгашкан.

Оюнчулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: List of Real Madrid C.F. players

Испан командалары ЕС жарандыгы жок үч оюнчу менен ойноого чектелген. Оюнчулар тизмесине ар биринин негизги жарандыгы гана көрсөтүлөт; кээ бир европалык эмес оюнчулар ЕСке кирген бир өлкөдөн экинчи жарандыгын алуу тартиби бар. АКТ өлкөлөрүндөн — Африка, Карибдер жана Тынч океандык жана Котону келишимине кол койгон өлкөлөрү - чыккан оюнчулар Колпак сот чечими боюнча ЕС-эмес квотага кирбейт.

Биринчи команданын тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ижарага берилгендер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

УЕФА Чемпиондор Лигасы үчүн гана катталган кошумча оюнчулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Персонал[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы убакыттагы техникалык штат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2010-2013 ж. баш машыктыруучу португалдык Жозе Моуриньо.
Реал Мадрид футбол клубунун машыктыруучулары тизмесин караңыз.

Жетекчилик[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы клуб президенти - ишкер Флорентино Перес.

Сыйлыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2012-жылдын 6-август күнүнө Реал Мадрид 32 жолу Ла Лига чемпиондугун жана 9 жолу Европа Чемпиондор Кубогун/УЕФА Чемпиондор Лигасын утуп, эң көп утуштар рекордуна ээ болуп турат. Реал Мадрид 2000-жылдын 23-декабрында 20-кылымдын эң ийгиликтүү FIFA клубу наамы менен ыйгарылган.[103] 2004-жылы клуб FIFA Ардак Орденин алган.[104] Буга кошумча, бештен көп Европа Чемпиондор Кубогун жеңгенинен улам Реал УЕФА Чемпиондор Лигасынын оюндарында футболкаларына көп жолку жеңүүчү эмблемасын тагууга укуктуу.[18]

Үйдөгү турнирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеңүүчүлөр (32): 1931–32, 1932–33, 1953–54, 1954–55, 1956–57, 1957–58, 1960–61, 1961–62, 1962–63, 1963–64, 1964–65, 1966–67, 1967–68, 1968–69, 1971–72, 1974–75, 1975–76, 1977–78, 1978–79, 1979–80, 1985–86, 1986–87, 1987–88, 1988–89, 1989–90, 1994–95, 1996–97, 2000–01, 2002–03, 2006–07, 2007–08, {32}2011–12
Экинчи орун (20): 1929, 1933–34, 1934–35, 1935–36, 1941–42, 1944–45, 1958–59, 1959–60, 1965–66, 1980–81, 1982–83, 1983–84, 1991–92, 1992–93, 1998–99, 2004–05, 2005–06, 2008–09, 2009–10, 2010–11
  • Корол Кубогу [106]
Жеңүүчүлөр (20): 1905, 1906, 1907, 1908, 1917, 1934, 1936, 1946, 1947, 1961–62, 1969–70, 1973–74, 1974–75, 1979–80, 1981–82, 1988–89, 1992–93, 2010–11, 2013/14, 2022/23
Экинчи орун (19): 1903, 1916, 1918, 1924, 1929, 1930, 1933, 1940, 1943, 1958, 1959–60, 1960–61, 1968, 1978–79, 1982–83, 1989–90, 1991–92, 2001–02, 2003–04
  • Испан Суперкубогу [107]
Жеңүүчүлөр (8): 1988, 1989*, 1990, 1993, 1997, 2001, 2003, 2008
Экинчи орун (4): 1982, 1995, 2007, 2011
(* Корол Кубогун жана Ла Лиганы уткан )
  • Эва Дуарте Кубогу (Испан Суперкубогунан) мурун ойнолчу[108]
Жеңүүчүлөр (1): 1947
  • Ла Лига Кубогу [109]
Жеңүүчүлөр (1): 1985
Экинчи орун (1): 1983

Европа турнирлери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Европа Чемпиондор Кубогу/УЕФА Чемпиондор Лигасы [110]
Жеңүүчүлөр (13): 1955–56*, 1956–57, 1957–58, 1958–59, 1959–60, 1965–66, 1997–98, 1999–2000, 2001–02, 2013-14, 2015-16, 2016-17, 2017-18
Экинчи орун (3): 1961–62, 1963–64, 1980–81
(* Алгачкы жеңүүчүлөр )
  • УЕФА Кубогу [111]
Жеңүүчүлөр (2): 1984–85, 1985–86
  • УЕФА Кубок Жеңүүчүлөр Кубогу [112]
Экинчи орун (2): 1970–71, 1982–83
  • УЕФА Суперкубогу [113]
Жеңүүчүлөр (1): 2002
Экинчи орун (2): 1998, 2000

Дүйнөлүк турнирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Интерконтиненталдык Кубок (FIFA Клубдар арасы Дүйнөлүк Чемпионатынан мурун ойнолчу)[114]
Жеңүүчүлөр (3): 1960, 1998, 2002
Экинчи орун (2): 1966, 2000

Дагы окуганга[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Спорт

  • Реал Мадрид Баскетбол

Резервдик команда

  • Реал Мадрид Кастилья
  • Реал Мадрид С

Башкалар

  • Европа Клубдар Ассоциациясы
  • G14 (футбол)
  • Deloitte Футболдон түшкөн акча лигасы
  • Күйөрмандар ээлик кылган спорт клубдар
  • Эң бай футбол клубдары

Окшош макалалар

  • Сантьяго Бернабеу Трофеи

Оюндар

  • Real Madrid Fantasy Manager

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Real Madrid Club de Fútbol (Spanish). Liga de Fútbol Profesional. Текшерилген күнү 22 -февраль (бирдин айы) 2009.
  2. Deloitte Football Money League 2011. Deloitte UK. Текшерилген күнү 30 -июнь (кулжа) 2011. Түп булактан архивделген күнү 30 -ноябрь (жетинин айы) 2012.
  3. Bigman, Dan. The World's Most Valuable Soccer Teams, Forbes. Архивировано из первоисточника 22 -июль (теке) 2011. Текшерилген күнү 30 -июнь (кулжа) 2011.
  4. World Football: The 11 Most Successful European Clubs in History. Текшерилген күнү 22 -январь (үчтүн айы) 2012.
  5. Ball, Phil p. 117.
  6. Luís Miguel González. Pre-history and first official title (1900–1910). Realmadrid.com. Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  7. 7.0 7.1 History — Chapter 1 – From the Estrada Lot to the nice, little O’Donnel pitch. Realmadrid.com. Текшерилген күнү 11 -июль (теке) 2008.
  8. Luís Miguel González. Bernabéu's debut to the title of Real (1911–1920). Realmadrid.com. Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  9. 9.0 9.1 9.2 9.3 Luís Miguel González. A spectacular leap towards the future (1921–1930). Realmadrid.com (28 February 2007). Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  10. 10.0 10.1 Luís Miguel González. The first two-time champion of the League (1931–1940). Realmadrid.com. Текшерилген күнү 18 -июль (теке) 2008.
  11. 11.0 11.1 Real Madrid v Barcelona: six of the best 'El Clásicos', London: The Telegraph (9 December 2011). Текшерилген күнү 19 -декабрь (бештин айы) 2011.
  12. Aguilar, Paco Barca - Much more than just a Club. FIFA (10 December 1998). Текшерилген күнү 19 -декабрь (бештин айы) 2011. Түп булактан архивделген күнү 29 Апрель 2008.
  13. Ball, Phil (12 December 2003). Morbo: the Story of Spanish Football. WSC Books Ltd. ISBN 978-0954013462. 
  14. Spaaij, Ramn (2006). Understanding football hooliganism: a comparison of six Western European football clubs. Amsterdam: Amsterdam University Press. ISBN 9789056294458. Retrieved 19 December 2011. 
  15. 15.0 15.1 15.2 15.3 15.4 Luís Miguel González. Bernabéu begins his office as President building the new Chamartín Stadium (1941–1950). Realmadrid.com. Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  16. 16.0 16.1 16.2 Luís Miguel González. An exceptional decade (1951–1960). Realmadrid.com. Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  17. Matthew Spiro. Hats off to Hanot. uefa.com (12 May 2006). Текшерилген күнү 11 -июль (теке) 2008. Түп булактан архивделген күнү 19 -май (бугу) 2008.
  18. 18.0 18.1 Regulations of the UEFA Champions League (PDF). UEFA. Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.; Page 4, §2.01 "Cup" & Page 26, §16.10 "Title-holder logo"
  19. 19.0 19.1 Luís Miguel González. The generational reshuffle was successful (1961–1970). Realmadrid.com. Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  20. Trophy Room. Realmadrid.com. Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  21. European Competitions 1971. RSSS. Текшерилген күнү 27 -сентябрь (аяк оона) 2008.
  22. Santiago Bernabéu. Realmadrid.com. Текшерилген күнү 12 -октябрь (тогуздун айы) 2008.
  23. 23.0 23.1 Luís Miguel González. 1981–1990 – Five straight League titles and a new record. Realmadrid.com (5 March 2008). Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  24. 1991–2000 – From Raúl González to the turn of the new millennium. Realmadrid.com. Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  25. Florentino Pérez era (Spanish). Realmadrid.com. Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  26. Figo's the Real deal, BBC Sport (24 July 2000). Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  27. 27.0 27.1 2001–Present — Real Madrid surpasses the century mark. Realmadrid.com. Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  28. BBC Sport | Football | Europe | Perez resigns as Madrid president, BBC News (27 February 2006). Текшерилген күнү 7 -январь (үчтүн айы) 2012.
  29. Cristina Monge. Real Madrid 3–1 Mallorca. Realmadrid.com (18 June 2007). Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  30. First measures adopted by the Real Madrid Board of Directors. Realmadrid.com (1 June 2009). Текшерилген күнү 15 -август (баш оона) 2011.
  31. Perez to return as Real president, BBC Sport (1 June 2009). Текшерилген күнү 3 -июнь (кулжа) 2009.
  32. The Times Madrid Signs Kaká timesonline.co.uk
  33. Tynan, Gordon. Mourinho to be unveiled at Madrid on Monday after £7m compensation deal, The Independent (28 May 2010). Текшерилген күнү 31 -май (бугу) 2010.
  34. Real Madrid unveil José Mourinho as their new coach, BBC Sport (31 May 2010). Текшерилген күнү 31 -май (бугу) 2010.
  35. 35.0 35.1 35.2 35.3 Escudo Real Madrid (Spanish). santiagobernabeu.com. Текшерилген күнү 29 -ноябрь (жетинин айы) 2008.
  36. Presidents — Pedro Parages. Realmadrid.com. Текшерилген күнү 18 -июль (теке) 2008.
  37. Camiseta Real Madrid (Spanish). santiagobernabeu.com. Текшерилген күнү 29 -ноябрь (жетинин айы) 2008.
  38. 1905-жылы Реал Мадриддин формасы ак болгонунан улам күйөрмандар команданы Лос Бланкос деп атай баштаган.
  39. Álvaro Velasco. Leaders in sporting goods. Realmadrid.com (1 December 2006). — «Ramón Calderón says: We began working with Adidas again in 1998»  Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  40. Our Sponsors — Adidas. Realmadrid.com. Текшерилген күнү 18 -июль (теке) 2008.
  41. Evolución Del Uniforme del Real Madrid (1902–1989) (Spanish). Leyendablanca.com. Текшерилген күнү 18 -июль (теке) 2008. Түп булактан архивделген күнү 21 -январь (үчтүн айы) 2012.
  42. Evolución Del Uniforme del Real Madrid (1991–2008) (Spanish). Leyendablanca.com. Текшерилген күнү 18 -июль (теке) 2008. Түп булактан архивделген күнү 21 -январь (үчтүн айы) 2012.
  43. BenQ Mobile Scores As Real Madrid's New Major Sponsor. Realmadrid.com (8 November 2005). Текшерилген күнү 18 -июль (теке) 2008.
  44. Juan José López Soto. Real Madrid and Bwin sign sponsorship agreement. Realmadrid.com (11 June 2008). Текшерилген күнү 18 -июль (теке) 2008.
  45. Our Sponsors — bwin.com. Realmadrid.com. Текшерилген күнү 18 -июль (теке) 2008.
  46. Ball, Phil p. 118.
  47. History — Chapter 3 – The New Chamartin, an exemplary stadium. Realmadrid.com. Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  48. 48.0 48.1 Javier Palomino. 60th Anniversary. Realmadrid.com (13 December 2007). Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  49. History — Chapter 4. Realmadrid.com. Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  50. History — Chapter 10 – The future. Realmadrid.com. Текшерилген күнү 13 -июль (теке) 2008.
  51. German Bundesliga Stats: Team Attendance - 2010-11. ESPNsoccernet.
  52. http://arxiu.fcbarcelona.cat/web/english/noticies/club/temporada10-11/05/17/n110517117527.html Archived 2012-07-08 at the Wayback Machine
  53. Barclays Premier League Stats: Team Attendance - 2010-11. ESPNsoccernet.
  54. Spanish La Liga Stats: Team Attendance - 2010-11. ESPNsoccernet. Текшерилген күнү 9 -июль (теке) 2012. Түп булактан архивделген күнү 3 Апрель 2013.
  55. Alvaro Velasco. Final at the Bernabéu. Realmadrid.com (28 March 2008). Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  56. Santiago Bernabéu station (Spanish). Metromadrid.es. Текшерилген күнү 30 -сентябрь (аяк оона) 2007.
  57. Javier Palomino. The Bernabéu is now Elite. Realmadrid.com (14 November 2007). Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  58. This one's for you, Alfredo!. Realmadrid.com (10 May 2006). Текшерилген күнү 7 -июль (теке) 2008.
  59. Legends — Manolo Sanchís Hontiyuela. realmadrid.com. Текшерилген күнү 13 -июль (теке) 2008.
  60. FIFA Century Club (PDF). fifa.com. Текшерилген күнү 13 -июль (теке) 2008. Түп булактан архивделген күнү 3 -март (жалган куран) 2016.
  61. Conor Brown Equals Di Stéfano's Real Madrid Record. Текшерилген күнү 5 -февраль (бирдин айы) 2009.
  62. Quickfire Ronaldo proves Real hero, CNN.com (3 December 2003). Текшерилген күнү 7 -декабрь (бештин айы) 2008.
  63. Attendances Spain average — Primera División 2007–2008. European Football Statistics. Текшерилген күнү 16 -июль (теке) 2008. Түп булактан архивделген күнү 13 -июнь (кулжа) 2008.
  64. European Attendances. European Football Statistics in 2008 Mexican defender, Jonni Ruvalcaba broke club record for highest paid player in a single season. Текшерилген күнү 16 -июль (теке) 2008. Түп булактан архивделген күнү 13 -июнь (кулжа) 2008.
  65. Real Madrid C.F. (Spanish). lpf.es. Текшерилген күнү 22 -февраль (бирдин айы) 2009.
  66. Unbeaten at Home in the League. rsssf.com. Текшерилген күнү 7 -декабрь (бештин айы) 2008.
  67. History. Uefa.com. Текшерилген күнү 11 -июль (теке) 2008. Түп булактан архивделген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2010.
  68. History:. Uefa.com. Текшерилген күнү 11 -июль (теке) 2008.
  69. History of the world transfer record, BBC News (11 June 2009). Текшерилген күнү 12 -июнь (кулжа) 2009.
  70. Man Utd accept £80m Ronaldo bid, BBC Sport (11 June 2009). Текшерилген күнү 19 -декабрь (бештин айы) 2011.
  71. Man City beat Chelsea to Robinho, BBC News (1 September 2008). Текшерилген күнү 4 -январь (үчтүн айы) 2010.
  72. Real supporters reported to Spanish FA, BBC Sport (19 April 2005). Текшерилген күнү 3 -июнь (кулжа) 2008.
  73. UEFA investigate Real Madrid supporters, BBC Sport (25 November 2004). Текшерилген күнү 3 -июнь (кулжа) 2008.
  74. Ghemawat, Pankaj. p. 2
  75. Kleiner-Liebau, Désirée. p. 70
  76. Phil Ball. The ancient rivalry of Barcelona and Real Madrid, The Guardian, London: Guardian News and Media (21 April 2002). Текшерилген күнү 13 -март (жалган куран) 2010.
  77. Spaaij, Ramón. p. 251
  78. Abend, Lisa. Barcelona vs. Real Madrid: More Than a Game, Time (20 December 2007). Архивировано из первоисточника 9 -май (бугу) 2012. Текшерилген күнү 1 -июль (теке) 2009.
  79. Lowe, Sid. Morbo: The Story of Spanish Football by Phil Ball (London: WSC Books, 2001), The Guardian (26 March 2001). Текшерилген күнү 1 -июль (теке) 2009.
  80. Burns, Jimmy. pp. 31–34
  81. García, Javier. FC Barcelona vs Real Madrid CF since 1902. Rec.Sport.Soccer Statistics Foundation (31 January 2000). Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2010.
  82. Real win Champions League showdown, BBC News (11 December 2008). Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2010.
  83. Реал Эль Дерби Мадриленьону 75 жолу уткан.
  84. Álvaro Velasco. One for the ages. Realmadrid.com (17 January 2008). Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  85. The derby turns 78. Realmadrid.com (22 February 2007). Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  86. Perez resigns as Real Madrid president, BBC (27 February 2006). Текшерилген күнү 11 -декабрь (бештин айы) 2008.
  87. Nash, Elizabeth. EU investigates Real Madrid property deal, London: independent.co.uk (4 March 2004). Архивировано из первоисточника 13 -февраль (бирдин айы) 2009. Текшерилген күнү 14 -август (баш оона) 2008.
  88. 'Mistakes are forbidden', CNN/Sports Illustrated (8 May 2001). Архивировано из первоисточника 10 -май (бугу) 2012. Текшерилген күнү 14 -август (баш оона) 2008.
  89. Top 25 ranking of Europe's most valuable football clubs (PDF). BBDO (Batten, Barton, Durstine & Osborn) (17 September 2007). Текшерилген күнү 15 -март (жалган куран) 2010. Түп булактан архивделген күнү 27 -ноябрь (жетинин айы) 2009.
  90. The Most Valuable Soccer Teams, Forbes (30 April 2008). Текшерилген күнү 16 -март (жалган куран) 2010.
  91. The Most Valuable Soccer Teams – Manchester United, Forbes (30 April 2008). Текшерилген күнү 16 -март (жалган куран) 2010.
  92. Deloitte Football Money League, Deloitte (20 October 2003). Архивировано из первоисточника 10 -май (бугу) 2012. Текшерилген күнү 16 -март (жалган куран) 2010.
  93. Real Madrid plan to open their own theme park. TheSpoiler.co.uk. Текшерилген күнү 8 -сентябрь (аяк оона) 2009.
  94. Noticias. upcomillas.es. Текшерилген күнү 23 -февраль (бирдин айы) 2009. Түп булактан архивделген күнү 20 -май (бугу) 2012.
  95. The Business Of Soccer, Forbes (21 April 2010). Текшерилген күнү 7 -август (баш оона) 2010.
  96. Soccer Team Valuations, Forbes (30 June 2009). Текшерилген күнү 7 -август (баш оона) 2010.
  97. Real Madrid becomes the first sports team in the world to generate €400m in revenues as it tops Deloitte Football Money League. Deloitte. Текшерилген күнү 7 -август (баш оона) 2010. Түп булактан архивделген күнү 5 -август (баш оона) 2010.
  98. Peterson, Marc p. 25
  99. Andreff, Wladimir; Szymański, Stefan (2006). Handbook on the economics of sport. Edward Elgar Publishing. p. 299. ISBN 1843766086. 
  100. Real Madrid drama. The oldest supporter died (Romanian). ziare.com (2010). Текшерилген күнү 21 -сентябрь (аяк оона) 2010.
  101. Goal! 2: Living the Dream... (2007). IMDb. Текшерилген күнү 3 -сентябрь (аяк оона) 2009.
  102. Real Madrid launch first single off new digital music album. inside World Soccer (3 December 2011).
  103. Juan José López Soto. 106 years of history. Realmadrid.com (8 March 2008). Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2008.
  104. Celebrations mark the opening of FIFA Centennial Congress in Paris, FIFA's birthplace. fifa.com (20 May 2004). Текшерилген күнү 13 -июль (теке) 2008. Түп булактан архивделген күнү 14 -февраль (бирдин айы) 2009. Калып:Dead link
  105. Evolution 1929–10. Liga de Fútbol Profesional. Текшерилген күнү 6 -август (баш оона) 2010.
  106. Palmarés en (Spanish). MARCA. Текшерилген күнү 22 -июнь (кулжа) 2010. Калып:Dead link
  107. Carnicero, José; Torre, Raúl; Ferrer, Carles Lozano. Spain – List of Super Cup Finals. Rec.Sport.Soccer Statistics Foundation (RSSSF) (28 August 2009). Текшерилген күнү 22 -июнь (кулжа) 2010.
  108. List of Super Cup Finals. RSSF. Текшерилген күнү 18 -март (жалган куран) 2011.
  109. Torre, Raúl. Spain – List of League Cup Finals. Rec.Sport.Soccer Statistics Foundation (RSSSF) (29 January 2009). Текшерилген күнү 22 -июнь (кулжа) 2010.
  110. Champions League history. Union of European Football Associations (UEFA). Текшерилген күнү 22 -июнь (кулжа) 2010.
  111. Europa League history. UEFA. Текшерилген күнү 22 -июнь (кулжа) 2010. Түп булактан архивделген күнү 14 -февраль (бирдин айы) 2016. Калып:Dead link
  112. UEFA Cup Winners' Cup. UEFA. Текшерилген күнү 22 -июнь (кулжа) 2010. Түп булактан архивделген күнү 1 -май (бугу) 2010.
  113. UEFA Super Cup. UEFA. Текшерилген күнү 22 -июнь (кулжа) 2010. Түп булактан архивделген күнү 20 -август (баш оона) 2010.
  114. Magnani, Loris; Stokkermans, Karel. Intercontinental Club Cup. Rec.Sport.Soccer Statistics Foundation (30 April 2005). Текшерилген күнү 9 -август (баш оона) 2010.

Кызыккандарга[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Dénes, Tamás & Rochy, Zoltán (2002). Real Madrid. Aréna 2000. ISBN 963-86167-5-X. 
  • Ball, Phil (2003 New edition). Morbo: The Story of Spanish Football. WSC Books Limited. ISBN 0-954-01346-8.  Check date values in: |year= (help)
  • Ball, Phil (2003). White Storm: The Story of Real Madrid. Mainstream. ISBN 1-84018-763-8. 
  • McManaman, Steve & Edworthy, Sarah (2003). El Macca: Four Years with Real Madrid. Simon & Schuster. ISBN 0-743-48920-9. 
  • Luis Miguel González, Luis González López, Fundación Real Madrid (2002). Real Madrid: Cien años de leyenda, 1902–2002. Everest. ISBN 84-241-9215-X. 

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]