Испания футбол чемпионаты

Википедия дан
Примера Дивизиону
Primera División
Өлкө

Испания желеги Испания

Федерация

УЕФА (Европа)

Түптөлгөн

1929

Командалар саны

20

Лига системасындагы баскычы

1

Четтетилүү жолдонмосу

Сегунда

Улуттук турнирлер

Падышанын кубогу

Эл аралык турнирлер

УЕФА чемпиондор лигасы
УЕФА европа лигасы

Учурдагы чемпион

Барселона (26)

Көп титулдуу клуб

Реал Мадрид (33)

Сайты

lfp.es

Приме́ра Дивизио́н (исп. Primera División) Испания профессионалдык футбол лигасы (исп. Liga de Fútbol Profesional, LFP), жана да Примера же болбосо Ла Лига деген аталыштарга ээ (исп. La Liga), Испания футбол лигасында жогорку деңгээлдеги клубдар арасында өтүүчү турнир болуп эсептелет. Ла Лига дүйнөдөгү эң жогорку футбол лигаларынын бири экендиги талашсыз.

Испаниянын биринчи чемпиону «Барселона» футболдук клубу болгон. Учурдагы чемпион да Барселона клубу. Ла Лигада тогуз клуб чемпион аталган. 1950-жылдардан баштап үстөмдүк кылуучу клубдар булар: «Реал Мадрид» (32 чемпиондук титул) «Барселона» (23 чемпиондук титул). 1930- жана 1940-жылдарда «Реалга» жана «Барселонага» ийгиликтүү атаандаштар «Валенсия», «Атлетико Мадрид» жана «Атлетик Бильбао», а 1990- жана 2000-жылдары — ошол эле «Валенсия» жана «Депортиво Ла-Корунья».

20082009-жылдарда Еврокубок сезонунда Ла Лига, Еврокубоктордогу мамлекет өкүлдөрүн аныктоочу УЕФА нын улуттук футбол ассоциацияларынын рейтингинде экинчи орунду ээлеген. 2005/06 сезонунда Ла Лига клубдары еврокубоктордо«алтын дубльга» жетишкен — «Барселона» Чемпиондор лигасын, а «Севилья» — УЕФА кубогун жеңип алышкан. Буга чейин мындай учур 1996/97 сезонунда катталган.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизделиши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Испанияда улуттук футбол лигасын түзүү жөнүндөгү биринчи идеяны 1927-жылы апрелде Хосе Мария Ача сунуштаган, Гечодогу «Аренас» клубунун директору. Узак талаш-тартыштан кийин Испаниянын королдук футбол федерациясы 1928-жылдын катышуучуларынын Примера лигадагы ондугун аныктады. «Барселона», «Реал Мадрид», «Атлетик Бильбао», «Реал Сосьедад», «Аренас Гечо» жана «Реал Унион» (Ирун) мурунку Корольдук кубоктун жеңүүчүлөрү болгондуктан катышуу укугуна ээ болушкан. «Атлетик Мадрид» («Атлетико Мадрид»), «Эспаньол» жана «Европа» (экөө тең— Барселона) кубоктун финалисттери катары, а «Расинг» Сантандерден өтүп жаткан турнирдеги жеңиши үчүн лигадан орун алган. Бул жылдагы сезонго чейин баштапкы негизделген лигадан үч гана клуб «Барселона», «Реал Мадрид» жана «Атлетик Бильбао», эч качан төмөнкү дивизиондорго четтетилген эмес.

1930-жылдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи чемпиондук титулду «Барселона», а 1932 жана 1933-жылдары «Реал Мадрид» жеңгендигине карабастан, испан футболунун жылдын башындагы лидери «Атлетик Бильбао» болгон, 1930, 1931, 1934 жана 1936-жылдары биринчи жана 1932 жана 1933-жылдары экинчи орунду камсыз кылган. 1935-жылы «Реал Бетис» биринчи жолу (азырынча бир гана жолу) чемпиондукка жетишкен, ошондогу аталышы «Бетис Баломпие». Лига оюндары Испаниядагы жарандык согуш маалында токтотулган, бирок республикалык территориядагы клубдар (эки мадридтиктен башка), өз ара Жерортолукдеңиз лигасын ойношуп, 1937-жылы «Барселона» чемпион аталган.

1940-жылдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лига кайра жандандырылгандан кийин 1940-жылдар башында күчтүүлүгүн көрсөткөн клубдар «Атлетико Авиасьон», «Валенсия» жана «Севилья» болду. «Атлетико Авиасьон» (азыркы аталышы «Атлетико Мадрид») 1939/40 сезондо «Реал Овьедо» клубунун ордуна катышкан, стадиондун согуш убагында талкаланышы себеп болгон. Мадридтик клуб биринчи сезондо эле жеңишке жетишкен, жана да 1941-жылы ал титулду коргогон. Башка клубдар өлтүрүлгөн жана согушта курман болгон оюнчуларын жоготушкан, бирок «Атлетико», тескерисинче, күчтөндү, «Атлетико Мадрид» жана Сарагосалык «Авиасьон Насьональ» биригишти. «Валенсиянын» курамы да сакталган, жана согуштан кийин ийгиликтерге жетишкен, 1942, 1944 жана 1947-жылдары чемпиондук титулду, 1948 жана 1949-жылдары 2-орунду ээлеген. «Севилья» дагы 1940 жана 1942-жылдары 2-орунду жана 1946-жылы 1-орунду (азырынча биринчиси) камсыздаган. Он жылдыктын аягында «Барселона» 1945, 1948 жана 1949-жылдары чемпион аталып, лидердикти колго ала баштаган.

Ди Стефано, Пушкаш, Кубала жана Суарес[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бирок «Атлетико Мадрид» (аталышын өзгөртүп) 1950 жана 1951 жылдары катеначчонун мастери Эленио Эррера менен жеңишке жетишкен, 1950-жылдарда «Барселона» менен «Реалдын» үстөмдүгү башталган болчу. 1930- 1940- жана 1950-жылдарда Испанияда чет өлкөлүк футболчулардын санына чектөө бар болчу. Көбүнчө клубдар оюнга үч чет элдик оюнчуну киргизүүгө укуктуу эле. Бирок 1950-жылдарда «Реал» жана «Барселона» Альфредо Ди Стефанону, Ференц Пушкашты жана Ладислав Кубаланы натуралдаштыруу менен эрежелерден тоскоолдуксуз өтө алган. Кубаланын оюну 1952 жана 1953-жылдарда «Барсага» титул алып келген. Ди Стефано, Пушкаш жана Франциско Хенто «Реалдын» 1950-жылдардагы үстөмдүк көрсөтүүдөгү ядролук курамы болгон. «Реал» лиганы 1954, 1955, 1957 жана 1958-жылдары жеңип, 1956-жылы гана «Атлетикага» орун берген. «Барселона» чемпионатты Эленио Эрреранын башкаруусунда жана курамында Луис Суарес менен биргеликте 1959 жана 1960-жылдары гана жеңе алган.

Мадриддин үстөмдүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1961 жана 1980-жылдары Примерада «Реал Мадрид» үстөмдүк кыла баштаган. Он төрт жолу чемпион аталып, 1961 жана 1965-жылдары беш жолу катарынан, ал эми (19671969 жана 19781980 жж.да үч жолу катарынан жеңишке ээ болгон. Ал убактарда «Атлетико Мадрид» гана «Реалга» татыктуу атаандаш боло алган, төрт жолку жеңиши менен ( 1966, 1970, 1973 жана 1977-жылдарда). Калган эки титул «Валенсияга» 1971-жылы жана «Барселонага» Йохан Кройф менен 1974жылы ыйгарылган.

1980-жылдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошентип эки Мадриддик клубдун үстөмдүгү Басктар мамлекетинин эки клубу тарабынан убактынча токтотулган. «Реал Сосьедад» титулду 1981 жана 1982-жылдары, а «Атлетик Бильбао» — 1983 жана 1984-жылдары жеңген. Терри Венейблс «Барселонаны» 1985-жылы бир титулга жеткирген, кийин «Реал» кайрадан беш жолу катарынан (19861990 жж.) голланддык Лео Беенхаккердин башкаруусунда жеңишин майрамдаган. Мадриддиктердин курамында Уго Санчес, Эмилио Бутрагеньо, Мануэль Санчис, Мартин Васкес, Мичел жана Мигель Пардесалар ойношкон.

1990-жылдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Йохан Кройф 1988-жылы «Барселонага» тренер катары кайтып келип, Хосеп Гвардиола, Хосе Мари Бакеро, Чики Бегиристайн, Гойкоэчеа, Рональд Куман, Микаэль Лаудруп, Ромарио жана Христо Стоичковдор менен биргеликте «Дрим-тим» командасын түзгөн. Бул команда 1991 жана 1994-жылдар аралыгында төрт жолу катарынан титулдуу болгон жана УЕФА чемпиондор кубогуна 1992-жылы ээ болгон. Кройф менен болгон конфликттен кийин Лаудруп «Барсанын» негизги атаандашы — «Реалга» өтөт, жана «Барселона» 1995-жылы жеңишке жетишпейт. Кийин «Атлетико Мадрид» серб Радомир Античтин кол алдында 1996 жылы чемпион аталса, ал эми «Реал Мадрид» 1997-жылы дагы жеңет. Кройфдун ийгилигинен кийин дагы бир голландиялык Луи ван Галь Камп Ноуго келип, Луиш Фигу, Луис Энрике жана Ривалдо деген оюнчулар менен биргеликте «Барселонаны» 1998 жана 1999-жылдарда дагы титулга ээ болушат.

Жаңы миңжылдык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаңы миңжылдыкта «Реал» жана «Барселона» жаңы каршылаштарга туш келди. 1993 жана 2004-жылдар аралыгында «Депортиво Ла-Корунья» сезонду тогуз жолу биринчи үчтүктө бүтүргөн, мындайча айтканда «Реал» жана «Барселонадан» көбүрөөк, а 2000-жылы Хавьер Ируретанын кол астында «Депортиво» тарыхта лиганын тогузунчу чемпиону аталган. «Реал Мадрид» 2001 жана 2003-жылдары титулга ээ болгон, бирок мадриддиктерге чоң конкуренцияны «Валенсия» жараткан, ал Эктор Купердин башкаруусунда кайра курулуп, 2000 жана 2001-жылы Чемпиондор лигасынын финалында ойногон. Анын ордуна келген Рафаэль Бенитес башталган ишти улантып, клубду 2002-жылы чемпиондукка жана 2004-жылы Лигада жана УЕФА Кубогун жеңүү менен клубду «дубльга» жеткирген. «Барселона» Роналдиньонун ойноосуна канааттануу менен, 2004/05 жана 2005/06 (экинчи сезондо Чемпиондор Лигасын кошо) жеңип алган. Күтүүсүздөн «Севильянын» жылдызы жанып, лиганы жеңбесе да, эки жолу катары менен УЕФА Кубогун (2005/06 жана 2006/07 — экинчисинде дагы бир испандык клуб «Эспаньолду») жеңген. Бирок акыркы онжылдыкта «Реал» 2006/07 жана 2007/08 жылдардагы сезондо чемпион болуу менен, жоготкон абалын кайтарып алган. А 2009/10 жылкы сезондо «Реал» жана «Барсанын» атаандаштыгы күчөгөн, «Реалдын» алган 96 упайы чемпиондук титулга жеткен эмес, себеби «Барселона» 99 упай топтогон болучу, ал мадриддик «Атлетикого» 1-2 эсебинде жеңүлүүсүнүн тоскоолдугу эле.

2011/12 жылкы сезондо «Реал Мадрид» Жозе Моуриньюнун башкаруусунда Испанияда 32-жолу чемпион болгон, ошондой эле упай чогултуу жана гол киргизүү боюнча рекорд жасаган, «корольдук клуб» 100 упай топтоо менен бирге 121 гол киргизген. 2012/13 жылдагы сезондо «Барселона» мадриддиктердин мурунку сезондогу рекордун кайталаган (100 упай топтоо менен), бирок киргизилген топтордун жалпы саны (115 гол) боюнча аныктала турган рекордду кайталай алган эмес.

Испания футбол чемпионаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мадриддик «Реал» жана «Барселона» Испаниянын эң ийгиликтүү командалары — 2012-жылга алар 53 титул утушкан: 32 жолу «Реал» жана 21 жолу «Барселона». «Атлетик Бильбао» жана «Барселона» беш жолудан «Алтын дубль» жасашкан ( чемпионат жана Испания кубогу менен бирге). «Барселона» — «Алтын хет-трик» жасаган жалгыз испандык клуб (чемпиондук титул, Испания кубогу жана УЕФА чемпиондор лигасы.

Чемпиондор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылдар боюнча[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жыл Чемпион Вице-чемпион Үчүнчү орун
1929 Барселона Мадрид Атлетик Бильбао
1929/30 Атлетик Бильбао Барселона Аренас Гечо
1930/31 Атлетик Бильбао Расинг Сантандер Реал Сосьедад
1931/32 Мадрид Атлетик Бильбао Барселона
1932/33 Мадрид Атлетик Бильбао Эспаньол
1933/34 Атлетик Бильбао Мадрид Расинг Сантандер
1934/35 Бетис Баломпи Мадрид Овьедо
1935/36 Атлетик Бильбао Мадрид Овьедо
1936/39 Чемпионат Испанияда жарандык согуштун жүрүп жаткандыгына байланыштуу өткөрүлбөгөн
1939/40 Атлетико Авиасьон Севилья Атлетик Бильбао
1940/41 Атлетико Авиасьон Атлетик Бильбао Валенсия
1941/42 Валенсия Реал Мадрид Атлетико Авиасьон
1942/43 Атлетик Бильбао Севилья Барселона
1943/44 Валенсия Атлетико Авиасьон Севилья
1944/45 Барселона Реал Мадрид Атлетико Авиасьон
1945/46 Севилья Барселона Атлетик Бильбао
1946/47 Валенсия Атлетик Бильбао Атлетико Авиасьон
1947/48 Барселона Валенсия Атлетико Мадрид
1948/49 Барселона Валенсия Реал Мадрид
1949/50 Атлетико Мадрид Депортиво Ла-Корунья Валенсия
1950/51 Атлетико Мадрид Севилья Валенсия
1951/52 Барселона Атлетик Бильбао Реал Мадрид
1952/53 Барселона Валенсия Реал Мадрид
1953/54 Реал Мадрид Барселона Валенсия
1954/55 Реал Мадрид Барселона Атлетик Бильбао
1955/56 Атлетик Бильбао Барселона Реал Мадрид
1956/57 Реал Мадрид Севилья Барселона
1957/58 Реал Мадрид Атлетико Мадрид Барселона
1958/59 Барселона Реал Мадрид Атлетик Бильбао
1959/60 Барселона Реал Мадрид Атлетик Бильбао
1960/61 Реал Мадрид Атлетико Мадрид Барселона
1961/62 Реал Мадрид Барселона Атлетико Мадрид
1962/63 Реал Мадрид Атлетико Мадрид Реал Овьедо
1963/64 Реал Мадрид Барселона Реал Бетис
1964/65 Реал Мадрид Атлетико Мадрид Реал Сарагоса
1965/66 Атлетико Мадрид Реал Мадрид Барселона
1966/67 Реал Мадрид Барселона Эспаньол
1967/68 Реал Мадрид Барселона Лас-Пальмас
1968/69 Реал Мадрид Лас-Пальмас Барселона
1969/70 Атлетико Мадрид Атлетик Бильбао Севилья
1970/71 Валенсия Барселона Атлетико Мадрид
1971/72 Реал Мадрид Валенсия Барселона
1972/73 Атлетико Мадрид Барселона Эспаньол
1973/74 Барселона Атлетико Мадрид Реал Сарагоса
1974/75 Реал Мадрид Реал Сарагоса Барселона
1975/76 Реал Мадрид Барселона Атлетико Мадрид
1976/77 Атлетико Мадрид Барселона Атлетик Бильбао
1977/78 Реал Мадрид Барселона Атлетик Бильбао
1978/79 Реал Мадрид Спортинг Хихон Атлетико Мадрид
1979/80 Реал Мадрид Реал Сосьедад Спортинг Хихон
1980/81 Реал Сосьедад Реал Мадрид Атлетико Мадрид
1981/82 Реал Сосьедад Барселона Реал Мадрид
1982/83 Атлетик Бильбао Реал Мадрид Атлетико Мадрид
1983/84 Атлетик Бильбао Реал Мадрид Барселона
1984/85 Барселона Атлетико Мадрид Атлетик Бильбао
1985/86 Реал Мадрид Барселона Атлетик Бильбао
1986/87 Реал Мадрид Барселона Эспаньол
1987/88 Реал Мадрид Реал Сосьедад Атлетико Мадрид
1988/89 Реал Мадрид Барселона Валенсия
1989/90 Реал Мадрид Валенсия Барселона
1990/91 Барселона Атлетико Мадрид Реал Мадрид
1991/92 Барселона Реал Мадрид Атлетико Мадрид
1992/93 Барселона Реал Мадрид Депортиво Ла-Корунья
1993/94 Барселона Депортиво Ла-Корунья Реал Сарагоса
1994/95 Реал Мадрид Депортиво Ла-Корунья Реал Бетис
1995/96 Атлетико Мадрид Валенсия Барселона
1996/97 Реал Мадрид Барселона Депортиво Ла-Корунья
1997/98 Барселона Атлетик Бильбао Реал Сосьедад
1998/99 Барселона Реал Мадрид Мальорка
1999/00 Депортиво Ла-Корунья Барселона Валенсия
2000/01 Реал Мадрид Депортиво Ла-Корунья Мальорка
2001/02 Валенсия Депортиво Ла-Корунья Реал Мадрид
2002/03 Реал Мадрид Реал Сосьедад Депортиво Ла-Корунья
2003/04 Валенсия Барселона Депортиво Ла-Корунья
2004/05 Барселона Реал Мадрид Вильярреал
2005/06 Барселона Реал Мадрид Валенсия
2006/07 Реал Мадрид Барселона Севилья
2007/08 Реал Мадрид Вильярреал Барселона
2008/09 Барселона Реал Мадрид Севилья
2009/10 Барселона Реал Мадрид Валенсия
2010/11 Барселона Реал Мадрид Валенсия
2011/12 Реал Мадрид Барселона Валенсия
2012/13 Барселона Реал Мадрид Атлетико Мадрид
2013/14 Атлетико Мадрид Барселона Реал Мадрид
2014/15 Барселона Реал Мадрид Атлетико Мадрид

Клубдар боюнча[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Клуб Чемпион Вице-чемпион
Реал Мадрид
32
21
1931/32, 1932/33, 1953/54, 1954/55, 1956/57, 1957/58, 1960/61, 1961/62, 1962/63, 1963/64, 1964/65, 1966/67, 1967/68, 1968/69, 1971/72, 1974/75, 1975/76, 1977/78, 1978/79, 1979/80, 1985/86, 1986/87, 1987/88, 1988/89, 1989/90, 1994/95, 1996/97, 2000/01, 2002/03, 2006/07, 2007/08, 2011/12
Барселона
23
24
1929, 1944/45, 1947/48, 1948/49, 1951/52, 1952/53, 1958/59, 1959/60, 1973/74, 1984/85, 1990/91, 1991/92, 1992/93, 1993/94, 1997/98, 1998/99, 2004/05, 2005/06, 2008/09, 2009/10, 2010/11, 2012/13, 2014/15
Атлетико Мадрид
10
8
1939/40, 1940/41, 1949/50, 1950/51, 1965/66, 1969/70, 1972/73, 1976/77, 1995/96, 2013/14
Атлетик Бильбао
8
7
1929/30, 1930/31, 1933/34, 1935/36, 1942/43, 1955/56, 1982/83, 1983/84
Валенсия
6
6
1941/42, 1943/44, 1946/47, 1970/71, 2001/02, 2003/04
Реал Сосьедад
2
3
1980/81, 1981/82
Депортиво
1
5
1999/00
Севилья
1
4
1945/46
Реал Бетис
1
-
1934/35

Индивидуалдык сыйлыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Примерадагы фотболчуларга ыйгарылуучу индивидуалдык сыйлыктардын саны көп, алардын негизгилери болуп «Пичичи трофейи» (же Пичичи) лиганын эң мыкты бомбардирине жана «Самора трофейи» — мыкты дарбазачыга (оюнда эң аз санда гол өткөргөн дарбазачы сыйланат). Эки сыйлык тең Испаниянын эң чоң спорт гезити — Marca тарабынан ыйгарылат. 2008-жылы жаңы сыйлык — «Трофео Ди Стефано», Примерада эң мыкты футболчуга арналган. Бул сыйлык Marca гезитинин сурамжылоосунун негизинде аныкталат.

Испания чемпионатынын тарыхындагы мыкты бомбардирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2013-жылдын 1-июнуна карата ; көк түс менен чемпионатта ойноону улантып жаткандар белгиленди

Футболчу Мамлекет Голдор Матчтар Орточо
1 Месси Лионель Аргентина 258 293 0,88
2 Тельмо Сарра Испания Испания 251 273 0,91
3 Уго Санчес Мексика 234 347 0,67
4 Рауль Испания Испания 228 550 0,41
5 Альфредо Ди Стефано Аргентина , Испания Испания 227 329 0,69
6 Сесар Родригес Испания Испания 223 353 0,64
7 Кини Испания Испания 219 448 0,49
8 Паиньо Испания Испания 210 278 0,76
9 Криштиану Роналду Португалия 202 179 1,13
10 Эдмундо Суарес Испания Испания 195 231 0,84
11 Карлос Сантильяна Испания Испания 186 461 0,40
12 Давид Вилья Испания Испания 185 351 0,53
13 Хуан Арса Испания Испания 182 349 0,52
14 Гильермо Горостиса Испания Испания 178 256 0,70
15 Исидро Лангара Испания Испания 165 142 1,16
16 Самюэль Это’о Камерун 162 280 0.58
17 Луис Арагонес Испания Испания 160 360 0,44
18 Ференц Пушкаш Мажарстан 156 180 0,87
19 Хулио Салинас Испания Испания 152 417 0,36
20 Адриан Эскудеро Испания Испания 150 287 0,52
21 Даниэль Руис Испания Испания 147 303 0.49
22 Рауль Тамудо Испания Испания 146 405 0.36

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]