Лионель Месси

Википедия дан
Месси, Лионел‎»‎ барагынан багытталды)
Лионель Андрес МЕССИ

Жалпы маалымат
Толук аты-жөнү: Лионель Андрес Месси Куччиттини (исп.- Lionel Andrés Messi Cuccittini')
Туулган жылы: 1987-жылы 24-июнь
Туулган жери: Аргентина, Росарио, Санта-Фе
Бою: 1.7м
Өлкө: Аргентина желеги Аргентина
Жубайы: Антонелла Рокуццо
Эмгек акысы: 54 миллион USD (2023)
Клуб маалыматы
Учурдагы клубу: АКШ желеги "Интер Майами"
Позициясы: Чабуулчу, чабуулдагы жарым коргоочу
Номери: 10
Өспүрүм клубдары
1992—1994: Аргентина желеги Грандоли
1994—2000: Аргентина желеги Ньюэллс Олд Бойз
2000—2003: Испания желеги Барселона
Клубдук карьерасы
2003—2021: Испания желеги Барселона
2003—2004: Испания желеги Барселона C
2004—2005: Испания желеги Барселона B
2021—2023: желеги Пари Сен-Жермен
2023—а.ч: желеги Интер Майами
Улуттук курама
2004—2005: Аргентина желеги Аргентина (U-20)
2005—а.ч: Аргентина желеги Аргентина
2008 Аргентина желеги Аргентина (олимп.)


Лионель Андрес Месси ( исп. - Lionel Andrés Messi Cuccittini) 1987-жылы 24-июнь, Росарио), Аргентина улуттук курамасынын жана Интер Майами футбол клубунун капитаны. Чабуулчу жана чабуулдагы жарым коргоочу милдетин аткарат. Дүйнөдөгү эң алдыңкы футболчулардын бири. Дүйнө чемпиону, Түштүк Америка чемпиону, Финалиссима жеңүүчүсү, Олимпиада чемпиону. Бардык убактагы эң мыкты футболчулардын бири деп саналат. Месси ийкемдүүлүгү жана оюн таризине байланыштуу Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадонага көп салыштырылат.

Испания чемпионатынын тарыхындагы эң мыкты бомбардир, Барселона жана Аргентина курама командасы. "Алтын топтун" сегиз жолку жеңүүчүсү, "Алтын бутса" сыйлыгынын алты жолку ээси. Барселона академиясынын бүтүрүүчүсү, клуб менен ал он жолу Испания лигасын, төрт жолу УЕФАнын Чемпиондор Лигасын, жети жолу Испания Кубогун, сегиз жолу Испания Суперкубогун, үч жолу Европанын Суперкубогун жана үч жолу Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун уткан. "Пари Сен-Жермен" менен Франциянын эки жолку чемпиону жана Франциянын Суперкубогунун жеңүүчүсү.

Ал, футболго 8 жашында Росарио шаарынын клубу Ниюэллс Олд Бойздо баштайт. 11 жашында Лионелге өсүү гармону (самототропин) жетишпестиги диагнозу коюлат. Барселонанын спорттук мүдүрү Карлес Рескач Мессини 13 жашында байкаган соң жаш талант ага катуу таасир калтырат. Ошондуктан ал клуб жетекчилиги менен Мессини жана үй-бүлөсүн Испанияга көчүрүп келип дарылоо тууралуу келишим даярдайт. Ошондон кийин Месси Барселонанын жаш өспүрүмдөр курамында ойной баштайт.

Месси Сантоско каршы, 2011

Барселонанын негизги курамында биринчи жолу 2004-жындын 16-октябрында ойногон Месси, Испания лигасында гол киргизген эң жаш футболчу наамына ээ. 2005-06 сезонунда Ла лига жана УЕФА Чемпиондор Лигасы чемпиондугун жеңет. 2006-07 сезонунда Эл класико дербисинде хет-трик кылганы жетишип, 26 лига мачында 14 гол саят. 2008-09-жыл карьерасындагы эң мыкты сезон болот. Анткени сезон боюнча 38 гол атып 6 кубок жеңет. 2009-10 сезонунда бардык турнирде 47 гол атып Роналдонун койгон рекордуна жетет. 2010-11 сезонунда 53 гол менен бул рекордду бузуп өзүнүн рекордун коёт.

2011/12 сезонунда Месси Испания чемпионатында, ошондой эле бүткүл Европада бир сезондо киргизген голдордун саны боюнча рекорд койгон. 2014/15 сезонунда Испания чемпионатынын тарыхында эң мыкты бомбардир болуп, клубу менен экинчи жолу требл утуп алган. 2018-жылы ал "Барселонанын" капитаны болуп, 2019-жылы алтынчы жолу "Алтын топту" алып, бир оюнчу үчүн эң көп сыйлык алуу боюнча рекорд койгон. 2021-жылы аргентиналыктын "Барселона" менен келишими аяктап, каталониялык клубдун каржылык абалына байланыштуу узартылган эмес. Буга байланыштуу Месси эркин агент болуп, француздардын ПСЖ (Paris Saint-Germain) клубуна бекер өткөн. 2022-жылы ал Германиялык футболчу Лотар Маттеустун дүйнөлүк чемпионаттагы беттештеринин саны боюнча рекордун жаңырткан.

Аргентинанын жаштар командасынын курамында Месси 2005-жылы дүйнө чемпиону болуп, ошол эле жылы Аргентинанын негизги курама командасында дебют жасаган. 2007-жылы Америка Кубогунда ал турнирдин күмүш медалынын ээси болуп, ошондой эле турнирдин эң мыкты жаш оюнчусу деп табылган. 23 жашка чейинкилер курамасынын курамында 2008-жылы Олимпиада чемпиону болгон. 2011-жылдан бери курама команданын капитаны катары Месси катары менен үч ири турнирдин финалына катышкан: 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугуна жана 2015 жана 2016-жылкы Америка Кубогуна, бирок бардык учурларда ал жана анын командасы жеңилип калган. 2016-жылы ал курамадагы эл аралык карьерасынан кеткенин жарыялаган, бирок кийинчерээк улуттук курама командага кайтып келип, 2018-жылы дүйнө чемпионатына, ошондой эле 2019-жылы Америка Кубогуна катышып, өз командасы менен үчүнчү орунду ээлеген. Андан кийин Месси 2021-жылы Америка Кубогун өз командасы менен жеңип, бул турнирдин мыкты бомбардири, мыкты ассистенти жана ошондой эле эң мыкты оюнчусу болгон. Андан кийин 2022-жылы Финалиссиманы жана Дүйнө чемпиондугун жеңген

Дүйнөдөгү эң атактуу спортчулардын бири деп эсептелинет. Ал 2006-жылдан бери Adidas спорттук кийимдерин чыгарган компаниянын негизги жарнамалык жүздөрүнүн бири. 2008-жылдан бери ал эң көп айлык алган футболчулардын бири болгон. 2019-жылы Forbes аргентиналыкты дүйнөдөгү эң көп маяна алган спортчу катары тааныган. Time журналы аны 2011, 2012 жана 2023-жылдары дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адамдын тизмесине киргизген. 2020 жана 2023-жылдары Месси Laureus World Sports Awards тарабынан жылдын мыкты спортчусу аталды, жана бул сыйлыкты алган биринчи футболчу болуп калды. Ошол эле жылы Forbes Мессини карьерасында 1 миллиард доллардан ашык киреше тапкан тарыхтагы экинчи футболчу деп атады.



Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]


(adecas)