Камп Ноу
«Камп Ноу»[1] (кат. Camp Nou, [ˈkam ˈnɔw][2], которулушу «Жаңы талаа») — «Барселона ФК» стадиону. 1957-жылы стадиондун ачылышы болгон. Алгачкы учурда стадион каталандыктардын тили менен Estadi del FC Barcelona («Барселона» футболдук клубунун стадиону) деп аталган.
«Камп Ноу» стадионуна 99 354 көрүүчү батат [3]; ошону менен катар эле сыйымдуулугу боюнча Испаниядагы жана Европадагы эң чоң стадиондордун катарын толуктайт. Бул стадион көрүүчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча мексикалыктардын «Ацтека» стадионунан кийинки экинчи оорунда турат.
«Камп Ноу» стадиону 1964-жылы футбол боюнча Европа чемпиондугун, 1982-жылы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты жана 1992-жылы футбол боюнча жайкы олимпиадалык турнерди кабыл алган. Еврокубоктун алкагында бир канча оюндарды жана финалдык оюндарды өткөргөн. Бир гана футболдук оюндар менен чектелбестен, Фрэнк Синатра, Майкл Жексон сыяктуу атактуу эстрада жылдыздарынын концерттери көрүүчүлөргө тартууланган.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Куруу иштери Франсеск Миро-Санс Барселона клубунун жетекчилигине келгенден кийин башталган. Бул стадионду куруу себептеринин бири эски стадионунун сыйымдуулугу аз болгон болсо, экинчи бир себеби негизги атаандаштары — «Реал Мадрид футбол клубуна» таандык Stadio Chamartín (кийинки аталышы «Сантьяго Бернабеу») аттуу стадионунун курулушу болгон. Стадиондун архитектуурасын бир туугандар Франсеск Митханс жана Миро-Санса чийген. Стадиондун ачылышы 1957 жылдын 24 сентябрь. Дүйнөдөгү эң чоң стадиондордун катарын толуктаган Камп ноуга алгачкы учурда 99 000 адам баткан.
Стадиондун алгачкы курулуп жаткан учурунда, клубдун негиздөөчүсү Ганс Гампердин атын коюну ылайык көрүшкөн, бирок жетекчиликтин чечими менен: Estadio del Club de Fútbol Barcelona (Барселона ФК стадиону) деп аталган. 2001-жылы президент Хуан Гаспардын жетекчилиги астында Камп Ноу деп аты өзгөртүлгөн.
Ачылышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Камп Ноу» 1957-жылдын 24 сентябрында расмий түрдө ачылат. Ачылыш аземинде салтка ылайык «Барселона» курамасы менен Польшанын «Легии» менен жолдоштук беттеш өткөргөн. Матч 4:2 эсебинде каталандуытардын пайдасына чечилген, ал эми жаңы стадиондогу алгачкы голду «Барселона» курамасынын оюнчусу Эулохио Мартинес киргизип тарыхта калган.
Алгачкы официалдуу беттешин 1957-жылы 6-октябрда Хаэндык «Реал» менен өткөргөн. Бул беттеште «Барселона» 6:1 эсебинде ири жеңишке жеткен. Голдун авторлору Вилаверде, Тэхада, жана Эулохио Мартинес (3)
Стадионду оңдоп түзөө иштери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Камп Ноу» бир канча жолу оңдолуп түзөтүлгөн.
Маанилүү спорттук иш-чаралардын тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Стадиондо футболдук мачтардан тышкары спортук жана маданий иш-чаралар өткөрүлүп турат.
Футбол боюнча Европа чемпиондугу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Камп Ноу» жана «Сантьяго Бернабеуда» 1964-жылкы Европа чемпионатынын финалдык оюндары өткөрүлгөн.
- 1964-жыл [[17-июнь] — полуфинал: СССР 3:0 Дания. 38 556 көрүүчү келген.
- 1964-жыл 20-июнь — үчүнчү оорун үчүн: Венгрия 3:1 Дания. 3 869 көрүүчү келген.
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1982-жылы 13-июнда Испанияда өткөрүлгөн дүйнөлүк футбол боюнча чемпионаттын алгачкы ачылыш оюну өткөрүлгөн.Аргентина 0:1 Бельгия.
- 13-июнь: биринчи тур — Аргентина 0:1 Бельгия. 65000 миң көрүүчү.
- 28-июнь: экинчи тур — Польша 3:0 Бельгия. 65000 миң көрүүчү.
- 1-июль: экинчи тур — Бельгия 0:1 СССР. 45000 миң көрүүчү.
- 4-июль: экинчи тур — Польша 0:0 СССР. 65000 миң көрүүчү.
- 8-июль: полуфинал — Польша 0:2 Италия. 50000 миң көрүүчү.
Олимпиадалык оюндар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1992-жылы 8-августа стадион футбол боюнча жайкы олимпиядалык оюндарынын финалдык оюнун кабыл алган. Ал беттеште Испания улуттук курамасы Полша улуттук курамасын 3:2 эсебинде жеңип алган.
Европа оюндарынын финалдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Камп Ноуда» эки жолу Чемпиондор лигасынын финалдык беттеши өткөн. Биринчиси 1989-жылы 24-майда болот. «Милан» «Стяуаны» 4:0 эсебинде утуп алган. Голдорду Франком Райкардом, Руудом Гуллитом жана Марко ван Бастен киргизген. Экинчи финалдык оюн 1999-жылы 24-майда болгон. «Манчестер Юнайтед» «Бавариян» (2:1) эсебинде утуп алган.
Ошондой эле эки жолукубок оюндары өткөн. Биринчи беттешүү 1972-жылы 24-майда болот. «Глазго Рейнджерс» 3:2 «Динамо Москва». Экинчи беттешүү 1982-жылы 12-майда болгон. «Барселона» 2:1 «Стандарт».
1964-жылы 24-июнда «Камп Ноуда» УЕФА кубогунун финалдык оюну болот. «Реал Сарагоса» «Валенсияны» 2:1 эсебинде утуп алат.
Стадиондо беш жолу УЕФА Суперкубогунун оюндары өткөрүлгөн:
- 1979-жыл — «Барселона» 1:1 «Ноттингем Форест». Эки оюндун жыйынтыгында «Ноттингем Форест» жеңишке жеткен.
- 1981-жыл — «Барселона» 1:0 «Астон Вилла». Эки оюндун жыйынтыгында «Астон Вилла» Форест» жеңишке жеткен.
- 1989-жыл — «Барселона» 1:1 «Милан». Эки оюндун жыйынтыгында «Милан» жеңишке жеткен.
- 1992-жыл — «Барселона» 2:1 «Вердер». Жеңүүчү — «Барселона».
- 1997-жыл — «Барселона» 2:0 «Боруссия». Жеңүүчү — «Барселона».
Испандык оюндардын финалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1963-жыл 23-июнь — Испания кубогунун финалы — «Барселона» 3:1 «Реал Сарагоса».
- 1970-жыл 28-июнь — Испания кубогунун финалы — «Реал Мадрид» 3:0 «Валенсия».
- 2010-жыл 19-май — Испания кубогунун финалы — «Атлетико Мадрид» 0:2 «Севилья».
- 2015-жыл 30-май — Испания кубогунун финалы — «Атлетик Бильбао» 1:3 «Барселона».
Испания улуттук курамасынын оюндары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1960-жыл 13 марта — Испания 3:1 Италия (жолдоштук беттеш)
- 1963-жыл 9 января — Испания 0:0 Франция (жолдоштук беттеш)
- 1969-жыл 30 апреля — Испания 2:1 Югославия (дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу оюндары)
- 1974-жыл 23 февраля — Испания 1:0 ФРГ (жолдоштук беттеш)
- 1975-жыл 12 октября — Испания 2:0 Дания (Европа чемпиондугу)
- 1980-жыл 26 марта — Испания 0:2 Англия (жолдоштук беттеш)
- 1981-жыл 12 ноября — Испания 1:2 Польша (жолдоштук беттеш)
- 1987-жыл 21 января — Испания 1:1 Нидерландия (жолдоштук беттеш)
Каталония улуттук курамасынын оюндары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1966-жыл 8-декабрь — Каталония 3:3 Чет элдиктердин курамасы (15 000 көрүүчү)
- 1968-жыл 7-ноябрь — Каталония 2:0 Атланта Мехико (8 000 көрүүчү)
- 1976-жыл 9-июнь — Каталония 1:1 СССР (35 000 көрүүчү)
- 2000-жыл 22-декабрь — Каталония 5:0 Литва (47 000 көрүүчү)
- 2001-жыл 28-декабрь — Каталония 1:0 Чили (57 000 көрүүчү)
- 2002-жыл 18-май — Каталония 1:3 Бразилия (96 700 көрүүчү)
- 2003-жыл 28-декабрь — Каталония 2:0 Китай (63 416 көрүүчү)
- 2003-жыл 28-декабрь — Каталония 4:2 Эквадор (67 100 көрүүчү)
- 2004-жыл 25-май — Каталония 2:5 Бразилия (80 000 көрүүчү)
- 2004-жыл 29-декабрь — Каталония Аргентина (65 320 көрүүчү)
- 2005-жыл 28-декабрь — Каталония 1:1 Парагвай (32 300 көрүүчү)
- 2006-жыл 8-октябрь — Каталония 2:2 Баскония (56 354 көрүүчү)
- 2008-жыл 24-май — Каталония 0-1 Аргентина (42.380 көрүүчү)
- 2008-жыл 28-декабрь — Каталония 2-1 Колумбия (29.300 көрүүчү)
- 2009-жыл 22-декабрь — Каталония 4-2 Аргентина (53 000 көрүүчү)
Эскерүү оюндары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1969-жыл 6-сентябрь — Феррана Оливельяга арналган оюн. «Барселона» бразилиялыктардын «Палмейрасы» менен беттешкен.
- [[1976-жыл] 1-сентябрь — Сальвадор Садурниге арналган оюн. «Барселона» «Стад де Реймс» командасы менен беттешкен.
- 1978-жыл 27-май — Йохан Кройффго арналган оюн. «Барселона» «Аякс» менен беттешкен.
- 1981-жыл 24-май — Хуан Мануэль Асенсиге арналган оюн. «Барселона» 2:1 «Пуэбла» (Мексика) менен беттешкен.
- 1981-жыл 1-сентябрь — [Карлес Рексач|Карлес Рексача]]га арналган беттеш. «Барселона» 1:0 Аргентина улуттук курамасы.
- 1984-жыл 11-сентябрь — Антонио Ольмо жана Педро Мариа Артолого арналган беттеш. «Барселона» 0:2 «Атлетик».
- 1984-жыл 9-октябрь — Куиниге арналган беттеш. «Барселона» 2:0 Лига курамасы.
- 1989-жыл [[5-сентябрь] - Мигелиге арналган беттеш. «Барселона» Болгария улуттук курамасы менен беттешкен.
- 1999-жыл 10 -март — Йохан Кройффтун урматына арналган беттеш.
Тарыхый оюндар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1957-жыл 24-сентябрь — «Барселона» 4:2 «Легия». Стадиондун ачылышыдагы достук беттеш.
- 1957-жыл 6-октябрь — «Барселона» 6:1 «Реал Хаэн». Стадиондогу алгачкы официалдуу беттеш.
- 1974-жыл 27-ноябрь — «Барселона ФК» 75-жылдыгына арналган беттеш.
- 1998-жыл 28-ноябрь — «Барселона ФК» 100-жылдыгына арналган беттеш. «Барселона» 0:1 «Атлетико Мадрид».
- 1999-жыл 28-апрель — «Барселоной» менен Бразилия улуттук курамасынын 100-жылдык салтанатка карата болгон беттеш.
- 2012-жыл 20-март — Ла-Лиги алкагындагы «Гранадыа»(5:3) менен болгон оюн.Бул оюнда Лионель Месси «Барселонанын» официалдуу өткөргөн мачтарынын бомбардири болгон.
Концерттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1985 год 7 июля — Луиса Лаханын концерти.
- 1988 год июль — Фрэнк Синатранын концерти.
- 1988 год 3 августа — Брюс Спрингстинанын концерти.
- 1988 год 9 августа — Майкл Жексондун концерти.
- 1988 год 8 сентября — Хулио Иглесиасдин кнцерти.
- 1988 год 10 сентября — Брюса Спрингстина, Стинг, Питер Гэбриел, Юссу Н’Дур жана Трэйси Чэпмендин концерти
- 1997 год 13 июля — Хосе Каррерас, Пласидо Доминго жана Лучано Павароттин концерти.
- 1999 год 1 октября — Барселонанын жүз жылдыгына карата Хосе Каррерасанын коцерти.
- 2005 год 7 августа — U2нин концерти.
- 2008 год 19 жана 20 июля — Брюса Спрингстинанын концерти.
- 2009 год 30 июня жана 2 июля — U2нын концерти.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Барса.Ру. Текшерилген күнү 25 -январь (үчтүн айы) 2009. Түп булактан архивделген күнү 26 -февраль (бирдин айы) 2012.
- Эстетика и функциональность "Камп-Ноу". Текшерилген күнү 13 -март (жалган куран) 2009. Түп булактан архивделген күнү 26 -февраль (бирдин айы) 2012.
- FC Barcelona.cat (англ.). FC Barcelona Information. Текшерилген күнү 25 -январь (үчтүн айы) 2009. Түп булактан архивделген күнү 26 -февраль (бирдин айы) 2012.
- Новогодний подарок всем барсаманам! Больше чем стадион.. Барсамания. Текшерилген күнү 25 -январь (үчтүн айы) 2009. Түп булактан архивделген күнү 26 -февраль (бирдин айы) 2012.
- Стадион Камп Ноу: видео.
Калып:Футбольный клуб Барселона Калып:Достопримечательности Барселоны Калып:Стадионы чемпионата мира по футболу 1982 Калып:Стадионы финалов Лиги чемпионов УЕФА Калып:Стадионы финалов Кубка обладателей кубков УЕФА Калып:Стадионы чемпионата Испании по футболу