Икрамжан Илмиянов

Википедия дан
Икрамжан Илмиянов
Туулган датасы:

1 -июль 1975(1975-07-01) (48 жаш)

Туулган жери:

Катраң, Лейлек району, Баткен облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Билими:

Экономист

Партиясы:

КСДП

Икрамжан Илмиянов — Мамлекеттик жана коомдук ишмер, Көк-бөрү федерациясынын президенти.Бир нече жылдар бою "Кыргызавтомаш" жана "Электротехник" акционердик коомдорунда айдоочу болуп иштеген жана ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу жана кеңешчиси катары белгилүү. Экономист адистиги боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1-июль 1975-жылы Икрамжан Илмиянов Баткен облусунун Лейлек районунун Катраӊ айылында туулган.

  • 2009-2010-жылдары "Медиа-Форум" ачык акционердик коомунда экономист;
  • 05.2010-07.2011 – Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басарынын жардамчысы;
  • 12.2010-12.2011 – Кыргыз Республикасынын премьер-министринин жардамчысы;
  • 12.2011-10.2012 – Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары;
  • 11.2012-04.2015 – Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;
  • 2015-жылы Президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп иштеген;
  • 2017-жылы апрель айында Көк-бөрү федерациясынын президенти болуп дайындалган;

"Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеӊешчиси" класстык чини бар. 7 бир тууган. Бир иниси райондук салык кызматкери болуп иштейт, калгандары жеке ишкердик менен алектенет. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.