Илимдер Академиясы тоо кыркасы
Көрүнүш
(«Илимдер Академиясы кырка тоосу» барагынан багытталды)
Илимдер Академиясы тоо кыркасы — Памирдеги тоо кыркасы. Меридиан багытында созулат. Узундугу 110 км тегерегинде.
Эң бийик жери — Коммунизм чокусу (7495 м).
Палеозойдун чөкмө жана метаморфизмделген тоо тектеринен, чанда граниттен турат. Кыр жагына альп рельефи мүнөздүү. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 660 км2ге жетет. Ири мөңгүлөрү Федченко, Гармо ж.б. Ландшафты гляциалдык-нивалдык жана субнивалдык. Тоо кыркасын алгачкы жолу Н.Л. Корженевский изилдеген.
1927-жылы СССР Илимдер академиясынын урматына аталган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5