Илимдер Академиясы тоо кыркасы

Википедия дан
Илимдер Академиясы тоо кыркасы

Илимдер Академиясы тоо кыркасыПамирдеги тоо кыркасы. Меридиан багытында созулат. Узундугу 110 км тегерегинде.

Эң бийик жери — Коммунизм чокусу (7495 м).

Палеозойдун чөкмө жана метаморфизмделген тоо тектеринен, чанда граниттен турат. Кыр жагына альп рельефи мүнөздүү. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 660 км2ге жетет. Ири мөңгүлөрү Федченко, Гармо ж.б. Ландшафты гляциалдык-нивалдык жана субнивалдык. Тоо кыркасын алгачкы жолу Н.Л. Корженевский изилдеген.

1927-жылы СССР Илимдер академиясынын урматына аталган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]