Ильина Лидия Александровна

Википедия дан

Ильина Лидия Александровна (1915, азыркы Рязань облусунун, Михайлов шаары) — кыргыз совет графикачысы, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү (1963).

Москва көркөм сүрөт институтун бүтүргөн (1939). Кыргызстанда 1939-жылдан иштейт. 1947-ж. окутуучусу В. Фаворскийдин таасири менен "Манас" эпосуна кайрылган. Ал өзүнүн гравюраларындагы кыргыз улуттук оюмдарында эпостогу көрүнүштөрдү же эпизоддорду гана чагылдырбастан, баатыр-каармандардын образын да ачып берген. “ Алмамбет — Манастын баатыры”, “Бакай — Манастын баатыры” жана башкалар гравюраларында бет маңдайынан жайгаштырылган баатырлардын тулкулары кагаздын тегиз бетине өзгөрүлбөгөн абалда ишке ашырылган. Ал "Манас" темасына 1972-ж. кайрадан кайрылып линогравюра техникасында “Эпос”, “Манасчы” серияларын жараткан. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1971).

Кыргыз ССР Жогорку Советинин (6—7-шайл.) депутаты. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4