Илээшкектүү серпилгичтик

Википедия дан

Илээшкектүү серпилгичтик ― катуу нерселердеги чыңалуу-деформация диаграммасынын жүктөө процессинин ылдамдыгына жана температурага көз карандылыгын көрсөткөн касиети.

Мындай көрүнүштөр илээшкектүү серпилгичтик касиеттердин катуу нерселерде бир мезгилде таасир эткен учурунда гана пайда болот. Эгерде материалдын чоюу диаграммасы убакытка көз каранды болсо, бул материал илээшкектик касиетке ээ деп айтабыз. Мисалы, болоттон жасалган үлгүлөрдү сынаган учурда алардын диаграммасы 400 °С баштап убакытка көз карандылыгын көрсөтө баштайт. Көпчүлүк материалдарда мындай көрүнүштөр бөлмө температурасында эле байкала баштайт. Мындай касиетке дээрлик бардык пластмассалар ээ. Илээшкектүү серпилгичтикти ар кандай таштар, бетон жана жыгач материалдары дагы көрсөтүшөт. Илээшкектүү серпилгичтик касиетке ээ болгон материалдарда аларды толук жүксүздөтүүдөн кийин да калдык деформациясы болот. Бул калдык деформация убакыт өткөн сайын өзүнөн өзү жоголот.

Илээшкек суюктуктун эсептөө моделин биринчилерден болуп Ньютон киргизген, ошондуктан алар Ньютон суюктуктары деп аталат. Бул модель боюнча сызыктуу чыңалуу абалы үчүн чыңалуу менен деформациянын ылдамдыгы пропорциялаш. Ал эми серпилгич нерселер үчүн Гук мыйзамы боюнча чыңалуу менен деформация төмөнкүчө байланышат: s=Е λ e. Ушул эки мыйзамды колдонуп сызыктуу илээшкек серпилгич нерсе үчүн чыңалуу менен деформациянын арасындагы байланышты төмөнкүчө жазса болот: мында Е-серпилгичтик модулу, ал эми λ – илээшкектиктин сызыктуу коэффициенти деп аталат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0