Иманалиев, Киреше

Википедия дан

Киреше Иманалиев 1927-жылы Ысык-Көл обласынын Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылында туулган.(1927-ж т., Ысык-Көл обл., 1998, Бишкек ш.). Көрүнүктүү окумуштуу-методист, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери.

Иманалиев 1957-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун тил жана адабият факультетин аяктап, кыргыз адабияты кафедрасында окутуучу болуп иштеген. Өмүрүнүн акырына чейин ошол факультетте эмгектенген. 1954-ж. филология илимдеринин кандидаты, 1956-ж. кыргыз адабияты кафедрасынын доценти болгон. 40 жылдан ашык педагогдук ишинде ал 20 жылдан ашык улуттук университеттинттин кыргыз тили жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасын жетектеген. Иманалиевди республикада кыргыз адабиятын окутуунун методикасы илиминин негиздөөчүсү деп эсептөөгө болот.

Анын калеминен алгачкы ирет «Кыргыз адабиятын окутуунун методикасы» деген саамалык эмгек жаралып, педагогикалык жана ил. коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган. Ал орто мектептер жана пед. атайын орто жана жогорку окуу жайлары үчүн кыргыз адабияты б-ча бир нече окуу программаларынын жана 9–10-кл. үчүн Кыргыз совет адабияты окуу китебинин автору болгон. Бул эмгек 20 жолудан ашык басылып чыккан. И. орто мектепте кыргыз адабиятын окутуунун көп жактуу проблемалары боюнча жазылган бир нече илимий-методикалык эмгектин, 100дөн ашык илимий макалалардын да автору.

Анын калеминен монографиялык, окуу-методикалык жана колдонмо эмгектер, окуу программалары жаралып, анын жетекчилиги менен пед. илимдин 10дон ашык кандидаты жана доктору даярдалган. Иманалиев илимий педагогикалык иш менен бирге эле бир катар коомдук иштерди да аткарган. Билим берүү министрлигинин алдындагы кыргыз филологиясы боюнча илимий-методикалык кеңештин төрагасы, улуттук университеттин окумуштуулар кеңешинин жана адабият боюнча докторлук диссертацияларды коргоо боюнча атайын кеңештин мүчөсү болгон. Көп жылдык педагогдук жана илимпоздук эмгеги жогору бааланып, Эмгек Кызыл Туу ордени, бир катар медалдар, «Билим берүүнүн отличниги», «Жогорку билим берүүдө жетишкен мыкты ийгиликтери үчүн» төш белгилери, Ардак грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,