Иманалиев Белдибек

Википедия дан

Иманалиев Белдибек (25.10.1925, Каныш-Кыя айылы - 3.9.1969, ошол эле жер) - билим берүү тармагынын көрүнүктүү ишмери.

  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1942-1947).
  • Жалал-Абад шаарындагы педтехникумду(1950), Ош мамлекеттик пединститутунун кыргыз тили жана адабияты факультетин (1959) бүткөн.
  • 1937-жылы 7-классты бүтүргөндөн кийин эле мугалим болуп иштеп баштаган.1942-жылдан Каганович (Жер-Капчыгай) колхозундагы 7 жылдык мектепте кыргыз тили, тарых, география сабактары боюнча мугалим болуп иштеген.
  • 1950 жылдан Жаңы-Базар айылындагы Буденный атындагы жети жылдык мектепте мугалим,
  • 1951-55-ж.Чукурчак айылында жаңы ачылган башталгыч мектептин, Коргон-Сай айылындагы Карл Маркс атындагы 7 жылдык мектептин директору,кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча мугалим,1955-жылдан Фрунзе атындагы жети жылдык мектепте директор, Жер-Капчыгай айылындагы Ф.Энгельс атындагы мектепте мугалим болуп эмгектенген.
  • 1956-58-ж.КП БКнын Чаткал райкомунун аппаратында кабинет башчы, Ф.Энгельс атындагы мектепте директор болуп иштеген.
  • 1958-60-жылдары К.Маркс атындагы мектептин директору, кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча сабак берген.
  • 1960-66-жылдары Каганович (азыркы Жер-Капчыгай) айылындагы Ф.Энгельс атындагы мектепте директор,
  • 1966-1969-жылдары К.Маркс атындагы мектепте директор, мугалим болуп эмгектенген.
  • “Улуу Ата Мекендик согуш” ордени (1945), “Будапештти бошоткондугу үчүн» (1945), “Венаны бошоткондугу үчүн” (1945) медалдары менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6