Имангазы Исагул уулу
Көрүнүш
Имангазы Исагул уулу (1934, Токтогул району, Толук айылы) — [[семетейчи]]. “Семетейди” 6—7 жашында айта баштаган. Анын жалпы мазмунун атасынан үйрөнгөн. Сюжеттик мазмунун ыр аралаш айтат. 1952-ж. Жалал-Абад шаарындагы орто мектептин 8-классында окуп жүргөн кезинде “Семетей” дастанынан 822 сап ыр көлөмүндө жазылып алынган (Кол жазмалар фондусу, 274-инв.). Сюжети көп жактан салттык нукта айтылып, өзгөчө Саякбай Каралаевдин варианты на өтө жакын.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|