Иманкулов, Бейшен

Википедия дан

Иманкулов Бейшен (1930-ж.т., Ак-Суу ооданы, Сары-Камыш айылы - 28.10.2019,Хийумаа) — химик, химия илимдеринин доктору (1972), профессор (1974). Кыргызстан ИАнын мүчөсү (1977).
1953-жылы КМУну бүткөн.
1956—1968 жылдары Кыргызстан ИАнын Органикалык эмес жана физикалык химия институтунда илимий кызматкер жана 1971—1975 жылдары лаборатория башчысы. 1975—1989 жылдары ошол институттун мүдүрү.
1989-жылдан Асыл металлдар химиясы жана технологиясы лабораториясынын башчысы.
Иманкулов туздар менен аминдердин өз ара аракеттенүү реакцияларын изилдеп, алар кислоталар менен негиздер теориясынын мыйзам ченеми менен түшүндүрүлөрүн аныктаган.
200ден ашык жаңы бирикме алып, аларга изилдөө-химиялык мүнөдөмө берген. Ал синтездеген бирикмелердин бир катары жогорку биологиялык активдүүлүккө ээ болуп, техникалык өсүмдүктөрдүн өсүүсүн жана өрчүшүн тездетет. Кээ бир препараттары медицинада кан пайда кылуучу, шишикке каршы, гипотензивдуу каражаттар катары пайдаланылат.
Иманкулов 200дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 5 монография, 14 автордук күбөлүк жана башка) автору.
Медалдар менен сыйланган.

Орус тилиндеги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алюмосульфатные источники Киргизии. — Фр.: 1971,
Взаимодействие ацетамида с неорганическими солями. — Фр.: 1972.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.