Иманкулов, Муратбек Калматович

Википедия дан
Муратбек Калматович Иманкулов. 02.07.2016.

Муратбек Калматович Иманкулов (Muratbek Imankulov) – кыргыздын педагог жана тарыхчы илимпозу, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 1960-жылы 30-декабрда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Ат-Башы жергесинде Кара-Суу кыштагында туулган.

1978-1983-жж. – Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде таалим алган.

1994-1997-жж. – Кыргыз билим берүү институтунда аспирантурада окуп, жалпы педагогика тармагында “тарыхый билим берүү” адистиги боюнча иликтөө жүргүзгөн.

2000-ж. – Кыргыз билим берүү институтунун алдындагы Адистештирилген Окумуштуулар Кеңешинде: «Кыргызстан тарыхы курсунун илимий-педагогикалык негиздери» деген темада педагогика илимдеринин кандидаты наамын алуу үчүн кандидаттык диссертациясын коргогон.

2009-ж. азыркыга чейин – Кыргыз билим берүү академиясынын тарых-коом таануучулук жана эстетикалык предметтер лабораториясынын башчысы. Кыргыз Тарых Коомунун (2012) мүчөсү.

Айрым эмгектери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Муратбек Калматович Иманкулов орто мектептердин 9-классы үчүн жазылган «Кыргызстан тарыхы» окуу китебинин автору.

Бул окуу китеби кыргыз тилинде (1998, 2003 жана 2004-ж., 2012-ж., Кыргызстан, Бишкек), өзбек тилинде (1996 г., Кыргызстан, Жалал-Абад, 2004-ж. Кыргызстан, Бишкек) жана орус тилинде (2006 гг. Кыргызстан, Бишкек) жарык көрдү.

Иманкулов М. Историко-культурный атлас Кыргызстана. - 2001-ж., Довер (АКШ), Москва (Россия), Бишкек (Кыргызстан).

Автордошуп жарыялагандарынан:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окутуунун интерактивдүү усулдары жана классты башкаруу (Сайназаров К., Иманкулов М., Шультер Б. ж.б.), (кыргыз, орус, өзбек тилдеринде), 2004-ж., Бишкек.

Кыргыз Республикасынын мектептик тарыхый билим берүүнүн мамлекеттик билим берүүчү стандарты (Жумушчу тобунун жетекчиси), Бишкек, 2005-ж.

Кыргыз Республикасынын мектептик «Адам жана коом» курсу боюнча мамлекеттик билим берүүчү стандарты (Жумушчу тобунун мүчөсү), Бишкек, 2005-ж.

Жалпы билим берүүчү мектептер, гимназиялар жана лицейлер 5-11 класстары үчүн тарых боюнча программалары (автордук коллективдин мүчөсү).

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]