Иманкулов Эмилбек

Википедия дан

Иманкулов Эмилбек (31. 7. 1933-ж. туулган, Суусамыр өрөөнү, Үлгү айылы) - эмгек сиңирген агроном.

К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн (1956). Ысык-Ата районундагы «Кеңеш» колхозунда (1950-60), Жумгал райондук айыл чарба башкармалыгында (1960-68), Суусамыр машина мал чарба станциясында башкы агроном, Тогуз-Торо райондук айыл чарба башкармалыгында начальник болуп эмгектенген.

Айыл чарба министрлигиндеги жайыт боюнча башкы башкармалыгында начальниктин орун басары (1968-69), Кенес-Анархай машина мал чарба станциясында директор (1969-76), Кант районунун айыл чарба башкармасынын начальниги (1976-94), 1994-жылдан «ЖанКан-Ай» дыйкан чарбасынын башчысы болуп эмгектенүүдө. Бир нече жолу айылдык, райондук кеңештерге депутат болуп шайланган. Кант райондук партия комитетинин бюро мүчөсү болуп келген.

  • 1958-ж. ВДНХнын чоң күмүш, 1970-ж. «Эмгектеги каармандыгы» жана 1984-ж. «Эмгек ардагери» медалдарын, 1973-ж. «Ардак Белгиси», эки жолу Эмгек Кызыл Туу (1981, 1986) ордендерин алган.
  • 1991-ж. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
  • 1985-ж. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген агроному наамына татыктуу болгон.
  • Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген эмгеги үчүн өзгөчө пенсиянын ээси.
  • Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9