Иманова Бүзейнеп

Википедия дан

Иманова Бүзейнеп 1960-жылы Жалал-Абад Аоблусундагы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1977-жылы Макаренко атындагы орто мектепти бүтүрүп, Россиянын Оренбург шаарындагы Мамлекеттик В. П. Чкалов атындагы институнун тарых жана филология факультетине тапшырып,
  • 1982-жылы ийгиликтүү аяктаган.
  • Андан кийин, Кыргыз Улуттук Университетинин юриспруденция адистиги боюнча жогорку окуу жайын бүтүргөн.
  • Эмгек жолун 1982- жылы Жалал-Абад шаарындагы №8-орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган.
  • 1982-1991-жылдары шаардагы медициналык окуу жайында комсомол комитетинин катчысы, №13- орто мектебинде мугалим жана №71-айыл чарба атайың орто окуу жайында мугалим болуп үзүрлүү эмгектенип келген.
  • 1991-жылы Көк-Жаңгак шаардык ЗАГС (ЖААК-жарандык абалдын актыларын каттоо) бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалып, ал жерде 1998-жылга чейин иштеп,
  • 1999-жылдан азыркы күнгө чейин, Жалал-Абад шаардык ЖААК бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенип келатат.
  • Талыбас эмгегинин натыйжасында Адилет министрлигинин ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын ардак грамоталары менен сыйланган.
  • 2007-жылы “Юстициянын отличниги” наамы,
  • 2008-жылы “З-класстагы Юстициянын кеңешчиси” деген класстык чин ыйгарылган.
  • Үй-бүлөөлүү,
  • 2 кыз бир уулдун энеси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3