Имараттын дубалы

Википедия дан

Имараттын дубалы - имараттын тигинен калкалагыч жана үстүндөгүлөрүн көтөрүп туруучу бөлүгү.

Имараттын дубалы тышкы жана ички болуп бөлүнөт. Тышкы дубал жылуулукту начар өткөрүүчү, чыдамдуу жана бекем болушу зарыл. Ички дубал да чыдамдуу, үндү начар өткөрүүчү болуп, ж. б. талаптарды канааттандырышы керек. Сырткы дубал күч келүүчү, өзүн көтөрүүчү жана күч келбөөчү болуп айырмаланат. Күч келүүчү дубал чатырдын, шыптын жабуусунун, өзүнүн ж. б. салмактарын көтөрүп турат. Өзүн көтөрүүчү жана күч келбөөчү дубалдар ар бир кабатта өздөрүнүн гана салмагын көтөрөт.

Имараттын дубалы кураштырылып, бетондон куюлуп (монолиттүү) жана кирпичтен кыналып тургузулат. Кураштырма дубалдын бөлүктөрү заводдо даярдалат да, курулуш аянтында кураштырылып тургузулат; монолиттүү дубал которулуштуруп коюлуучу опалубкалар менен бетондон куюлат. Имараттын кураштырма дубалы конструкциялык өзгөчөлүгүнө жараша кураштыруу учурунда атайын бекиткичтер менен карматылуучу анча калың эмес ири панелдүү жана кураштырганда убактылуу бекитүүнү талап кылбаган кыйла калыңдыктагы ири блоктуу болуп бөлүнөт. Имараттын дубалын тургузуу үчүн дубал материалдары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.