Имарат козу карындар

Википедия дан

Имарат козу карындар - афиллофорлор тукумундагы базидиялуу козу карындар. Орг. заттар менен азыктанат. И. к. к. жыгачты мицелий жана базидиоспоралары менен жабыркатат. Базидиоспоралар аба аркылуу тез жана жеңил тарайт да бир нече жылдын ичинде өнүү жөндөмдүүлүгүн жоготпойт. И. к. к-дын спораларынын өнүгүүсү, мицелийинин өсүүсү ынгайлуу температурада жана нымдуулукта гана өтөт. Алар үчүн оптималдуу темп-ра 20-27оС, минималдуу темп-ра 5 -9оС, абанын салыштырма нымдуулугу 80-85 %. Түндүк жарым шарда 8 уруунун 50 түрү белгилуу. Кадимки үй козу карыны кеңири тараган. Ийне жалбырактуу токойдо өскөн дарактардын сөңгөгүн, дүмүрүн, курулуштагы жыгач материалдарды, устун жыгачтарды, тактайларды тез чиритип жиберет.Өтө жугуштуу, ал тараган жыгач, тактай жарым же бир жылда бүт чирийт. Аларды өрттөп жок кылуу зарыл. Инфекциянын пайда болушу жана анын андан ары өнүгүүсү, курулуш эрежелери бузулганда гана жүрөт. Көбүнчө курулушка жакшы кургатылбаган, антисептик менен иштетилбеген, кабыгынан тазаланбаган жыгач материалдарын колдонгондо келип чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]