Инфекция

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Грам-тастыкталган бактериялар – жугуштуу бактерияларды көрсөткөн түстүү сүрөт Адистиги:   Инфекциялык оорулар Себептери: бактерия, вирус, грибок, мите


Инфе́кция (латын тилинин inficio, infeci, infectum «жугузуу» сөзүнөн) — бул бактерия, вирус, мите жана козу карын сыяктуу патогендик микроорганизмдердин өз ара аракеттенүүсүнөн кийин  алардын тирүү организмдерге жугушу. Бул бактерияларды жуктуруу жугуштуу оорулардын пайда болушуна алып келет. Аталган термин жугуштуу бактериялардын адам организми менен таасирлешүүсүнүн ар кандай түрлөрүн билдирет.  

Оорулар адамдан адамга түз же кыйыр түрдө жугушу мүмкүн. Инфекция организмге патогендик микроорганизм (вирус же бактерия) бекем жайгашып, ал жерде өсүп жана көбөйгөндө башталат.

Оорунун сыпаттамасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Адам чалдыгуучу ар кандай оорулардын арасында ар түрдүү микроорганизмдер козгогон оорулар өзгөчө орунду ээлейт. Бул оорулар адамдан адамга же ылаңдаган жаныбарлардан, канаттуулардан, муунак буттуулардан же балыктардан жугат. Бул оорулар бактериялар менен вирустардан улам пайда болот. XIX кылымдын ортосунан баштап мындай оорулар жугуштуу оорулар деп атала баштаган. "Инфекция" термини 1841-жылы К.Гуфеланд тарабынан киргизилген, бирок ал негизинен венерикалык ооруларды аныктоодо колдонулган.

Жугуштуу оорулар бириндеп же массалык түрдө пайда болуп, көп адамдарды жабыркатат. Жер шарынын бир нече контингентинде адамдарга таасири күч кеңири жайылган эпидемиялар пандемия деп аталат.

Жугуштуу ооруларды изилдөө үчүн медицинанын башка тармактары менен байланышкан инфектология деп аталуучу жугуштуу оорулар жөнүндө илим бар. Ал жугуштуу бактериялардын организм менен таасирлешүүсүнөн пайда болгон инфекциялык процессти, жугуштуу ооруну, анын патологиясын изилдейт.

Инфекциялардын түрлөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Жышаандары окшошу мүмкүн болгон бактериялык жана вирустук инфекциялар бар. Алардын айырмасын билүү зарыл, анткени бактериялык инфекциялар антибиотиктер менен дарыланат, ал эми вирустук инфекцияларды антибиотиктер менен дарылоого тыюу салынат.

Вирустук жана бактериялык инфекцияларды салыштыруу
Түрлөрү Бактериалдык инфекция Вирустук  инфекция
Оорунун белгилери Бул инфекциянын жышаандарынын бири – дененин / организмдин белгилүү бир бөлүгүндөгү оору. Мисалы, бактериялар кесилген жерге кирип кетсе, ириң чыгат. Ал жер катуу сыздайт. Вирустук инфекциянын жышаандары системалык мүнөзгө ээ, башкача айтканда вирус дененин / организмдин ар кайсы бөлүктөрүн жабыркатат. Мурундан суу агуу, мурун бүтүү, жөтөлүү, дененин оорушу ж.б.
Себептери Патогендик бактериялар Патогендик вирустар

Инфекциялар төмөндөгүдөй болуп да бөлүнөт:

  • Генерализацияланган инфекция – козгогуч организмге лимфогендик (лимфа тамырлары аркылуу) жана гематогендик (кан тамырлар аркылуу) жол менен тараган инфекция.
  • Локалдык инфекция – вирус дененин белгилүү бир бөлүгүндө таралат. Бул инфекциялар ангина, аппендицит, дифтерия менен ооруганда пайда болот. Айрым учурларда локалдык инфекция жалпы инфекцияга айланып кетиши мүмкүн.
  • Жалпы инфекция – бул жугуштуу бактериялардын канга сиңип, бүтүндөй организмге жайылышы. Денеге кирген микроб сиңген жеринде көбөйүп, андан соң канга өтөт. Инфекциянын бул түрү сасык тумоодо, келтеде, сифилисте байкалат.
  • Жашыруун инфекция – организмде вирустун көбөйүшү эч кандай жышаандарды жаратпаган абал.
  • Башат инфекция – бул  кайсы бир органдын сезгенишинен пайда болгон инфекция.

Оорунун жышаандары[оңдоо | булагын оңдоо]

Жугуштуу ооруларды аныктоо, айрыкча алардын өнүгүшүнүн алгачкы мезгилинде чоң кыйынчылыктарды жаратат. Инфекциянын жышаандары ар дайым оорунун түрүнө жараша болот. Жугуштуу инфекциянын айрым жышаандары мисалы, чарчоо, тамакка болгон табиттин төмөндөшү, арыктоо, калтыроо, чыйрыгуу, ооруксунууну иретинде  бүт денеге таасир этет. Инфекциянын башка жышаандары дененин / организмдин белгилүү бир бөлүктөрүнө мүнөздүү, мисалы, тери темгилдери, жөтөлүү, мурундан суу агуу түрүндө болот.

Ал эми жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын көпчүлүгү эч кандай жышаандарсыз эле  же жеңил гана жышаандар менен коштолгондуктан, алар байкалбай калышы мүмкүн.

Айрым учурларда, жугуштуу оорулар оорунун жүрүшүндө жышаансыз өтүшү мүмкүн. Мындай учурлар ооруну эч кандай белгилерсиз алып жүрүүчүлөрдө катталган. Оорунун жышаандары билинбеши, бирок аны алып жүрүүчү адам инфекцияны башкаларга жуктурушу мүмкүн.

Оорунун жугуу жолдору[оңдоо | булагын оңдоо]

Жугуштуу ооруларды жуктуруу андай оору менен (мисалы, сасык тумоо) жабыркаган адам менен байланышуу гана жетиштүү экендиги менен айырмаланат. Жугуштуу оорулар, адатта, адамдан адамга аба аркылуу жугат, микроорганизмдер организмге мурун, ооз же көз аркылуу кириши мүмкүн.

Потенциалдуу инфекция булганган нерселер аркылуу: тамак-аш жана ичүүчү суу, жаныбарлар менен байланышуу, курт-кумурскалар чакканда жугушу мүмкүн.

Хламидиоз, гонорея, сифилис же трихомониаз сыяктуу кын, аналдык жана оралдык жыныстык катнаш аркылуу жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар дагы бар.

Ооруну алдын алуу[оңдоо | булагын оңдоо]

Санитардык абалды жакшыртуу жана инфекциянын алдын алуу боюнча натыйжалуу иш-чаралар, анын ичинде эмдөө иштери жугуштуу оорулардын жайылышын азайтышы мүмкүн.

Ар дайым колду жууп туруу, беткап тагынуу жана медициналык колкап кийүү сыяктуу ыкмалар жугуштуу оорулардын бир адамдан экинчи адамга өтүшүн, келечекте массалык түрдөгү инфекциялардын алдын алууга жардам берет.

Тыюу салынган дары-дармектерди колдонуудан баш тартуу, презервативди пайдалануу жана туура тамактануу, дайыма күч көнүгүүлөрүн жасап жүрүү менен сергек жашоодо жашоо менен дагы жугуштуу ооруларды алдын алууга болот.

Инфекциянын жугушун алдын алуу үчүн төмөнкүлөрдү дайыма колдонуп туруу зарыл:

  • Инфекцияны дарылоо үчүн эмес, алдын алуу үчүн колдонулган антибиотиктер.  
  • Массалык инфекцияга шектелген учурларда, адамдар инкубациялык мезгил өткөнгө чейин карантинге алынышы мүмкүн.
  • Айрым инфекциялар мисалы, эмдөө, антибиотиктер жана химиотерапия сыяктуу жугуштуу оорулардын өсүшүнө каршы туруу үчүн медициналык дарылоо ыкмаларын талап кылат.

Дарылоо[оңдоо | булагын оңдоо]

Жугуштуу ооруга чалдыккан адамды дарылоо ар тараптуу жана анын абалын так талдоонун негизинде жүргүзүлүшү керек. Дары-дармектер бейтаптын абалына, курагына, оорусунун татаалдашына жараша тандалат.

Көпчүлүк жугуштуу ооруларды дарылоодо эң башкысы, инфекциянын козгогучуна таасир этүү жана анын толук жок кылуу эсептелет. Жугуштуу оорунун түрүнө жараша антибиотиктер, химиялык дары-дармектер, вируска каршы, грибокко каршы дары-дармектер колдонулат. Антибиотиктер бактерияларга каршы гана колдонууга жарайт.

Тарыхтагы пандемиялар[оңдоо | булагын оңдоо]

Эгерде инфекцияны көзөмөлдөөгө мүмкүн болбосо, массалык түрдө жугуу коркунучу пайда болот. Пандемия – дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүн өз ичине камтыган  абдан коркунучтуу оору түрү.

Байыркы замандардан бери карай дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө төмөндөгүдөй жугуштуу оорулардын оор эпидемиялары далай ирет болуп өткөн:
Аталышы Оорунун белгилери Курмандык-н саны
Чума

1347-1352

Безгек, лимфотүйүндөрдүн, өпкөнүн жана башка ички органдардын жабыркашы. Өтө жугуштуу оору Евразияда жана Түндүк Африкада 75-200 млн. адам
Холера

1816-1826

1829-1851

1852-1860

1863-1875 

1881-1896

Ичке ичегинин жабыркашы, ич өткөк, кусуу, суюктукту тез жоготуу, өлүмгө алып барган суусуздануу. Өзгөчө кооптуу инфекцияларга кирет. 1 млрд чукул адам
Келте оорусу

XIX кылым

Калтыроонун жана уулануунун фонунда психикалык жабыркоолор менен коштолгон бир нече жугуштуу оорулардын аталышы. 30 миллионго жакын адам
Сасык тумоо 

1918-1920

1957-1958

1968-1969

2003-2008

2009-2010

Курч патогендик вирустук инфекциялардан улам пайда болгон дем алуу жолдорунун инфекциялык оорусу. 102 миллионго жакын адам
Кургак учук

XX кылым

Какырык коштолгон узакка созулган жөтөл, дене табынын жогорулашы, безгек, алсыроо, арыктоо жышаандары менен аныкталат. 100 миллиондон жогору адам
ВИЧ-инфекциясы   1981-2006 Вирустук инфекция организмдин клеткаларын жабыркатып, андан улам иммундук жетишсиздик синдрому (СПИД) пайда болот, мунун кесепетинен организм инфекцияны жеңе албайт. 25 миллион адам
COVID-19 коронавирус инфекциясы

  2019-2020

Жогорку дене табы, жөтөл, чарчоо, энтигүү, булчуң жана муун оорулары менен коштолгон вирустук катуу инфекция. 1,36 миллиондон ашуун адам

Дагы караңыз[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Иммунизация

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. https://www.who.int/ru/news-room/fact-sheets/detail/sexually-transmitted-infections-(stis)#:~:text=%D0%A7%D0%B5%D1%82%D1%8B%D1%80%D0%B5%20%D0%B8%D0%B7%20%D1%8D%D1%82%D0%B8%D1%85%20%D0
  2. https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%9F%D0%B0%D0%BD%D0%B4%D0%B5%D0%BC%D0%B8%D1%8F
  3. https://es.wikipedia.org/wiki/Infecci%C3%B3n#Barreras,_respuesta_inmunitaria_y_profilaxis
  4. https://en.wikipedia.org/wiki/Infection#Treatments
  5. https://www.who.int/topics/infectious_diseases/ru/ Archived 2020-10-19 at the Wayback Machine
  6. https://www.who.int/antimicrobial-resistance/global-action-plan/infection-prevention-control/ru/ Archived 2018-11-10 at the Wayback Machine
  7. https://www.who.int/drugresistance/infection_prevention/ru/ Archived 2018-11-28 at the Wayback Machine