Кусуу

Википедия дан
Кусуу.

Кусууооз (чанда мурун) аркылуу карындын ичиндегилерди эрксизден чыгаруу; организмдин карынга бөтөн нерселер, сапатсыз тамак-аш жана ар кандай уу зат түшүп, анын былжыр челин дүүлүктүргөндө болуучу коргонуу-ыңгайлануу реакциясы. Кусуу карындын жана ички органдардын, борбордук жана четки нерв системасынын дүүлүгүүсү же оорусунда байкалат; ошондой эле кош бойлуулар да кусат (Талгак). Карындын кээ бир ооруларында (мисалы, жара оорусу, гастрит) кусардан мурда окшуйт (Окшуу). Кускандан кийин оорулуу өзүн жеңил сезип калат. Башка органдар (жүрөк, өт баштыгы, сокур ичеги жана башка) жабыркап, карынга рефлекстик таасир эткенде да кусат.

Кусуп аткан кишинин сүрөтү.

Кусуу баш травмасы — мээ чайкалышында жана шишигинде, мээнин кан айлануусунун бузулушунун белгиси болушу да мүмкүн. Катуу оорулуулардын жана эсинен тангандардын кусундусу дем алуу жолуна кетип калбасын үчүн оорулууга жакшы көз салуу керек. Кусуу убагында оорулууну отургузуп же башын ылдый кылып кырынан жаткырат. Эгерде оорулуу чалкасынан жатса кусуп бүткөнгө чейин башын капталына буруп, ошол абалда кармап туруу зарыл. Кускандан кийин оозун чайкатып, алы жок оорулуунун оозун ным чүпүрөк менен тазалап коёт. Кан аралаш кусса карын тушуна муздак коюп, оорулууну тынчтандырып, тезинен врач чакыруу зарыл.

Кээ бир тамак же дарыны ичкенден кийин кусса аны андан ары колдонуу токтотулат. Эгерде эч себепсиз кусса врачка кайрылуу керек.
Эметология- кусууну, окшууну изилдеген медицинанын тармагы.

Кустурма дарылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кустурма дарылар — кусууну пайда кылуучу заттар. Кустурма дарылар мээдеги кусуу борборуна түздөн-түз таасир этүүчү (мисалы, апоморфин) жана карындын былжыр челин дүүлүктүрүп, кусуу борборун рефлекс жолу менен козгоочу (термопсис жана башка) болуп бөлүнөт. Ал ууланууну, аракечтикти дарылоодо колдонулат. Апоморфинди тери алдына сайып, андан кийин ичкилик бергенде оорулуу кусат. Бир нече жолу апоморфинди ичкилик менен коштоп бергенден кийин оорулууда ичкиликке туруктуу терс рефлекс пайда болот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8