COVID-19 пандемиясы

Википедия дан
Медайымдар пандемия мезгилинде – сүрөт нөөмөттүн соңунда тартылган. Оору: COVID-19 Вирустун штаммы: Оор, курч түрдө өтүүчү респиратордук синдром, коронавирус 2 Алгачкы катталышы: Кытай Эл Республикасы, Хубэй провинциясы , Ухань ш. Оорнун алгачкы жуккан учуру : 2019-ж, 1-декабрь Тастыкталган учурлар: 63 миллионго жакын Адам өлүмү: 1,5 миллионго чукул

COVID-19 пандемиясыCOVID-19 коронавирус таралгандагы глобалдык пандемия.

2019-жылы 31-декабрда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) Кытайдын Ухань шаарында келип чыгышы белгисиз болгон пневмония учурлары аныкталгандыгы тууралуу маалымат алган. 2020-жылы 7-январда өлкөнүн бийлиги оорунун козгогучу жаңы коронавирус экендигин аныктап, ал "2019-nCoV" деген убактылуу аталышка ээ болгон[1].

2020-жылы 30-январда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул абалды коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаал катары, ал эми 11-мартта пандемия катары жарыялаган. 2020-жылдын 3-декабрына карата пандемиянын жүрүшүндө дүйнө жүзү боюнча 64,4 миллиондон ашык учур катталды; 1.489 миллиондон ашуун адам каза болуп, 43.8 миллиондон ашык адам айыгып чыккан.

2020-жылы 18-мартта Кыргызстандын саламаттык сактоо министри COVID-19 инфекциясынын үч учуру катталгандыгын билдирген. Жалал-Абад облусунун Сузак райондук администрациясы аймактын чегинде өзгөчө кырдаал режимин киргизип, ал эми 21-марттан баштап мындай абал республиканын бардык аймагында жарыяланган. 2020-жыл, 3-декабрга карата республикада инфекция жуктургандардын саны 73 513тү, айыгып чыккандардын саны 65 189ду түзүп, 1277 киши өлгөнү аныкталды.

COVID-19 инфекциясынын чыгышы жана себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2019-жылы декабрь айынын ортосунда Ухань шаарынын саламаттыкты сактоо органдары "түшүнүксүз себептерден улам келип чыккан пневмония" жышаандары байкалган бейтаптардын алгачкы учурларын аныкташкан. Расмий маалыматтарга караганда, бул биринчи инфекциялар Түштүк Кытайдын Ухань шаарындагы деңиз азыктарынын дүң базарында болгон. Бул маалыматтан соң белгисиз коронавирус инфекциясынын булактары базарда сатылган жарганаттар болушу мүмкүн деген божомолдор айтылган. Кытайдагы бир нече медициналык мекеменин изилдөөчүлөр тобу Цзиньинтань ооруканасында диагнозу аныкталган жана вирус жуккандыгы тастыкталган алгачкы 41 бейтап тууралуу кеңири маалыматтарды беришет. SARS-CoV-2 инфекциясы 41 адамда тастыкталган, анын 30 (73%) эркектер, орточо курагы 49 жашты түзгөн. Дээрлик үчтөн биринде (32%) өнөкөт оорулар, анын ичинде кант диабети, гипертония, жүрөк оорулары болгон. Алардын ичинен төмөнкү жышаандар байкалган: 40 (98%) чыйрыкма, 31 (76%) жөтөл, 18 (44%) булчуң оору жана чарчоо. Аз кездешкен жышаандардын катарына какырык же кан аралаш какырык коштогон жөтөл, баш оору жана диарея кирди. Топтун жарымы энтигүүдөн кыйналып, ал эми 13 бейтап жандандыруу бөлүмүнө жатууга муктаж болгон. Оору жуккан 41 адамдын бардыгына компьютердик томографиялык текшерүү жүргүзүлүп, алардыын баарында пневмония бар экендиги аныкталды.

2019-жылдын соңунда бул эпидемияны пайда кылган козгогуч азыркыга чейин белгисиз. Алгачкы ирет оору жуктурган бейтаптар деңиз азыктары, ошондой эле канаттуулар, жыландар жана жарганаттар сатылуучу Ухань базарына тиешеси бар болгондуктан, коронавирус геномун чечмелөө учурунда, андан жарганаттардын жана панголиндердердин короновирусуна жакын компоненттер табылган. Ошондуктан демек Ухань базарындагы жарганаттар менен панголиндердин биригиши, ушул жаныбарлардын коронавирустарынын рекомбинацияланышына шарт түзгөн деп божомолдонууда. Ухань шаарынын муниципалдык отчётторуна ылайык, жарганаттар жергиликтүү базарда эч качан сатылган эмес, ал эми панголиндер Кызыл китепке киргизилген. Шаар бийлиги коронавирусту базарга кандайдыр бир ооруган адам, нөлүнчү пациент алып келип, андан соң эпидемия күч алды деп ырастоодо.

Короновирустун дүйнө жүзүнө жайылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2020-жылдын 30-январында дүйнөнүн 19 өлкөсүндө 7818 учур катталган соң, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коомдук саламаттыкты сактоодо эл аралык мааниге ээ бул абалды өзгөчө кырдаал деп, ал эми 2020-жылдын 11-мартынан баштап пандемия деп жарыялады. Ушул эле айдын соңунда башка өлкөлөрдө ооруган бейтаптардын саны Кытайдагы оорулардын санынан тез эле ашып кетти.

2020-жылдын 13-мартына карата Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европаны коронавирус инфекциясынын жайылышынын активдүү борбору деп билдирген. 2020-жылы 19-мартта Италия эң көп өлүмгө учураган өлкө катары Кытайды басып өттү. 26-мартка карата Америка Кошмо Штаттары дүйнөдө оорунун эң көп тастыкталган учурлары менен Кытай менен Италияны артта калтырды. Коронавирус геномдорун изилдөө Америкада COVID-19 менен ооругандардын көпчүлүгү түздөн-түз Кытайдан же Азиянын башка өлкөлөрүнөн эмес, европалык саякатчылардан келгенин көрсөттү.

2020-жылдын 29-июнунда, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму көптөгөн адамдар коронавирус инфекциясынын жайылышын жайлата алгандыгына карабастан, өлкөлөр чек араларын кайрадан ачып жаткандыгынан улам, вирустун жайылышы дагы деле күчөп баратканын эскертти.

2020-жылы октябрь айында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ДСУнун жетекчилеринин атайын жолугушуусунда дүйнөдөгү ар бир онунчу адам COVID-19 оорусун жуктурушу мүмкүн деп билдирген. Ошол эле мезгилде, бул 780 миллион адамга оору жуккан дегенди билдирет, бирок анын 35 миллиону гана тастыкталды.

2020-жылдын 3-декабрына карата пандемиянын жүрүшүндө дүйнө жүзү боюнча 64,4 миллиондон ашык учур катталды; 1.489 миллиондон ашуун адам каза болуп, 43.8 миллиондон ашык адам айыгып чыккан. Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору жарыялаган макалада вирустук инфекциялардын учурдагы саны тастыкталган лабораториялык изилдөөлөр менен гана аныкталат деп айтылат. Бирок чыныгы сан расмий сандардан бир нече эсе көп болушу мүмкүн.

Эпидемиология жана карантиндик чаралар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

11-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 эпидемиясынын пандемия мүнөзүнө ээ болгонун билдирген, буга байланыштуу Шенген зонасы менен Европа Биримдигинин тышкы чек аралары 17-марттан тартып кирүү үчүн жабык боло тургандыгы жарыяланган (чектөөлөрдүн алдын ала мөөнөтү - 30 күн).

Көптөгөн өлкөлөр байланышты жана саякаттоону чектөө, коменданттык саат киргизүү, мектептерди жабуу сыяктуу карантиндик катаал чараларды кабыл алышты. Март айында бүткүл дүйнө жүзүндө COVID-19 вирусунун жайылышын ооздуктоо үчүн зарыл болгон катуу чаралар, атап айтканда: өзүнчө аргасыз обочолонуу, карантин, чек араларды жана өндүрүштөрдү жабуу, өлкөлөр ортосундагы аба каттамын чектөө болду. Андан кийин, май жана июнь айларында, көптөгөн өлкөлөрдө кайрадан карантиндик чаралар жумшартылды.

Көптөгөн спорттук мелдештер, анын ичинде спорттун бардык түрлөрү: футбол боюнча Европанын улуттук чемпионаттары; 2020-жылы футбол боюнча өтүүчү Европа чемпионаты бир жылга жылдырылып, ошондой эле Токиодо 24-июлда баштала турган 2020-жылкы Жайкы Олимпиада оюндары кийинкиге калтырылды. Көптөгөн фестивалдар, көргөзмөлөр жана сынактар ​​болбой калды же мөөнөтү өзгөртүлдү.

Оорунун жышаандары жана жугуу жолдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

COVID-19 оорусунун жышаандары ар кандай, кээде сасык тумоонун жышаандарына да окшош. Коронавирустук инфекция менен ооруган адамдарда ар кандай жышаандар кездешет, алар убакыттын өтүшү менен өзгөрүшү дагы ыктымал.

COVID-19 көп тараган жышаандары:

  • Кургак жөтөл
  • Жыт сезбөө
  • Булчуң же муундагы оорулар
  • Тамактын оорушу
  • Баш оору
  • Мурундун бүтүшү

Жугуштуу оорулардын көбүндө кездешүүчү инкубациялык мезгил болот - бул адамга оору жуккан учур менен анын алгачкы жышаандарынын пайда болушунун ортосундагы мезгил. COVID-19 оорусунун орточо инкубациялык мезгили төрт-беш күнгө созулат.

COVID-19 адамдан адамга, негизинен, аба аркылуу жугат. Коронавирустук жугуштуу оорусу вирустун бөлүкчөлөрү оозго, мурунга же көзгө киргенде пайда болот.

Covid-19ду алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзүңүздү жана башкаларды сактоо үчүн, оору тууралуу текшерилген маалыматты колдонуп, зарыл болгон алдын алуучу чараларды көрүш керек.

Тулку-бой кыймылдуулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ДСУ аныктагандай, «тулку-бой кыймылдуулугу бул скелет булчуңу тарабынан иштелип чыккан дененин ар кандай аракети, жумуш, оюн, үй тапшырмасы, саякат жана эс алуу учурунда күч-кубатты талап кылган жигердүүлүк». Орточо, ошондой эле ургалдуу тулку-бой кыймылдуулугу ден-соолукту чыңдайт.

5-17 жаштагы балдар жана өспүрүмдөр орточо жана ургалдуу тулку-бой кыймылына күнүнө 60 мүнөттөн кем эмес убакыт бөлүшү керек.

18-64 жаштагы чоң кишилер жумасына орточо ургалдуу тулку-бой кыймылына кеминде 150 мүнөт же жогорку ургалдуу тулку-бой кыймылына жумасына кеминде 75 мүнөт убакыт бөлүшү абзел.

64 жаштагы жана андан улуу чоң кишилер жумасына орточо ургалдуу тулку-бой кыймылына кеминде 150 мүнөт же жогорку ургалдуу тулку-бой кыймылына жумасына кеминде 75 мүнөт убакыт бөлүшү абзел.

Стресс менен күрөшүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Узак мөөнөттүү карантин режими учурунда көптөгөн балдар менен чоңдор психикалык саламаттыгынан жапа чегишкени байкалды.

Каатчылык учурунда капалануу, стресс, абдырагандык, коркуу же ачуулануу – кадимки эле көрүнүш. Ишенген адамдарыңыз менен сүйлөшүү буга жардам берет. Досторуңуз жана үй-бүлөңүз менен байланышыңыз.

Эгерде сиз үйдө отурушуңуз керек болсо, анда туура тамактанып, өз убагында уктап, спорт менен машыгып, үйдөгү жакындарыңыз менен социалдык карым-катнаш түзүп, үй-бүлөңүздүн бөлөк мүчөлөрү жана досторуңуз менен электрондук почта жана телефон аркылуу байланышып, дени сак жашоо таризин тутуңуз.

Өз эмоцияларыңыз менен күрөшүү үчүн тамеки, алкоголь жана башка баңги заттарды колдонбоңуз. Эгерде маанайыӊыз өтө чөгүп кеткенин сезсеңиз, медициналык кызматкер же кеңешчи менен сүйлөшүңүз. Зарыл учурда тулку-бойлук жана психикалык саламаттыкка байланыштуу кайда баруу же кайрылуу керектиги жөнүндө планыңыз болушу шарт.

ЖМКдагы жагымсыз маалыматты көрүүгө же угууга кетирген убактыңызды кыскартып, тынчсызданганды жана толкунданганды азайтыңыз.

Кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берген, мурда алектенген кушуңуз түшкөн иш менен алектениӊиз. Алар сизге пандемия учурундагы оор кырдаалда эмоцияларыңызды теске салууга көмөк көрсөтөт.

D витамини[түзөтүү | булагын түзөтүү]

D витамини инфекцияларга каршы күрөшүүгө организмге жардам берет, ошондуктан бул азыркы пандемия учурунда өзгөчө маанилүү. Терибиздин ачык жерлерине күн нуру тийип турса, биз аны жетиштүү деңгээлде алабыз.

Англиянын Саламаттыкты сактоо башкармалыгы карантин учурунда жетишсиз болуп калышы ыктымалдыгынан, D витаминин күн сайын ичүүнү сунуштады. Бул витамин кандайдыр бир жол менен таажы вирус инфекциясынан сактайт деген далилдер жок, бирок адистер анын пандемия учурунда пайдалуу деп эсептешет.

Курамында D витамини бар кошулмалар организминде аталган витамин жетишпеген адамдардын дем-күүсүн жакшыртат. Айрым адистер денедеги D витамининин жетишсиздиги менен таажы вирус жуккан учурда оорунун күчөп кетишинин ортосунда байланыш бар деп айтышат.

Ошол эле учурда мындай бейтаптарда илдеттин кабылдап кетишинин башка да себептери болот, андыктан азырынча бул боюнча бир беткей тыянак чыгаруу кыйын.

Цинк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иммундук тутумдун ар кандай функцияларын жөнгө салуу менен цинк төмөнкү дем ​​алуу жолдорунун курч инфекцияларга сезгичтигин төмөндөтөт, анын ичинде өпкө сезгенгенде же жабыркаганда дем алуу жолдорунун клеткаларынын бүтүндүгүн сактайт деп эсептелет. Бирок төмөнкү дем ​​алуу жолдорунун курч инфекцияларын, анын ичинде пневмонияны дарылоодо цинктин колдонулушун изилдөө эки анжы натыйжаларга алып келген.

Вакцина[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Вакциналар иммундук системаны вирустарды жана бактерияларды таанууга жана аларга каршы күрөшүүгө даярдайт. Эгерде кийинчерээк организм бул оору жаратуучу микробдорго дуушар болсо, анда аларды дароо жок кылууга даяр болуп, оорунун алдын алат.

Азыркы мезгилде өмүргө коркунуч туудурган 20дан ашык оорунун алдын алуучу вакциналар бар, анын ичинде COVID-19ту вакциналардын жардамы менен алдын алуучу иштер дагы жүргүзүлүп келе жатат.

Учурда 100дөн ашык COVID-19 вакциналары иштелип чыгууда, алардын айрымдары адамдарга сыналып жатат.

Божомол[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Европадагы ар кайсы вирусологдордун айтымында, пандемия бир жылдан эки жылга чейин созулушу мүмкүн. Америкалык окумуштуу жана эпидемиолог Джастин Лесслер бир жагынан алып караганда, COVID-19 жоголуп кетпейт, ал эми экинчи жагынан, вакциналардын жардамы менен же калктын табигый түрдө иммунитетке ээ болушунун аркасында адамдардын кадимки жашоосуна тоскоол болбойт деп эсептейт.

Morgan Stanley компаниясынын талдоочулары түзүлгөн кырдаалды талдап, АКШ боюнча отчётун жарыялашты. Ага ылайык, эксперименталдык вакцинанын пайда болушу жана аны медициналык персоналды эмдөө үчүн колдонуу 2020-жылдын ноябрь айында, ал эми массалык эмдөө 2021-жылдын жазында болот деп божомолдонот.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КР/Саламаттык сактоо министрлиги

  • Иммунизация

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://en.wikipedia.org/wiki/COVID-19_pandemic#Prevention
  2. https://www.un.org/sites/un2.un.org/files/un_comprehensive_response_to_covid-19_june_2020.pdf
  3. https://es.wikipedia.org/wiki/Pandemia_de_COVID-19#Mascarillas
  4. https://it.wikipedia.org/wiki/Pandemia_di_COVID-19_del_2019-2020#Epidemiologia_e_cenni_storici
  5. https://www.who.int/ru/emergencies/diseases/novel-coronavirus-2019/covid-19-vaccines
  6. https://www.euro.who.int/ru/health-topics/health-emergencies/coronavirus-covid-19/novel-coronavirus-2019-ncov Archived 2021-01-19 at the Wayback Machine
  7. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму https://www.who.int
  8. BBC Newc https://www.bbc.com/
  9. КР Саламаттык сактоо министрлиги. Коронавирус. Расмий маалымат. Калк үчүн нускамалар http://www.med.kg/ru/rekomendatsii-dlya-naseleniya/3323-zdorove-doma-fizicheskaya-aktivnost.html Archived 2021-01-24 at the Wayback Machine
  1. https://www.who.int/ru/emergencies/diseases/novel-coronavirus-2019/covid-19-vaccines