Элдик медицина

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Элдик медицина (жергиликтүү же салттуу медицина деп да аталат) заманбап медицина дооруна чейин ар кандай коомдордо муундан-муунга өтүп, өнүгүп келе жаткан салттуу билимдердин медициналык жагын камтыйт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму салттуу медицинаны «биз аларды түшүндүрө алган-албаганыбызга карабай, ден-соолукту сактоо, тулку-бойлук жана психикалык илдеттерден алдын алуу, диагностикалоо жана адамдын абалын жакшыртуу үчүн колдонулуучу түпкүлүктүү калктын жана ар башка маданият өкүлдөрүнүн теориясына, ишенимдерине жана тажрыйбасына негизделип, топтолгон билимдин, ишенимдердин жана көндүмдөрдүн жалпы жыйындысы» катары аныктайт.

Кыргыздын элдик медицинасынын тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Совет мезгилиндеги кыргыздардын элдик медицинасына мамиле бир кылка болгон эмес. Элдик билим эмпирикалык, пайдалуу жана прагматикалык кызыкчылыктарды көздөгөн (негизинен чөп-чар менен дарылоо жана натуропатия) жана сыйкырдуу-мистикалык (шамандык ырым-жырымдар, дарымдоо сыйкырлар, дубалоо, зыярат кылуу) болуп бөлүнүп, өткөндүн калдыгы катары жарыяланып, тыюу салынган.

Ошондой эле Совет мезгилинде айрым ыйык жерлер (мазарлар) санаторийлерге жана пансионаттарга айландырылып, пайдаланууга берилген. Негизинен, булар термалдык жана башка жер астындагы пайдалуу булактары бар мазарлар. Мисалы, Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Жети-Өгүздөгү радон булактары жана тоолуу Ысык-Ата курортундагы бир катар объектилер (Чүй облусу) ушундай тагдырга туш болгон.

1990-жылдары элдик натуропатия гана эмес, сыйкырдуу-мистикалык практикалар да жанданып, неошаманизм жайылууда, анын ичинде каада-салтка тиешеси жок, бирок аны менен байланышууга умтулган жаңы тажрыйбалар пайда болууда.

Бул багытта «Ата жолу» сыяктуу жаңы диний агымдар жана аталган багыттан бөлүнүп кеткен топтор улам барган сайын таанымал болуп жатат. Бул топтор тарабынан диний, руханий жана ден-соолукту чыңдоочу туризм колго алынып, өркүндөтүлүүдө. Негизги бириктирүүчү элементи ыйык жерлерге зыярат кылуу болуп саналган неошамандык уюмдар – «жергиликтүү руханий борборлор» пайда болууда.

Салттуу ырым-жырымдар кээде жаңы формаларга ээ болот. Мисалы, кыйналып келген зыяратчыларга медиумдар рухтардын атынан бата тилейт. Адатта мындай жөрөлгө көбүнчө «бата чыгаруу» деп аталса, ал эми адаттагыдай кадыр-барктуу адамдардын атынан бата берилиши мурдагыдай эле бата берүү деп аталат. Мындан тышкары зикир чалуу, дубалоо, спиритуалдык байланыштар (жар салуу) да бар.

1990-жылдары зыярат кылуу жана башка жөрөлгөлөр жаңы дем менен жанданып, калыбына келтирилген ыйык жайларда, минералдык булактарда же Совет доорунда эс алуучу-ден соолукту чыңдоочу комплекстерге айланган жерлерде өткөрүлүп келет.

Кыргыздын элдик медицинасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыздын элдик медицинасында картык менен кан алуу, сүлүк салуу, кийиз күйгүзүп басып, кандын агышын токтотуу, тамыр кармап ооруларды «ысык» же «суук» деп бөлүп, тамактануу жолун көрсөтүү жана башкалар («ысык» болсо оорулууга мүнөз тамак же 20—30 күн кайнак суу берип, ачкалык менен, «суук» болсо күчтүүлөп тамак берип дарылаган) колдонулган. Ошондой эле Элдик медицинада ооруну басаңдатуу же жарааттын ириңин сордуруу максатында түрдүү чөптөрдү жана алардан жасалган дарыларды тартышкан, ичиришкен; айбанаттардын өтүн, майын сыйпашкан; кеперес, ачык таш, сымап жана башкалар минералдык заттарды да дары катары колдонушкан. Табыптардын колдонгон ыкмалары, дарылары көп учурда зыяндуу келип, оорулуунун өмүрүнө коркунуч туудурган, жугуштуу ооруларды таратууга шарт түзгөн. Ошону менен катар Элдик медицина анын дарыгерлери билими жагынан төмөнкү баскычта турушса да, колдонгон каражаттары эң жөнөкөй болсо да өз убагында калкка чоң жардам көрсөтүшкөн. Элдик медицина кээ бир ыкмалары жана баалуу тажрыйбалары (мисалы, ийне сайып дарылоо, чөп менен дарылоо жана башкалар) илимий медицинада колдонулат.

Үй шартында дарылоо[оңдоо | булагын оңдоо]

Үй шартында дарылоо (кээде кемпирлердин эми-дому деп да аталат) – айрым бир жыпар жыттуу заттар, чөптөр, жашылчалар же дагы башка кеңири таралган нерселерди колдонуп, кеселди дабалоо. Көпчүлүгү жөн гана салттын, көнүмүш адаттын шары менен же бейтапты дарынын таасирине ишендирүү үчүн гана (плацебо эффектиси) колдонулат.

Үй шартында дарылоонун эң белгилүү мисалдарынын бири тоок шорпосун колдонуу болуп эсептелет. Аны менен суук тийген же жеңил тумоо сыяктуу респиратордук жугуштуу ооруга кабылган бейтапты дабалашат. Үй шартында дарылоонун башка мисалы: сынган сөөктү калыбына келтирүү же тамандын сөөлүн дарылоо үчүн жабышкак лента, тамак ооруну дарылоо үчүн кант кошуп чалынган жумуртканын сарысы пайдаланылат.

Илгери энелерге олуттуу дары-дармектерден башкасынын бардыгы ишенип берилген. Тарыхый тамак-аш китепчелеринде ич өткөк менен ысытманы дарылоочу жана аялдардын илдеттерине шыпаа болуучу каражаттар толтура. Алоэ вера өсүмдүгүнүн компоненттери тери илдеттерин дабалоодо колдонулат.

Көптөгөн европалык спирт ичимдиктери же дижестивалар алгач дары каражаты катары сатылган. Кытайдын элдик медицинасында дары кайнатмалар (чөптөр кошулуп, узак мөөнөт ичинде даярдалган күрүч шорпосу), тамак-аш азыктары жана шорполор дабалоо практикаларынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Сын[оңдоо | булагын оңдоо]

ДСУ: «Салттуу дары-дармектерди же ыкмаларды туура эмес колдонуу терс же кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн жана элдик медицина тутуму колдонгон мындай усулдар менен дары-дармек өсүмдүктөрүнүн майнаптуулугун жана коопсуздугун аныктоо үчүн мындан ары изилдөөлөрдү жүргүзүү керек», – деп белгилейт.

Коопсуздук[оңдоо | булагын оңдоо]

Салттуу медицинанын ишмердигине байланыштуу 130 мамлекетте ченемдик актылар болгону менен, аларды колдонууда тобокелчиликтер дагы эле бар. Мисалы, кээ бир салттуу дары-дармектерде дагы эле жаныбарлардан алынган заттар колдонулгандыктан, мындан зооноза илдети менен ооруп калуу коркунучу жок эмес. Салттуу дары-дармектер көбүнчө табигый деп эсептелип, аларды коопсуз деп боолголошот. Бирок дайым эле андай боло бербейт.

Жоголуп бара жаткан жаныбарлардын түрлөрүн пайдалануу[оңдоо | булагын оңдоо]

Кээде жоголуп бараткан, мисалы жай лори сыяктуу жаныбарлар салттуу дары-дармектер үчүн өлтүрүлөт. Майнаптуулугу далилденбесе дагы акулалардын калкандары элдик медицинада колдонулуп келген. Бул адат акулаларды кырып-жоюуга алып келип, экотутумга чоң зыян тийгизет.

"Манастагы" элдик медицина[оңдоо | булагын оңдоо]

Элдик медицина — адамды ар түрдүү дарылар, дары өсүмдүктөр (көбүнчө чөптөр), минералдык заттар, айрым жаныбарлардын эти жана ички органдары жана башкалар дарылык касиети бар заттар менен айыктыруу жөнүндөгү элде чогулган маалыматтар, эмпирикалык түшүнүктөр. Кыргыз Э. м-сында суу берүү, териге алуу, жылуу сууга салуу (арашан), ысыктоо, ушалатуу, кан алуу, сүлүк салуу, тамыр кармоо жана башка ыкмаларды колдонулуп келген. Кыргыздардын мурунку көчмөн турмушунда элдик хирургия болгондугу да белгилүү. Мисалы, сынган сөөктү сакайтуу , жөнөкөй операцияларды жасоону билген. Жөнөкөй хирургиялык аспаптарды колдонгондуу менен дарылагандыгы азыркы учурга чейин белгилуу. Бул маалыматтар азыркы мезгилге чейин кагаз турундо аз жазылып,ооздон озго айтылып бизге чейин жеткен жетти.
«Манас» эпосунда жогоруда айтылган дары заттар жана элдик дарылык ыкмалардын көпчүлүгү анын бардык варианттарынан жана версияларынан кездешет.
Кыргыздын Э. м-сында ар кандай өсүмдүктөр, көбүнчө чөптөр дары катары колдонулуп келгендиги белгилүү. «Манаста» алардын айрымдарынын аттары эскерилип кетет. Мисалы, мээр чөп. Организмге жагымдуу жыттуу дары чөп экендиги айтылат. «Манас» эпосунда чар дары деген да чөптөрдөн жасалган дары кездешет.

Алты-жети жанаяк
Чар дары кылып жуткузса,
Казактардын эр Көкчө
Умачтай көзү ачылды,
Ооруган жери басылды (Курама вариант, 2. 250).

Чар дары бир нече дары чөптүн кайнатмасынан жасалган. Ошондой эле дары болчу 4—5 бөлөк тамырларды майда ийлеп аралаштырып чар дары жасашкан.
Дары чөптөрдөн «Манаста» уулжан аттуу чөптүн: «Уулжан берип ичинен Эски дартын буздуруп» — деп, кайсы учурда пайдаланыла тургандыгы айтылып кеткен. Сагымбай Орозбаковдун вариантында ушул эле дарынын улжемил деген формада айтылары кездешет. «Улжемил деген дарысын Жутуп алды барысын. Аккан каны басылып» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 160-б.).
«Манас» эпосунда апийим тууралуу да кабар бар. Мисалы, «Мажму ат-таварихтеги» Манаска уу берип, эс-учун билбей өлгөнү жатканда ага уунун күчүн тарата турган дарыны беришет. Ал дарыны Сейид Жалал ад-Дин аттуу адам Манастын оозуна бир күндө бир тамчыдан куюп отуруп, 10 күн дегенде Манас көзүн ачат (Мажму ат-таварих Кол жазмалар фондусу, 5114-инв., 65-б.). Эмгекти орусчага которгон В. А. Ромодиндин түшүндүрмөсүндө ал дары тирьяк деп аталат да, эки маанини билгизет: 1) уунун күчүн тарата турган дары; 2) апийим. Бул эпизоддо апийим катары түшүндүрүлөт.
Сагымбай Орозбаковдун вариантында ийсен, жуушаң аттуу дары чөптөрдүн аттары кездешет.
Ийсең, жуушаң чөбү бар, Издегендин көбү бар. Орол тоонун учу бар Ойлонсоң сонун ушулар (Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 435-б.). Жуушаң кыргыз тилине иран тилдеринен кирген сөз. Эрмендин бир түрү болуп саналат. Кыргыз Э. м-сында колдонулган.
«Манастын » саптарынан өсүмдүк чөптөрдөн тышкары башка заттардан, мисалы, минералдардан алынган дарылар жөнүндө да кабарлар бар. Ошолордун бири кантемир дары. Муну метеориттерден жаралган дары деп болжолдоого болот. Эпостун саптары жаныбарлардын этинен жана ички органдарынан даярдалган дарылар тууралуу да баяндама берет. «Мажму ат-таварихте» эт, бал, арак дары катары колдонулганы сүрөттөлөт.
Бир эпизоддо Манас оор жарадар болот. Ошондо Кара кожо деген адам күнүгө кийиктин баласын алып келип, этин бышырып, бал менен кошо берип жатып Манасты сакайтат («Мажму ат-таварих» 67-б.).
Радлов жазып алган вариант боюнча кашкулак өтү, арак, бал дары катары колдонула тургандыгы айтылат. «Манаста» кашкулак өтү менен бирге кажырдын өтү да Э. м-да колдонулуп келгени эскерилет:

Кажырдын өтү барбы деп,
Чуулаганы андан көп,
Кумия дары момия,
Бар бекен деп кошундан.
Сурап жүргөн андан көп (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв.).

Мыда кажырдын өтү менен бирге момия жөнүндө да айтылат. Момия же мумия деле жаныбарлардын, атап айтканда чычкандын бир түрү бөлүп чыгарган затка кирет. Ошентип «Манаста» жаныбарлардын продукциясынан даярдалган бир топ дарылар тууралуу маалыматтар чагылдырылган.
«Манастын » саптарынан арбыныраак кездешкен дарылардын тобун эпикалык дарылар түзөт. Алар кайсы чөптөн же кайсы заттан жасалганы белгисиз. Мисалы, апы же үпү. Ал жалаң гана «Манаста» эле эмес, башка кенже баатырдык эпостордун саптарынан да кездешет. Демек, бул дарылар эл арасында кеңири колдонулса керек.
Булардан тышкары «Манаста» кырма кызыл дары, кайнатма кара дары же кара дары же кашкардын кара дарысы, Медет, себеп, жот дары, искеме дары, ак дары, Барпы жана башкалар дарылар да бар.
«Манастагы» Э. М-ын экинчи тобуна элдик хирургия жана ошого байланышкан жөнөкөй хирургиялык аспаптар, сынган сөөктү айыктыруу ыкмалары тууралуу маалыматтар кирет. Кыргыз дарыгери колдонгон аспаптардан эпосто жараны тиле турган скальпель формасындагы курч бычак аштар жөнүндө маалымат кездешет. Денеде калган жаанын огунун жана башка темир куралдардын сыныгынын канчалык тереңдикте жатканын билүү үчүн жана да окту ордунан козгоп, копшутуш үчүн колдонулган тинтүүр аттуу жөнөкөй аспаптардын «Манастагы» билдирүүлөрү бул буюмдун өзүнүн археологиялык казуулардын негизинде Тувадан табылганы менен бышыкталган. Бузулган канды сордуруп алуу үчүн колдонулган картык деген аспап да «Манастын » саптарынан кездешет.
Сагымбай Орозбаковдун вариантында шимшүүр деген да бир аспаптын аты эскерилет:

Ок жуткуруп окшутуп,
Сом эттеги окторду,
Шимшүүр менен копшошуп,
Тилип жаткан дагы бар (Кол жазмалар фондусу, 573-инв., 235-б.).

Элдик хирургияда колдонула турган ыкмалар туурасында эпосто маалымат бар. Мисалы, «Мажму ат-таварих» боюнча Манас кансырап оор абалда калганда Канбай бакадур деген киши согуш майданынан атка мингизип алып чыгып кетет. Аны Кара кожо деген адам дарылап, денесинен бир топ жаанын огун чыгарат («Мажму ат-таварих», 69-б.).
«Манаста» жөнөкөй «хирургиялык» ыкмалар жөнүндө да кабар бар. Мисалы,

Колу-буту сынганын,
Шак-шактарын жонушуп,
Соорунуна шапа-шуп,
Коюп жаткан дагы бар (Кол жазмалар фондусу, 573-инв., 235-б.).

Кай бир учурда эпосто шак-шактын кандай формада, кайсы жыгачтан жасалышы айтылат:

Буту сынган мунун деп,
Теректерден табышып,
Челек кылып чабышып,
Оюп жүргөн андан көп (Кол жазмалар фондусу, 572-инв., 291-б.).

Булардан тышкары дагы бир катар дарыгерчилик ыкмалар «Манастын » саптарында чагылдырылган. Мисалы, Э. м-да кеңири белгилүү болгон Аккан канды ысык кийиз менен басып токтотуу жана териге отургузуу тууралууЧ. Валихановжазып алган текстте мындайча баяндалат:

Капырдын каны Жолойдун
Жаагынан каны жыйылбай,
Кызыл суу болуп акты эле,
Жолом үйдөн кийизди
Кыйып келип жапшырды,
Аган эле болбоду
Жолум үйдөй кол алып
Тагы келип жапшырды
Ошондо гана тыйылып калды дейт.
Токсон өгүз терисин
Каптап эле кийди дейт (Кол жазмалар фондусу, 5187-инв., 99-б.).

«Манастын » ар кандай варианттарында жаанын огун денеден чыгаруу ыкмалары тууралуу учкай түрүндө болсо да кездешет. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында Кытайдын Кулутка дегенине жаанын огу тийгенде төмөндөгүдөй сүрөттөлөт:

Алты илегер барганы
Дары сыйпай салганы.
Сыйпаган болуп дарыны,
Окту тартып алганы.
Тартканында ок чыкты
Окко кошо көк чыкты.
Көк аралаш кан чыкты (Кол жазмалар фондусу, 573-инв., 194-б.).

«Манас» эпосунда Э. М-ын өкүлдөрү болгон дарыгерлер же дарыгерлик функцияларды аткарган өзүнчө бир адамдардын социалдык тобу тууралуу да маалыматтар чагылдырылган. Биринчи ирет буларга дарыгерлер, табыптар, илегерлер (орустун лекарь деген сөзүнөн) кирет. Табыпчылык кылгандарга «Манас» боюнча дагы бакшыларды, бүбүлөрдү, ошондой эле ар кандай төлгөчүлөрдү (негизинен далычыларды) киргизсе болот.
Кыргыз Э. М-на тиешелүү болгон жаратылыш объектери жөнүндө да «Манаста» эскерүүлөр бар. Мисалы, мазар жерлерге баруунун максаттарынын бири дарылануу болгон.
Корутундулап айтканда «Манас» эпосунда Э. м-га байланыштуу бир топ маалыматтар камтылган. Мында чагылдырылган ар кандай дарылар: (өсүмдүк чөптөрдөн, минералдардан, жаныбарлардын продукцияларынан) кыргыз элинин илгерки турмушунда пайдаланылып келгени этнографиялык материалдар менен бышыкталып турат. Кыргыз элинин көчмөн турмушунда сынган сөөк-саакты сакайтуу, айрым башка ооруларды айыктыра билүү кадыресе көрүнүш болгон. Мына ушул илгертен берки келе жаткан Э. м. тууралуу кыргыз элинин эмпирикалык тажрыйбасы «Манас» эпосунда чагылдырылган.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]