Өзүнчө обочолонуу

Википедия дан

Өзүнчө обочолонуу (саламаттык сактоодо) — бул кооптуу оорунун жайылышына каршы күрөшүү үчүн өкмөт тарабынан белгилүү бир мөөнөткө чейин киргизилген, калк үчүн чектөөчү чаралардын комплекси.

Бул мезгилде жарандардан зарылдыксыз көчөгө чыкпоо, башка адамдар менен байланышты чектөө жана медициналык коомчулук сунуш кылган оорулардын алдын алуу боюнча бардык сунуштарды аткаруу сыяктуу обочолонуу режиминин талаптарын сактоону өтүнүшөт. Өзүнчө обочолонуу режими оорунун жышааны бар адамдар үчүн дагы дайындалат.[1]

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ыктыярдуу түрдө өзүнчө обочолонуу вирустун жайылышын толугу менен токтото албайт, бирок саламаттык сактоо тутумуна ашыкча оордук келтирбей, вирустун жайылышын басаңдатууга жардам бериши мүмкүн. Демек, медициналык мекемелерде оору жугузган бейтаптар үчүн жайлар жана шаймандар дайындалып, ал эми дарыгерлер бардык жугуштуу адамдарды өз убагында текшерип, аларга керектүү жардамдарды көрсөтүшөт.

Медицинада жугуштуу ооруларды таралышынын ар кандай жолдору белгилүү. Классификациялардын биринде алар түз жана кыйыр болуп бөлүнөт.[2]

Тери аркылуу, өбүшүү жана жыныстык катнаш сыяктуу жолдор оорунун түз жугуучу түрлөрүнө кирет. Мындан тышкары, булганган топурак жана өсүмдүктөр менен байланышта болуу, аба тамчысы аркылуу - жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, ошондой эле кадимки сүйлөшүү учурунда бөлүнүп чыккан аэрозолдор аркылуу дагы оору жайылат.

Ал эми оорунун аба аркылуу жугушу анын кыйыр таралуу түрүнө кирет, анда инфекцияны козгогуч абанын чаңдуу же тамчы түрүндөгү агымында пайда болот. Тамчы түрүнөн айырмаланып, бул чаң абада узак убакытка сакталышы мүмкүн. Кыйыр таралуунун дагы бир түрү үстүңкү катмарында бир нече убакытка чейин инфекциялык козгогучту сактап турган буюмдарга байланышкан. Инфекцияны алып жүрүүчүлөр жансыз нерселер, анын ичинде суу, тамак-аш же микроорганизмдер токтошу мүмкүн болгон ар кандай заттар да болушу мүмкүн.

Бүргө, чиркей, кене сыяктуу жандуу ортомчулар дагы ооруну таратышат. Өзүнчө обочолонуу режими жарандарды үйдө отурууга жана адамдар менен азыраак байланышта болууга чакыруу менен инфекциянын жайылышын басаңдатуу максатында иштелип чыккан. Мындай чаралар белгилүү бир калктуу конуштардагы адамдардын кыймылына жана айрым ишканалардын ишине мамлекеттик чектөөлөрдөн тышкары, калктын түшүнүгүнө да басым коюу максатын көздөйт.

Оорунун белгилерин өз алдынча көзөмөлдөө үчүн дене табыңызды эртең менен жана кечинде күнүнө эки ирет өлчөп туруңуз. Дене табын өлчөөдөн 30 мүнөт мурун жеп-ичпей, тамеки тартпай жана / же сагыз чайнабай жүрүү керек. 14 күндүк өзүнчө обочолонуу мезгилинде, эгерде дарыгериңиз кеңеш бербесе, ацетаминофенди (мисалы, Тайленол) же ибупрофенди (Адвил сыяктуу) ичпеңиз.

Чектөөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар кайсы өлкөлөрдө ар кандай чектөөлөр колдонулат. Буга мисал катары, 2020-жылы пайда болгон COVID-19 жугуштуу оорусунун дүйнө жүзү боюнча жайылышын карап көрүүгө болот.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарга COVID-19 жышаандары байкалган учурда өзүнчө обочолонуу боюнча сунуштарды жарыялап, бардык жарандарга эгерде муктаждык болбосо, үйлөрүнөн чыкпоону сунуштаган.[3] Archived 2021-01-21 at the Wayback Machine[4]

Өзүнчө обочолонгон жарандар үйдө отурууга тийиш, демек, жумушка же окууга барууга болбойт. Коомдук саламаттыкты сактоо кызматкерлери муну катуу суук тийип же тумоолоп калган учурдагыдай эле чара көрүү деп мүнөздөшөт.

Өзүнчө обочолонгондор жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө тамчылар аркылуу жугуучу вирустун жайылышына жол бербөө үчүн башка адамдарга жакындабашы керек. Бул аба тамчыларынан дем алуу үчүн, балким салыштырмалуу бир метрге жакын аралыкта болуу жетиштүү. Бирок аба тамчылары заттардын үстүңкү бетине, адамдардын колуна чачырашы дагы мүмкүн. Демек, аларды тез-тез жууп туруу керек. Алгач, саламаттыкты сактоо кызматкерлери адамдар азык-түлүк сатып алууга чыкканда аралыкты сакташса дүкөнгө баруу зыян эмес деп айтышкан. Ал эми кийинчерээк, тамак-ашты үйгө жеткирүү кызматынан пайдаланууну сунушташты.[5]

Россияда ар кандай курактагы, айрыкча 65 жаштан өткөн жана өнөкөт оорулары бар адамдарды өзүнчө обочолонуу режимин сактоого милдеттендиришкен. Себеби, бул категориядагы адамдардын илдетке чалдыгуу тобокелчилиги жогору.[6] Россиядагы чектөөлөр:

  • Өзүнчө обочолонуу режиминдегилер батирден азык-түлүк дүкөнүнө, дарыканага, таштанды чыгарууга же ит менен сейилдөөгө (үйдөн жүз метрден алыс эмес) гана чыга алышат.
  • Жумуш берүүчүңүздүн маалымкаты болсо, ишиңизге барсаӊыз жана шашылыш медициналык жардам алуу үчүн кайрылсаӊыз да болот.
  • Коомдук жайларда аралыкты (кеминде бир жарым метрге чейин) так сактоо керек.

Улуу Британияда өзүнчө обочолонуу деп бардык жарандардын, анын ичинде оорунун белгилери байкалгандардын аң-сезимдүү түрдө үйдө калуусун түшүнүшөт.[7]

Жалпы чектөө:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

- Жумушка, мектепке же коомдук жайларга барбоо – мүмкүн болсо үйдө иштөө;

- Коомдук унаада же таксиде жүрбөө;

- Азык-түлүк алуу үчүн чыгууга болбойт - аларга онлайн же телефон аркылуу буйрутма берүү, же үйгө бирөөлөрдүн алып келүүсүн сурануу керек;

- Зарыл медициналык жардам көрсөткөн адамдардан тышкары үйдө конокторду, анын ичинде досторду жана үй-бүлө мүчөлөрүн кабыл алууга болбойт;

- Спорт менен сырттан эмес үй ичинде машыгуу керек.[8]

Эгерде башка адамдар менен жашасаңыз, мейкиндиктен обочолонуу керек

Өзүңүздү обочолонтуп жаткан мезгилде жайгашкан мейкиндигиңизди башка адамдардан бөлүп алышыңыз керек. Ага уктоочу жайлар жана жалпы жайлардагы башка мейкиндиктер кирет. Жуунуучу бөлмө, ашкана жана конок бөлмөлөрү сыяктуу жалпы жайларда өткөргөн убактыңызды мүмкүн болушунча азайтуу жана үйдү жакшы желдетип туруу сунушталат. Ашкана эмеректерин жана идиш жуугуч жайлардын үстүңкү катмарын тазалап, ошондон кийин аларга бир аз убакыт тийбей турганыңыз туура болот.

Мүмкүн болсо, ашканадан алысыраак болуп, жашаган жериңиздин аймагында гана тамактануу сунушталат. Үйдөгү жашоочулар бетке тийгизбей колдорун дайыма жууп, эмеректердин үстүңкү катмарын тазалап турушу керек.[9]

Сүлгү, кол аарчы жана башка жалпы үй буюмдарын колдонбоо сунушталат. Өзүнчө обочолонгон адамдын жекече жуунуучу бөлмөсү болгону оң. Эгерде жуунуучу бөлмө жалпы болсо, анда ден соолугунун абалына жараша өзү колдонгондон соң артынан жакшылап жууп туруу зарыл.[10]

Өзүнчө обочолонуунун маанилүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жугуштуу оорунун түрүнө жараша инфекция адамга үйдө, мектепте, жумушта, медициналык мекемеде жана башка коомдук жайларда жугушу ыктымал. Адам өзүн оорудан сактоо үчүн зарыл болгон алдын алуу (заманбап вакциналарды алуу, тиешелүү гигиеналык талаптарды сактоо ж.б.) чараларын көргөнү менен, баары бир ооруга чалдыгып калуу тобокелдиги бар. Айрым адамдар өздөрүн оорудан коргой албай, инфекциянын кесепетинен олуттуу кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн. Андыктан коомдон өзүнчө обочолонуу - бул башкаларды оорулардан сактоо үчүн колдонулган, инфекциянын алдын алуу жана аны көзөмөлдөө багытындагы маанилүү практика. Бейтаптарды обочолонтуу инфекциянын кооптуулугун азайтып, дүйнө жүзү боюнча жаңы пайда болгон жугуштуу ооруларга жооп кайтарууга мүмкүндүк берет.[1]

Психологиялык таасири[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзүнчө обочолонуу – COVID-19 пайда кылуучу оорунун жайылышын алдын алууда натыйжалуу чаралардын бири. Бирок өзүнчө обочолонуу психикалык ден-соолукка олуттуу таасирин тийгизип, депрессиянын, тынчсыздануунун жана акыл-эстин бузулушу сыяктуу абалдын жаралышына шарт түзөт.

Ушул себептен улам Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) адамдарды телефон аркылуу же онлайн платформалар сыяктуу аралыкта баарлашууну улантууга үндөйт.​[11]

Кыжаалат абал жумуш ыргагын өзгөртүүгө же окутуу формасынын өзгөрүшүнө, мурунку адаттарды колдонуу эми белгисиз мөөнөткө чейин мүмкүн болбой калышына же келечекке ишенбей калууга алып келиши мүмкүн.[2] Жаңы жашоо таризинин өзгөчөлүктөрүнө көнүгүү боюнча төмөнкүдөй сунуштар бар:​[12]

  • Интернет сыяктуу заманбап артыкчылыктар аркылуу үй-бүлө мүчөлөрү жана достор менен көбүрөөк байланышып туруңуз. Жакындар менен уюлдук телефон, видео конференция же социалдык тармактар ​​аркылуу баарлашуу сунушталат.
  • Үйдө күнүмдүк режимди сактаңыз. Жасалуучу иштерди мерчемдеп алыңыз. Спорт менен машыгуу стресстен арылууга жана чыр-чатактардан алыс болууга жардам берет.
  • Мүмкүн болсо, аралыктан иштөөнү уюштуруу туура.
  • Эгерде үйдө балдар бар болсо, анда алардын аралыктан билим алуудан жана күнүмдүк жашоонун кадыресе адаттарынын өзгөрүшүнөн улам пайда болгон кыжаалат абалды жеңүүсүнө жардам бериңиз.
  • Өзүнчө обочолонууну окуу, музыка угуу, өз алдынча билим алуу жана өзүн-өзү өркүндөтүү сыяктуу ар кандай иш-аракеттерди жасоого мүмкүнчүлүк катары караңыз.

“Ирландиянын Саламаттыкты сактоо кызматынын жетекчиси оорунун жышаандарына ар дайым байкоо жүргүзүп турууну жана өзүнчө обочолонуу аяктаганга чейин таштандыларды ыргытпоону сунуштайт. Муну менен катар "өзүнчө обочолонуу адамды жадатышы же көңүл калууга алып келиши” мүмкүн экендигин эскертет. Бул сиздин маанайыңызга жана сезимдериңизге таасир этиши ыктымал. Эгерде жабыгуу, тынчсыздануу же уйкудан кыйналып жаткан болсоңуз, анда бул жагдай досторуңуз же үй-бүлөңүз менен телефон аркылуу же социалдык тармактар ​​аркылуу байланышып турууга жардам берет”.

COVID-19 учурунда өзүнчө обочолонуу мезгили[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чет өлкөлөрдөн кайтып келген саякатчылардын бардыгы милдеттүү түрдө өзүнчө обочолонууга тийиш. Бул буйрукту бузгандарга белгилүү бир өлчөмдөгү айып пул салынат.​[13]

COVID-19 чалдыккан бейтап менен тыгыз байланышта экени аныкталган адам инфекция табылган күндөн тартып 14 күндүн ичинде өзүнчө обочолонуу шартында болушу керек.​[14]

- Эгерде сизде оорунун жышаандары байкалса, анда алар пайда болгондон учурдан тартып кеминде 10 күн бою өзүнчө обочолонууда болуңуз;

- Эгерде сизде оорунун жышаандары жок, бирок тест оорунун бар экенин көрсөтсө, анда тест тапшырган күндөн баштап, бери дегенде 10 күн бою өзүнчө обочолонуңуз (эгер сизде ушул обочолонуу мезгилинде белгилер пайда болсо, анда оорунун белгилери пайда болгон күндөн баштап 10 күндүк обочолонууну кайрадан баштаңыз);

- Эгерде сиз башка адамдар менен жашасаңыз, анда бардык үй-бүлө мүчөлөрү өз бөлмөлөрүндө калып, 14 күн өзүн обочолонууга алынышы керек.14 күндүк мезгил биринчи адам ооруп калган күндөн же оорунун жышаандары жок болсо, тест алынган күндөн тартып башталат.

- Эгерде үй-бүлөнүн башка мүчөсүндө оорунун жышааны байкала баштаса, анда алар текшерилип, оорунун белгилери башталган күндөн тартып 10 күндүн ичинде, алгачкы 14 күндүк обочолонуунун кайсы күнү болгонуна карабастан, үйдө болушу керек.

- Эгер сиз өзүңүздү жаман сезе берсеңиз же обочолонуу мезгилинен кийин оорунун белгилери пайда болсо, обочолонуу процессин кайрадан баштоо керек болот, бирок абалыңыз начарласа, анда медициналык жардамга кайрылышыңыз зарыл.

- Эгерде үй-бүлөңүздүн бардык мүчөсү үчүн обочолонуу мезгили өткөндөн кийин, сизде же үй-бүлөңүздө кайрадан экинчи ирет оорунун белгилери байкалса же тест оорунун бар экендигин кайрадан көрсөтсө, анда бардыгына кайрадан обочолонуу сунушталат.​[15] Archived 2021-01-21 at the Wayback Machine

Өзүнчө обочолонууга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзүнчө обочолонууга киришерден мурун үйдүн негизги муктаждыктары, бул мезгил ичинде жалпы иммундук функцияны жакшыртуучу туура тамактануу үчүн ар кандай пайдалуу тамак-аштар менен камсыздалганыңызды текшерип алыңыз. Организмдеги суу теӊдемин сактоо үчүн көп суу ичүү да керек болот.

Эгерде сиз өзүнчө обочолонуп жатсаңыз, тамак-аш жеткирүүнүн ыңгайлуу кызматынан пайдаланганыңыз же үй-бүлө мүчөлөрүнөн, кошуналарыңыздан азык-түлүк алып келип берүүнү суранганыңыз оң. Өзүңүздү обочолоодон мурун, өзүңүзгө жана сиз менен жашаган адамдардын баарына дары-дармектердин жетиштүү экендигин текшерип алыңыз. Дары-дармектериңиз түгөнө баштаса же рецепт талап кылынса, досуңуздан, үй-бүлө мүчөсүнөн же кошунаңыздан аны алып, үйүңүзгө алып келүүсүн өтүнүңүз. Эгер сиз жалгыз жашасаңыз, анда сизге кошумча колдоо көрсөтүүчү же сизге керектүү дары-дармектерди алып келип бере турган адам табыңыз. Ал адамдан инфекцияны жуктурбоо үчүн бардык чараларды көрүүнү сураныңыз.

Самын, даарат буюмдары жана тазалоочу каражаттар да жетиштүү экенине ынаныңыз. Эгер сиз башкалар менен чогуу жашасаңыз, анда буюмдардын, эмеректердин сыртын тазалыкта кармоо үчүн жалпы үй-бүлө мүчөлөрү бирдей аракет көрүшү зарыл.

Эгерде сиз үйдө иштесеңиз, анда тиешелүү шаймандар, сапаттуу интернет байланышы жана башка жеке документтер же китептер сыяктуу керектүү нерселердин бар экендигин текшерип алыңыз.​[16]

Башка чектөө ыкмаларынан айырмасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзүнчө обочолонуунун карантинден айырмасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Карантин – адамдардын белгилүү бир тобу үчүн катуу чектөө чарасы. Мисалы, оору жуккан же оору жукту деп шектелген адамдар үчүн. Бул дарыгерлер дайындаган обочолонуу режими. Анын талаптарын эпидемиологиялык жагымсыз шарттагы өлкөлөрдөн кайтып келгендер, ошондой эле COVID-19 белгилери бар адамдар жана коронавирус менен ооруган бейтаптар менен байланышта болгондор сакташы зарыл. Карантиндеги обочолонуу мөөнөтү – он төрт күн. Бул мезгилде жаран өз үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

Өзүнчө обочолонуу - калк үчүн чектөөчү иш-чаралардын жыйындысы, ал өкмөт тарабынан белгилүү бир мөөнөткө чейин катуу даярдыктын же өзгөчө кырдаалдын алкагында киргизилет. Азыркы шарттарда COVID-19 оорусунун таралышына каршы күрөшүү максатында киргизилген. Жарандар төмөнкү шарттарды аткарууну суранышат: эч негизсиз көчөгө чыкпоо, башка адамдар менен байланышты чектөө жана медициналык коомчулук сунуш кылган вирустук оорулардын алдын алуу боюнча бардык сунуштарды аткаруу. Өзүнчө обочолонуу режимин бардык курактагы адамдар сактоого тийиш.​[17]

Өзүнчө обочолонуунун социалдык аралыкты сактоодон айырмасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам социалдык аралыкты сактап, жугуштуу оорудан коргонуу максатында коомдук жайлардан, адамдар көп чогулган же чогулушу мүмкүн болгон жерлерден алыс болот. Ошентип, пандемия учурунда коргонуу чарасы болгон социалдык аралык - бул адамдар менен тыгыз байланыш пайда болуучу жерлерден же кырдаалдардан алыс болуу аракети. Карантинге алынган же өзүнчө обочолонгон адамдардан айырмаланып, бул адамдар вирустун таасирине кабылышкан эмес жана болгону жуктуруу коркунучун азайтууга аракет кылышат.​[18]

  1. Gammon J, Hunt J (February 2018). "A review of isolation practices and procedures in healthcare settings". British Journal of Nursing.137–140.
  2. Robinson, Sarita. «Coronavirus self-isolation: a psychologist explains how to avoid cabin fever». The Conversation. The Conversation. Retrieved March 17, 2020