Чума

Википедия дан
Yersinia pestis (x200).
Чума.

Кара тумоо — катуу кармаган өтө жугуштуу дарт. Анда адамдын жалпы абалы оордоп, лимфа түйүнү жана башкалар органдар сезгенет. Карантин ооруларына кирет. Жаратылышта Чума менен адамдан башка кээ бир кемирүүчүлөр (суур, сары чычкан, кум чычкан, сокур чычкандар, келемиштер, талаа коёндору жана башкалар) жана үй жаныбарлары (тоок, мышык) ылаңдайт. Алар табиятта Чума тараткычтар болуп эсептелет. Чума козгогучун (Чума таякчасын) оорулуу жаныбарлардан соолорго, ошондой эле адамга бүргө таратат. Чума таякчасы чөйрөдө (мисалы, ириңде, канда, какырыкта, сыйрылган териде жана башкалар) ыңгайлуу шарт болсо, айрыкча муздакта узак жашайт. Чума бактериясы бүргөнүн денесинде, ал жашаган ээсинин (жаныбардын) ийининде 1 жылдан ашык сакталып, оору козгоо касиетин жоготпойт. Кишиге оору козгогуч Чума менен ылаңдаган жаныбарлардан (терисин сыйрыганда, этин бузганда жана башкалар) жугат. Өпкөдөн кармаган Чума оорунун булагы катары абдан коркунучтуу. Себеби Чуманын козгогучу өпкөдөн жалаң гана шилекейдин, какырыктын чачырандылары эмес, оорулуу сүйлөгөн учурда да ооздун жели аркылуу эң көп санда чыгып турат. Мындай убактарда Чума аба аркылуу тез тарайт. Чуманын микробу адамдын териси, оозу, муруну, көзү аркылуу кирет.

Чума (1914).

Оорунун алгачкы белгилери 3—5 күндөн кийин билинет, өпкө Чумасында инкубациялык мезгил бир нече сааттан 3—6 суткага чейин эле созулат. Чума капысынан катуу кармап, дене температурасы 39—40°ка көтөрүлөт. Башы катуу ооруп, айланат, кусат, уйку качат. Оорулуунун бети тамылжып, кызарат, шишимик тартат, көздөрү кызарып (коён көз) жалжылдайт, мас болгон кишиче темселеп баса албай, жөөлүйт. Тили кургап, туурулуп, кеберсип, оозго батпай чыгып турат, оорулуу булдуруктап сүйлөй албайт. Чуманын бубондук түрүндө (микроб кирген жерге жакын бездер чочуйт) колтук, моюн, чурай бездери чоңоюп, кызарып ириңдейт, сыздап катуу ооруйт. Өпкө Чумасында аларга көкүрөктүн оорушу, жөтөл, кан түкүрүү кошулат. Кээде кан, ириң аралаш какырат. Өпкө Чумасы жана сепсиси эң оор өтүп, көбүнчө өлүмгө дуушар кылат. Чуманын тери-бубон түрлөрү, эгерде алар өпкө же сепсис формасына өтпөсө, жалпысынан жеңилирээк өтүп, азыркы убакта дарылап айыктырууга болот.

Ооруну атайын ооруканада врач дарылайт. Чумага каршы күрөшүү жана алдын алуу үчүн табияттагы Чуманын булагы болгон зыяндуу жаныбарларды жана козгогучун ташуучу бүргөлөрдү жок кылуу керек. Табигый очоктордо жашаган жергиликтүү эл же ал жакка убактылуу келген кишилер (малчылар, геологдор, куруучулар жана башкалар) атайын вакцина менен жыл сайын эмделип турат. Оору чыккан жерге карантин коюлат.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8