Энтигүү

Википедия дан

Энтигүү (грек. dyspnoe) ― дем алуунун жыштыгынын, тереңдигинин же ритминин бузуулушу, же дем алууга жана дем чыгарууга тоскоол болушунан улам дем алуу булчуңдарынын иштешинин патологиялык жогорулашы, көбүнчө абанын жетишсиздиги жана дем алуудагы кыйынчылык менен коштолот.

Дени сак адамдарда энтигүү, дем алуунун мүнөттүк көлөмүнүн көбөйүшү менен, физикалык оор күч келтиргенде, (абанын жетишсиздик сезими, ал ишти токтотуу керек дегенди билдирет) же дене ысып кетсе (терморегуляция механизмдеринин бири катары) жана атмосферанын өзгөргөн шарттарында, мисалы, бийиктикте кычкылтектин парцианалдык басымы төмөндөшүндө (pO2) же жабык мейкиндикте көмүр кычкыл газынын (pCO2) парцианалдык басымы жогорулаганда энтигүү болот. Анын патологиялык шарттары ар кандай. Дем алуу тутумунун (бронхтор, өпкө, диафрагма, плевра, көкүрөк, дем алуу булчуңдары жана алардын нервдик аппараттары) жабыркаганда, жүрөк жетишсиздигинде, борбордук нерв системасынын баштапкы жабыркашында жана биохимиялык кан гомеостазынын бузулушуна байланыштуу анын иши бузулган учурда энтигүү байкалат[1].

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыска мөөнөттөгү энтиүүнү пайда кылууга көптөгөн шарттар таасир этет. Аларга кирет;

  • Физикалык оор күч келтирүү активдүүлүк (спорт, эмгектенүү); тынчсыздануу
  • миокард инфаркттары, жүрөк ритминин бузулушу, жүрөк кемтиги, миксомалар жана башка жүрөк көйгөйлөрү;
  • аллергия, бронхиалдык астма, кургак учук, эмфизема, пневмоторакс, пневмония, өпкө оорулары, рак;
  • кабырганын сынышы;
  • жүрөктүн айланасындагы ашыкча суюктук;
  • демдин кысылышы;
  • өпкөнүн коллапсы;
  • аз кандуулук; капыстан кан жоготуу;
  • башка респиратордук инфекциялар;
  • кош бойлуулук;
  • анафилаксия деп аталган катуу аллергиялык реакция;
  • васкулит, алгачкы гипертония, аневризма;
  • миастения, склероз;
  • асцит;
  • уремия;
  • перикардия[2];

Классификациясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Медициналык практикада энтигүү биринчи кезекте клиникалык көрүнүштөрдүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу маанилүү диагностикалык мааниге ээ болгон, дем алуунун патогенезинин өзгөчөлүктөрү менен байланышкан прогноздук олуттуу патологиялык шарттардын жана процесстердин симптому катары каралат. Бул өзгөчөлүк клиникада белгилүү аталыштарга ээ болгон (мисалы, ортопноэ, тахипноэ) жана анын белгилүү бир патологиялык абал же белгилүү бир органдын жабыркашынан улам  энтигүүнүн көрүнүштөрүнүн көптөгөн варианттарын аныктап, аны клиникалык же патогенетикалык түрлөргө бөлгөн. Күндөлүк медициналык практикада аны борбордук, өпкө, жүрөк, ошондой эле гематогендик деп бөлүшөт. Биринчи үч форма көбүрөөк кездешет, ал эми экинчиси сейрек келип, адатта, өмүргө коркунуч туудурган шарттардын белгиси болуп саналат.

Борбордук энтигүү - дем алуу борборунун функционалдык (мисалы, невроз болгондо) же органикалык патологиянын, б.а. нейротроптук уулардын таасиринен келип чыккан бузулушунун симптому. Анын себеби дем алуунун жетишсиздигинин болуп саналат. Борбордук энтигүүгө төмөндөгүлөр кирет.

  1. Брадипноэ - олуттуу өзгөрүүлөрсүз же кээ бир тереңдигинин жогорулоосу бар сейрек дем ​​алуу (1 мүнөттө 12ден аз). Бул дем алуучу нейрондордун дүүлүктүрүүчү күчкө шайкеш келүүсүн сактоо менен, дем алуу борборунун дүүлүгүү босогосунун жогорулашы менен байланыштуу. Морфинди максималдуу дозаларын берүүдө, баңгизаттар менен уулануунун баштапкы стадиясында, кээде нарколепсияда же ден-соолугу чың адамдарда уйку жетишсиз болгондон кийин өтө терең уйку учурунда брадипноэ байкалат.
  2. Олигопноэ - бул өпкө вентиляциясынын көлөмүнүн азайышы менен сейрек кездешүүчү жана тайыз дем алуу. Сейрек учурларда, бул зат алмашуунун басаңдашына байланыштуу дем алуу борборунун дүүлүгүүсүнүн начарлашына байланыштуу (мисалы, гипотермияда) кездешет.
  3. Тахипноэ - кескин ылдамдаган (1 мин ичинде 40тан ашкан) жана полипноэден айырмаланып, ар дайым үстүртөн дем алуу. Көбүнчө неврозго окшош шарттарда жана невроздордо, айрыкча истерияда байкалат.
  4. Гиперпноэ - тез жана терең дем алуу, же чоң дем алуу. Мээдеги комада, атап айтканда менингитте, геморрагиялык инсультта, мээнин травмасында (айрыкча, борбордук келип чыккан өпкө шишиги татаалдашканда), ошондой эле эпилепсиялык, экламптикалык жана алкоголдук комада байкалат.

Өпкө энтигүүсү -  иш жүзүндө дарыгерлер  бронхтордун, өпкөлөрдүн жана торакодиафрагматикалык респиратордук жетишсиздиктерде айкалыштырган түшүнүк (плеврит, фиброторакс, кифосколиоз, диафрагманын дисфункциясында ж.б. байкалат). Анын эки түрү бар.

  1. Экспиратордук энтигүү эң кеңири тараган түр болуп саналат, ал бронхтордо аба агымына анормалдуу жогору туруштук берүүдөн же алардын шишип кетишинен, бронхиалдык спазмдан же какырыктын тыгылып калуусунан улам оор дем чыгаруу менен мүнөздөлөт. Бул негизинен бронхиалдык астмада жана өнөкөт обструктивдүү бронхитте байкалат.
  2. Инспиратордук энтигүүгө дем алуудагы кыйынчылыктар мүнөздүү. Фиброздоочу альвеолитте, саркоидоздо, бериллийде жана башка фиброздо, ошондой эле өпкөнүн лимфогендик карциноматозунда (вентиляциянын жетишсиздиги диффузия менен айкалышкан), клапандык пневмоторакста, плевра массалык эффузиясында (гидроторакс, плеврит), диафрагматикалык параличте байкалат.

Жүрөк энтигүүсү көбүнчө сол карынчанын же сол жүрөктүн (митралдык стеноз, жүрөк фибрилляциясы, сол атриалдык миксом менен) жүрөк жетишсиздигинин өнөкөт (аорта, митралдык дефекттер, кардиосклероз, миокард дистрофиясы, кардиомиопатия) жана миокард, миокардиттин гипертониялык жүрөк кризиси негизги белгилеринин бири.

Гематогендик энтигүү патогенетикалык жактан дем алуу борборуна кандагы рНдагы өзгөрүүлөрдүн жана кандагы пайда болгон уулуу зат алмашуу продуктуларынын патологиялык таасири менен байланыштуу. Мисалы, уремия, боор жетишсиздиги, декомпенсацияланган кант диабети жана кээ бир ууланууда кездешет[1].

Профилактикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Энтигүү өз алдынча оору эмес, бир гана симптом болгондуктан, сиз биринчи кезекте жүрөгүңүздү жана өпкөңүздү карашыңыз керек. Бул үчүн алдын алуу чарасы катары төмөнкүлөр сунушталат:

  • тамеки тартуудан жана алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу;
  • күндөлүк режимди көзөмөлдөө (жумуш менен эс алуунун тең салмактуулугун, уйку режимин камсыз кылуу);
  • ашыкча физикалык активдүүлүктү азайтуу;
  • туура тамактануу;
  • нерв системаны стресстен жана тынчсыздануудан сактоо[3].

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Медициналык энциклопедия https://gufo.me/dict/medical_encyclopedia/%D0%9E%D0%B4%D1%8B%D1%88%D0%BA%D0%B0
  2. https://www.webmd.com/lung/shortness-breath-dyspnea#1
  3. https://www.medicina.ru/patsientam/zabolevanija/odyshka/