Вирус

Википедия дан
Вирус

Ротавирус.
Илимий классификация
Эл аралык илимий аталышы

Viruses [1]

Отряды
70 жакын тукумдун систематикасы түзүлө элек, андыктан бул систематикага алар кирген жок [2]

Систематика
Уикитүрлөрдө

Сүрөт
сүрөт издөө
NCBI  10239
EOL  5006

Вирус — башка организмдердин тирүү клеткаларынын ичинде гана көбөйүүчү кичинекей жугуштуу агент. Бактериялардан айырмаланып, клеткалардан сырткары чөйрөдө өспөйт. Вирустар медициналык изилдөө, эксперимент үчүн жаныбар жана өсүмдүктөрдүн организминде, тирүү сакталган клетка менен тканда жана башка өстүрүлөт. Вирустук жугуштуу оорулар кеңири таралган. Орус окумуштуусу Д. И. Ивановский 1892-ж. башка бактериялар өтпөй турган чыпкадан өтүп кетүүчү эң майда микроорганизмдер вирус экендигин аныктаган.

Вирустар — тирүү организмге таандык болгон бардык касиеттерге (тукум куугучтук, өзгөргүчтүк жана сырткы чөйрөнүн шартына карата ыңгайлануу) ээ жөнөкөй организм. Башка тирүү жандуулардан көбөйүшү боюнча айырмаланат. Вирустар клеткадан сырткары (тынч абалдагы) жана клетканын ичинде (көбөйүүчү) жашайт. Вирустардын бөлүкчөлөрүнүн (вириондордун) клеткадан сырткаркы абалында эч кандай тиричилик белгилери туюлбайт. Вириондор клеткалардын ичине киргенден кийин гана алардын тынч абалы бузулуп, көбөйүү жолуна өтөт. Вирустарды жана алардын түзүлүшүн электрондук микроскоптун жардамы менен гана көрүүгө болот. В-дын көлөмү ар кандай: чечектин козгогучу чоң (400—700 нм), ал эми энцефалиттин, полиомиелиттин, шарптын козгогучтары эң эле кичине (20— 30 нм). Алар төрт чарчы, таякча, шарча жана жипче сыяктуу формада, бактериофагдар көнөк башка окшош болот. Эң жөнөкөй вирус белоктордон жана нуклеин кислоталарынан турат. Адамдын, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана бактериялардын клеткалары 2 түрдүү нуклеин кислотасынан (ДНК жана РНК) турат. Ал эми Вирустар бир гана (ДНК же РНК) нуклеин кислотасынан турат. Вирустардын түрүнө жараша андагы белоктор ар кандай түзүлүштө жана татаалдыкта болушат. Татаал түзүлүштүү Вирустар белок жана нуклеин кислотасынан башка углеводороддордон, липиддерден турат. Көпчүлүк В-дын составында ферменттер да болот. Нуклеин кислотасы Вирустардын тукум куугуч жана оору пайда кылуучу касиетин белгилеп, алардын өзгөчөлүктөрүндө чоң мааниге ээ, ферменттер болсо көбөйүүдө катышат.

Вирустардын көбөйүүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгач вирион клеткага жабышып бекип, андан клетканын ичине кирет. Вирион клеткага кирерде анын белок кабыкчасы ферменттердин таасиринен бузулуп, нуклеин кислотасы бошонот. Нуклеин кислотасы клеткага киргенден кийин, вирус инфекциясынын жашыруун мезгили башталат. Клеткага кирген нуклеин кислотасы көбөйүү процессин бүт башкарат. Алар клеткаларды Вирустардын кийинки мууну үчүн белок синтездөөгө мажбурлап, клетканын өзүнүн зат алмашуусу басаңдайт. Вирустардын көбөйүүсү жаңы вирус бөлүкчөлөрүнүн (вириондорунун) жайылып, алардын клеткалардан чөйрөгө чыгуусу менен аяктайт. Вирустардын клеткалар менен өз ара аракетинин негизинде ар түрдүү жугуштуу оорулар пайда болот. Айрым учурда клеткалардын оорусу тез өнүгүп, клетка өлөт. Ал эми кээде клеткага киргенден кийин өзүнүн зыяндуу таасирин бир топ мезгилге чейин билгизбей, клетканын оорусу узак убакытка созулуп, өнөкөт оору түрүндө өтөт. Дартка чалдыккан клетка өзүнүн сырткы түрүн өзгөртпөгөндүктөн мындай ооруну өз убагында аныктоо кыйын. Катуу кармаган вирус инфекциясына караганда билинбей өтүүчү инфекциялар — учук, жугуштуу полиомиелит, грипп, энцефаломиелит жана башка оорулар да кездешет.

Бул ооруларды пайда кылуучу Вируустар организмде көпкө чейин (айрым учурда өмүр бою) билинбей сакталат. Айлана-чөйрөнүн ар кандай терс таасиринин (суукка урунуу, күн нурунун узакка таасир этүүсү, рентген нурлары, шишик оорусун пайда кылуучу химиялык заттар, психикалык терс көрүнүштөр жана башка) натыйжасында клеткадагы билинбеген Вирустар жаңданып, алардын оору пайда кылуу Жөндөмдүүлүгү жогорулайт. Азыркы убакта муздак кандуулардын (бака), сойлоочулардын (жылан), куштардын (тоок), сүт эмүүчүлөрдүн (чычкан, келемиш, маймыл) лейкоз (кан рагы), рак, саркома ооруларын козгоочу 40тай В. белгилүү. Булар онкоген В-ы деп аталат. Аларды соо жаныбарларга киргизгенде аларда коркунучтуу шишик өөрчүйт. Онкоген Вирустар анча активдүү эмес, алар клеткаларды буза албайт, бирок тукум куума өзгөрткүчтүктү пайда кылат. Вирусдын онкогендик касиетинде нуклеин кислотасынын ролу чоң. Кээ бир вирустук оорулар жалпы дененин жаралануусу жана уулануусу (кызылча, грипп, чечек, кутурма жана башка), айрымдары теринин жана былжыр кабыкчалардын сезгенүүсү (учук, папиллома), өзүнчө органдардын, ткандардын (жүрөк булчуңунун, боордун) сезгенүүсү, лейкоздор (кандын рак оорулары) жана коркунучтуу шишик (саркома, рак) жана башка түрүндө өтөт. Кызылча, грипп, жугуштуу сарык, учук жана башка оорулар кеңири таралган вирустук дарттар болуп эсептелет. Табиятта адамга гана тиешелүү вирустар болбойт. Көпчүлүк вирустардын бир нече аралык ээлери бар. Мисалы, арбовирустар кене, чиркей жана башка кан соргуч курткумурскалардын, киши жана жаныбарлардын клеткаларында жакшы көбөйөт.

Вирустуу оорулар‎[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Вирустуу оорулар‎

Вирус ооруларына каршы күрөшүү чаралары вирус ачыла электе эле жүргүзүлгөн. Англиялык врач Э. Женнер уйдун чечек оорусу менен ооругандар кара чечек менен дээрлик оорубай тургандыгын байкаган. Ал 1796-жылы дени соо адамга уйдун чечек оорусун, андан соң ошол эле кишиге кара чечек оорусун жасалма жол менен жугузган. Мунун натыйжасында уйдун чечек оорусу менен ооруган киши кийин кара чечек менен оорубай тургандыгы аныкталган. Ошол өткөн заманда кара чечек оорусунан миллиондогон адамдар өлүмгө учураган. Ошондуктан Э. Женнердин илимий ачуусу жугуштуу ооруларга каршы күрөшүүдө өтө чоң мааниге ээ болгон. Андан 100 жылдан кийин 1885-ж. француз окумуштуу Л. Пастер кутурма оорусуна (экинчи вируска) каршы вакцинаны ачкан. В. илимде ачылгандан кийин өлтүрүлгөн же жасалма жол менен алсыздандырылган вирустардан өнөр жайда вакциналар даярдалып чыгарылып жатат. Мындай вакциналарды денеге куйгандан кийин алар оору пайда кылбайт, бирок ошол ооруга каршы активдүү иммунитет же кабыл албоочулук пайда болот.

Вируска каршы дарылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Вируска каршы дарылар

Вирус ооруларына каршы күрөшүүдө - ооруп айыккан кишинин же атайын вирустун бир түрү менен эмделген жаныбардын канынан даярдалган кан сары суусу (глобулиндер) колдонулат. Кан сары суусунда вирустарга каршы атайын даяр белок заттары — антителолор болот. Бул белоктор вирустардын терс таасирин зыянсыздандырат жана бир нече сааттан кийин пассивдүү иммунитет пайда кылат. Акыркы жылдарда, кээ бир вирустук жугуштуу ооруларга каршы интерферон (белок зат) жана айрым синтездик заттар колдонула баштады. Пайдалуу вирустар да бар. Бактерия жегич вирус (бактериофагдар) чуманын, ич келтенин, дизентериянын таякчаларын, холера вибриондорун заматта эритип жиберет. Ошондуктан алар адегенде айрым жугуштуу ооруларды дарылоо жана алдын алуу үчүн колдонула баштаган. Бирок адамдын организминде фагдар бактерияга пробиркадагыдай күчтүү таасир этпей жана бактериялар ага тез көнүп калары байкалды. Антибиотиктер ачылгандан кийин фагдар дары катары колдонулбай калды. Айрым Вирустар айыл чарба зыянкечтерин жок кылууда колдонулат.

Covid-19[түзөтүү | булагын түзөтүү]

На шипах короны имитируется молекула бар сродство менен адамдык ферментом АПФ 2. Эмне болуп өз ара фальшивой молекулы менен рецепторами АПФ 2 аймакта жайгашкан мембране клеткаларынын. Ошондон кийин кытай коронавирус" продавливает" рецептор ичине клетка жана артынан алар впрыскивает өзүнүн РНК. Андан ары адам клеткасынын цитоплазмасындагы вирусту көбөйтүү пайда болот.[3]

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Англис тилинде жана латын тилинде бул сөздүн көптүк түрдө кароо дагы деле талаш чыгарууда.
  2. Вирустар таксономиясы - Вирустардын таксономиясы боюнча Эл аралык комитетинин (ICTV) сайтында
  3. Коронавирус (Тоби 19) коркунучтуу жана кандай оору берилет?

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8