Мазмунга өтүү

Айлана чөйрөнү коргоо

Википедия дан

Айлана чөйрөнү коргоо – бул ар кандай илим бутактарынын изилдөөлөрүн, жетишкендиктерин колдонуп жаратылышты булгабай, аны баштапкы абалындай таза сактоо аракетинде жасалган иш-чаралар системасы.

"Суу" менен камсыздандыруу, канализация, химиялык өндүрүштүн жана сугат иштеринин айлана чөйрөнү коргоо менен түз байланышы бар. Анткени, эгерде канализация системасы болбосо, болгон суу ресурстарыбыз кирдеп өтө аз убакыттын ичинде көптөгөн эпидемияларга чалдыгып ичүүчү суусуз калабыз. Ал эми сугат системасы иштебесе, айдоо жерлеринин бузулуусу, суунун ашыкча короосу сыяктуу экологиялык маселелер келип чыгат. Ошондой эле химиялык өндүрүш айлана чөйрөнү булгаган факторлордун биринчилеринен болуп эсептелет.

Канализация – айлана-чөйрөнү коргоодо чоң мааниге ээ. Анткени адам тарабынан булганган суунун чоң бөлүгү канализация системасында тазаланат. Биз мисал катарында Бишкек шаарынын канализация системасын карап көрөлү.

  • Бишкек шаардык суу каналында күнүнө 280 000 км3 суу тазаланат. Ошол эле учурда ал 380 000 м3 сууну кабыл алып тазалаганга мүмкүнчүлүгү бар.
  • Бишкек шаардык суу каналында суу 6 этапта тазаланат.

1...Механикалык тазалоо. Механикалык тазалоодо суу менен агып келген таштандылар кармалып тазаланат. Агып келген көлөмү чоңураак болгон таштандылар (кагаз, пластик пакет ж.б.) темир торчого такалат. Ал торчо өзүн-өзү оператордун көзөмөлү алдында тазалап турат.
2...Кум кармагычтар. Кум кармагычтарда агым жайыраак болот. Ал жерде механикалык тазалоодон өтүп кеткен салмактуу майдараак бөлүкчөлөр чөгөт.

Бул жерде чөккөн чөкмөнү чуңкурга чогултуп келип аны түтүктүн жардамы менен сордуруп алышат. 3...Биринчилик чоң тундургучтар. Бул жерде кир суу 1,5 саат туруп эң майда бөлүкчөлөргө чейин тунат.

Суунун түбүнө чөккөн чөкмөлөрдү кыргычтар тазалайт. Алардын оозу айланган тарапты караган үчүн чөкмөлөр өз агымы менен агып чыгат. Ал эми үстүнө калкып чыккан таштанды, эрибеген кошулмаларды калпыгычтар чогултат.
4...Биологиялык тазалоо бассейндери. Бул жерде суунун химиялык курамын тазалоо башталат. Суу активдүү баткак менен аралашып, андагы микроорганизмдер сууну ар кандай булгоочу кошулмалардан тазалайт.

5...Экинчилик чоң тундургучтар. Бул жерде суу ага аралашкан активдештирилген баткактан тазаланат. Ал кыргычтардын жардамы менен чогултулат. Баткактын керектүүсү алынып, калганы талаага жайылып кургатылат.

6...Хлордоо. Бул этапта тазаланып чыккан сууга хлор кошулат. Анын концентрациясы 0,20 мл/л түзөт. Хлордолгон суу 30 км агып барып Чу дарыясына куюлат. Суу Чу дарыясына жеткенче хлор анда жакшылап эрип микроорганизмдерден тазалайт. Дарыяга куйганда суудагы ичеги таякчалардын концентрациясы 600 бирдик/л ашпайт. Аны лаборанттар күн сайын текшерип турат. Анткени мамлекеттер менен белгилүү келишимдер бар.

Сугат дыйканчылык системасы – бул топурактын түшүм берүүчүлүгүн жогорулатууга багытталган агротехникалык жана уюштуруу-чарбалык чаралар. Агротехникалык комплексте сугаруу чоң мааниге ээ. Ошол эле убакта сугат – сугарылуучу жерлерде өсүмдүк өстүрүү менен байланыштуу болгон айыл чарба иштеринин комплексиндеги эң олуттуу жана эмгекти көп талап кылуучу агротехникалык ыкмалардын бири. Бирок азыркы учурда фермердик чарбаларда колдонулуп жаткан сугат техникасы жана технологиясы жаман акыбалда жана көп учурда берилген жердин жаратылыш шарттарына жана чарба талаптарына жооп бербейт. Мунун натыйжасында жер кыртышынын суу эрозиясы, саздануу күчөйт, сугат сууларынын чыгымы көбөйөт, түшүмдүүлүк азаят жана башка экологиялык мүнөздөгү терс көрүнүштөргө алып келет.

Химиялык өндүрүш

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Химиялык өндүрүштүн натыйжасында пайда болгон кээ бир булгоочу заттардын касиеттери

Винилхлорид Булактары: Винилхлориддин (ВХ) эмиссияларын атмосферага чыгаруучу негизги булактар болуп винилхлоридди өндүрүү, поливинилхлоридди (ПВХ) жана андан жасалган буюмдарды өндүрүү болуп эсептелет. АКШ да катталган кээ бир винилхлорид эмиссиялардын булактары муниципалдык таштандыларды чогултуучу жерлер болгон. Атмосфера: Батыш Европада винилхлориддин фондук концентрациялары орточо 0,1-0,5 мкг/м3 деп алынат. Ал колдонулуп жаткан эң жакшы методдордун (хромато-масс-спектрометрия) аныктоо чегинен (0,8 мкг/м3) төмөн болуп эсептелет. ВХ жана ПВХ өндүрүүчү заводдордун жанында ВХдин абадагы орточо суткалык концентрациясы 100 мкг/м3дан жогору болушу мүмкүн, бирок заводдон 1 км аралыкта ал көрсөткүч 10 мкг/м3дан да төмөндөп кетет. Суу: Винилхлорид жогорку учуу жана реакция жөндөмдөрүнө ээ болгондуктан, ал сууда аз концентрацияда кармалат. Ичүү суудагы өлчөнүп аныкталган винилхлориддин эң жогорку концентрациясы (1,7 мкг/дм3), мономердин поливинилхлорид суу түтүктөрүнөн суунун курамына кошулуусу менен түшүндүрүлөт. Концентрацияларды эсептөө коэффициенттери: 1млн-1 (1 ppm) = 2,589 мг/м3 1 мг/м3 = 0,386 млн-1 (ppm) Организмге келип түшүү жолдору: ВХ организмге негизинен ингаляциялык жол менен келип түшөт. Ал эми булактардан негизгилерден болуп өнөр-жай булактары эсептелет. ВХ же ПВХ өндүрүүчү өнөр-жайлардын айланасындагы 5 километрдик зонада жашаган адамдарга ВХ концентрациясы башка калкка караганда 10-100 эсе көп таасир этет. Ден-соолукка тийгизген таасири: ВХдин жогорку концентрацияларынын токсикалык эффекттери анын профессионалдык контакт шарттарында таасир этүүсүндө байкалат. ПВХ өндүргөн заводдордун жанында жашагандар үчүн жаңы төрөлгөн жана жаш балдардын туура эмес өрчүү коркунучу жогору болот. Борбордук нерв системасы өзгөчө сезгич келет. ВХдин адам үчүн канцерогендүү экендиги аныкталган.

Булактары: Электро техника, авиациялык, химиялык, нефти иштетүү өнөр-жайлары, машина куруу, курулуш, оптика, ракеталык жана атомдук техника. Жаратылышта кездешүүсү: Алюминий, жер кыртышынын курамында кармалышы боюнча кычкылтек менен кремнийден кийин үчүнчү орунду ээлейт, жана анын 8,8%ын түзөт. Топуракта алюминий 150-600 мг/кг өлчөмдө, шаарлардын абасында 10 мкг/м3га жакын өлчөмдө, айыл жергесинде болсо, 0,5 мкг/м3 өлчөмдө кезигет. Ал топуракта кычкылдануу жолу менен чогулат. Агым сууларда алюминийдин өлчөмү 2,5-121 мкг/дм3ду түзөт. Көлмөлөр кычкылданганда алюминийдин эрибеген формалары эриген формаларга өтөт, ошондуктан анын суудагы концентрациясы кескин жогорулайт.

Организмге келип түшүү жолдору: Алюминийдин организмге келип түшүүсүнүн негизги булактары: тамак-аш, суу, аба, дары-дармектер, алюминий идиш (термикалык иштетүүдөн кийин алюминий идиштеги тамакта алюминийдин өлчөмү эки эсе жогорулайт), дезодоранттар ж.б. Чоң кишинин алюминийди бир суткалык керектөөсү – 35-49 мг түзөт. Алюминийдин суткалык аралаш рациондогу жалпы кармалышы 80 мг түзөт. Ден-соолукка тийгизген таасири: Алюминийдин токсикалуулугу анын зат алмашууга тийгизген таасиринде байкалат. Өзгөчө минералдык алюминий нерв системасынын клеткаларынын өсүү жана көбөйүү функциясына тийгизген таасиринде байкалат. Алюминий туздарынын көбөйүшү кальцийдин организмде топтолуусун, фосфордун адсорбциясын азайтат. Ошол эле убакта сөөктөрдө, боордо, уруктуктарда, мээде жана калкан безде алюминийдин кармалышы 10-20 эсе жогорулайт. Алюминийдин нейротоксикалык таасиринин эң маанилүү клиникалык көрүнүштөрү: Кыймыл-аракет активдүүлүгүнүн бузулуусу, булчуңдардын түйүлүп калышы, эсти жоготуу жана унутчаактык, психопаттык реакциялар.


Ичүүчү суудагы приоритеттик органикалык эмес кирдетүүчү заттардын өлчөмдөрүнүн стандарттары

  • Чектүү деңгээлдеги концентрация, мг/дм3
Зат БДССУ(ВОЗ) АКШ Канада ЕБ(ЕС) Франция Германия СССР
Асбест -1 7,12 - - - - -
Барий - 1 1 0,05 - - 0,1
Бериллий - - - - - 0,0002
Бор - - 5,0 0,1 - - 0,5
Ванадий - - - - - 0,05
Кадмий 0,005 0,01 0,005 0,005 0,005 0,005 0,001
Молибден - - - - - 0,25
Мышьяк 0,05 0,05 0,05 0,05 0,05 0,04 0,05
Никель - - 0,05 0,05 0,05 0,1
Нитраттар 103 103 103 50 50 50 45
Нитриттер 0,013 1,0 1,0 0,1 0,1 0,1 3,3
Сымап 0,001 0,002 0,001 0,001 0,001 0,001
Коргошун 0,05 0,05 0,05 0,05 0,001 0,04 0,03
Селен - 0,01 0,01 0,01 0,01 - 0,01
Күмүш - 0,05 0,05 0,01 0,01 - 0,0
Сурьма - - 0,01 0,01 - 0,05
Таллий - - - - - 0,0001
Фтор 1,5 4 1,5 1,5 0,05 1,5 1,5
Хром 0,05 0,05 0,05 0,005 0,05 0,05 0,05
Цианиддер 0,1 0,2 0,05 1,5 0,05 0,1л

Түшүндүрмөлөр:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • 1 сызыкча менен белгиленген нормативдер аныкталган эмес
  • 2 млн. була/дм3
  • 3 азоттун саны боюнча