Вакцина

Википедия дан

Вакцина — алсыздандырылган, өлтүрүлгөн оору козгогуч микроорганизмдерден (бактериялар, риккетсиялар, вирустар) жана алардын тиричилик аракетинен пайда болгон продуктылардан алынып, активдүү иммундоо, алдын алуу жана дарылоо үчүн колдонулуучу препарат. Организмге Вакцинаны киргизүүдөн тийиштүү ооруларга жасалма активдүү иммунитет өнүгөт. 1796-ж. англиялык врач Э. Женнер адамды чечек оорусунан сактоо үчүн уй чечегинен биринчи жолу Вакцина даярдаган. 19-кылымдын аягында вакцина даярдоонун илимий негизин француз илимпоз Л. Пастер түзгөн. Ал күйдүргү (1881) жана кутурмага (1885) каршы эмдөө жүргүзгөн. Вакцинаны иштеп чыгарууда ата мекендик илимпоздор И. И. Мечников, Д. К. Заболотный, Н. Ф. Гамалея, Л. А. Тарасевич жана башка чоң салым кошушкан. Азыркы медицина көп коркунучтуу бактерия жана вирус ооруларына (чума, холера, туберкулёз, кептөөр, селейме, полиомиелит, энцефалит жана башка) каршы вакцинага ээ.

Вакцина тирүү, өлүү, химиялык жана анатоксиндер болуп бөлүнөт. Тирүү вакцина атайын алсыздандырылган, ооруну козгоого жөндөмсүз, бирок организмде көбөйүп, иммунитет — козгогучтарга каршы антителону пайда кылуучу микроорганизмдерден даярдалат. Микроорганизмдердин оору козгогуч касиеттерин алсыздандыруу үчүн алар жасалма азык чөйрөдө (бактериялар) же жаныбар организминде (вирустар) узак убакыт өстүрүлөт. 1921-ж. француз илимпоздор А. Кальметт менен Ш. Герен сунуш кылышкан туберкулёзго каршы тирүү В. (БЦЖ) бүт дүйнөгө белгилүү; аны колдонуу туберкулёз оорусун бир кыйла азайтты. Өлүү В. физикалык (ысытуу) жана химиялык (формалин, спирт, фенол жана башка) факторлор менен өлтүрүлгөн микроорганизмдерден даярдалат. Бул тирүү В. бөлүнүп алынбаган ооруларга гана (ич келте, көк жөтөл, холера жана башка) колдонулат. Химиялык вакцина — микроорганизмдердин же алардын продуктыларынын иммунитет пайда кылуучу түрдүү химиялык ыкмалар менен бөлүнүп алынган активдүү компоненти (антигендер). Ал паратиф, ич келте, риккетсиоздорго каршы колдонулат. Анатоксиндер бактериянын экзотоксиндеринин уу касиеттерин формалин менен зыянсыздандыруудан алынат. Анатоксинди организмге киргизгенден кийин иммунитеттин өнүгүшү канда белгилүү токсиндин таасирин жок кылуучу антителонун пайда болушуна байланыштуу. Антитоксиндерди 1923—26-ж. француз илимпоз Г. Роман ачкан. Ал кептөөр, селейме, ботулизм, газ гангренасы жана башкалардын алдын алууда колдонулат. Вакцина бир инфекциянын козгогучунан даярдалса — моновакцина, эки козгогучтан даярдалса — дивакцина, андан көп микроорганизмдерден жасалса поливакцина деп аталат. Поливакциналарды пайдаланууда бир нече ооруга иммунитет пайда болот. Вакцина организмдерге ар кандай ыкма менен жиберилет: булчуңга (кызылча), тери алдына (келте, паратиф, дизентерия, холера, чума жана башка), теринин үстүнө (чечек, туберкулёз, туляремия, күйдүргү), мурунга (грипп) же ооз аркылуу (полиомиелит). Иммунитет пайда болуу үчүн бир жолку вакцина киргизүү жетиштүү.

Эмдөө кээ бир жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында пландуу (сөзсүз), айрым учурларда эпидемиялык көрсөткүчтөргө карата жүргүзүлөт. Пландуу тартипте колдонулуучу В. белгилүү ырааттуулукта берилет. Мисалы, жаңы төрөлгөн балдар туберкулёзго каршы В. (БЦЖ) алышат, андан кийин кептөөр, селейме жана көк жөтөлгө каршы вакциндөө жүргүзүлөт. Кийинчерээк полиомиелит жана кызамыкка каршы эмдөөлөр жасалат. Булардын негизинде балдар эң коркунучтуу бактериялык жана вирустук инфекциялардан алдын ала сакталат. Вакцинаны илимий негизде колдонуудан биздин өлкөдө кадимки ченек, чума, туляремия сыяктуу инфекциялар толугу менен жоголду.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8