Имидж

Википедия дан

Имидж, саясий - субъекттин өзү жөнүндөгү түшүнүктөрү менен ал жөнүндөгү массалык маалымат каражаттарында калыптанган сүрөттөмөлөрдүн кошундусунан улам пайда болгон образ, саясий мүнөздөмө.

Саясий Имидж жалаң эле лидердин саясий аң-сезиминин жана жүрүм-турумунун чыныгы өзгөчөлүктөрү жөнүндө эмес, андан тышкары, ал жөнүндөгү элдердин ой-мүдөөсү, элестетүүсү жөнүндө да жалпыланган, жөнөкөйлөтүлгөн маалыматтарды берет. Ыңгайлуу же ыңгайсыз абалдын, шарттын таасири менен саясатчынын артыкчылыктары жана кемчиликтери жөнүндө коомдук аң-сезимде белгилүү бир образ пайда болот жана калыптанат, бул образ, белгилүү бир мааниде, өз алдынчалыкка ээ болуп, саясатчыны коомчулуктун пикирине ылайык иш жүргүзүүгө мажбурлайт. Тигил же бул саясатчынын

Имиджин аныктоодо маалымат каражаттарынын ролу чоң. Элдин көпчүлүк бөлүгү өзүнүн саясий симпатиясын билдирүүдө көбүнесе колдо болгон маалыматтарга таянууга мажбур болушат. Ушундан улам азыркы мезгилде, өнүккөн өлкөлөрдө саясатчылардын Имиджин аныктоодо одоно каталарды кетирбөө учун саясий маркетинг теорияларын жана методдорун колдонушат. Лидер жекече иш стили, идеологиялык көз карашы жана саясий программасы бирине-бири топ келсе, анда бул саясий Имидж пландоонун ачкычы болуп эсептелет. Эгерде Имидж саясий рыноктун талаптарына дал келсе, анда саясатчыга ийгилик алып келет. Ушул максатта саясатчынын артыкчылыгын баса белгилөөчү жана анын начар жактарын жаап-жашырып туруучу маалымат үчүн атайын программалар иштелип чыгат.

Маркетинг буга өбөлгө түзөт: конкреттүү кырдаалда саясатчы өзүнүн жеке сапаттарына жараша, электораттын талаптарына ылайык, атаандаштарынын абалына карата кандай көз караштарда туруу керектиги аныкталат. Демократтык институттардын өнүгүшү, шайлоо алдындагы мезгилде саясий атаандаштардын көбөйүшү саясатчынын Имиджине карата болгон талаптардын курчушуна алып келет. Шайлоолордогу ийгилик, саясий карьера көбүнесе саясий Имидждин өзүнө тартуучулук күчүнө, аныктыгына, иш аракеттеринин иреттүүлүгүнө жараша болот. Ошондо гана электорат аны башка атаандаштардан айрып-таануу, ага саясий симпатия көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8