Иммундоо

Википедия дан

Иммундоо ― бул адамдын иммунитетке ээ болушуна шарт түзүү процесси. Адатта эмдегенде жугуштуу оору жукпай калат. Вакциналар адамды тиешелүү инфекциядан же оорудан коргош үчүн организмдин иммундук тутумун күчтөндүрөт.

Иммундоо миллиондогон адамдардын өмүрүн сактайт. Бул сансыз балдарды оорудан жана майыптыктан сактай турган саламаттыкты сактоонун эң күчтүү чараларынын бири.

Кыргызстанда колдонулган вакциналардын сапаты Европадагыдан кем  калбайт. Вакцинанын компоненттери коопсуз жана эч кандай уулуу же тыюу салынган заттарды камтыбайт жана бүткүл дүйнө жүзүндө, анын ичинде Ислам шариятын карманган өлкөлөрдө (Сауд Аравиясы, Түркия ж.б.) да кеңири колдонулат.

Эмдөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмдөө – бул организмди инфекциядан же оорулардан коргоо максатында иммундук тутумун күчтөндүрүү үчүн вакцина киргизүү.

Эмдөө алдында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмдөөгө чейин дарыгер ата-энелерден төмөнкү маалыматтарды тактап алууга тийиш:

  • Баланын өнөкөт оорулары жокпу?
  • Мурунку эмдөөлөр качан жүргүзүлгөн? Эмдөөнүн ыйыр таасири кандай болгон?
  • Балада аллергиялык оорулары же тамак-ашка, дары-дармектерге же дагы башка заттарга аллергиялык реакциясы жокпу?
  • Баланын неврологиялык оорулары жокпу?
  • Бала эрте төрөлүү, төрөлгөндө жабыркоо, карышып калуу сыяктуу жекече өзгөчөлүктөрү жокпу?
  • Жугуштуу оорулуу менен байланышканбы?
  • Кандын дары-дармектери сайылганбы же кан куюлганбы (бул эмдөө мөөнөтүн өзгөртөт, анткени кан куюу жана аны менен антитулкуларды алуу өз иммунитетин иштеп чыгышына тоскоол болот)? Булар сактык чаралары.

Илдеттин алдын алуучу эмдөөнүн алдында дарыгер баланы текшерип, дене табын өлчөп, керек болсо лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөрдү жүргүзүшү, эмдөө макамынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп көрүшү абзел. Ошондон кийин гана эмдөөнүн түрүн көрсөтүү менен конкреттүү вакцинаны алууга же медициналык көрсөтмөлөрдөн улам иммундоодон баш тартууга уруксат бериши керек.

Дарыгер эмдөө жүргүзөрдөн мурун ата-энелерге эмдөөдөн кийинки кыйыр таасирлер жөнүндө айтып, өз сунуштарын бериши абзел, ошол эле учурда эмдөөнүн жардамы менен ыктымал кооптуу ооруларды алдын алуунун артыкчылыктары тууралуу белгилеп кеткени оң.

Баласын эмдетүүдөн баш тарткан учурда оору өөрчүп кетсе, «Жугуштуу ооруларды иммундоо-алдын алуу жөнүндө» мыйзамдын 5-беренесине ылайык, жоопкерчилик ата-энесине же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнө жүктөлөт деп эскертүү зарыл.

Алдын алуучу эмдөөлөрдүн жоктугу массалык жугуштуу оорулар же эпидемия коркунучу пайда болгон учурда жарандарды билим берүү мекемелерине жана саламаттыкты сактоо мекемелерине кабыл алуудан убактылуу баш тартууга алып келиши мүмкүн.

КРда алдын алуу эмдөөлөрдүн календары

Бир жашка чейин
Курагы Эмдөө
Туулгандан кийин 24 саат аралыгында Вирустук В гепатитине каршы эмдөө

Вакцинанын аталышы – ВГВ

Төрөт үйүндө болгон убакта Кургак учукка каршы эмдөө

Вакцинанын аталышы — БЦЖ

2-айлыкта Көк жөтөлгө, кептөөргө, карышмага, гемофил инфекциясына жана вирустук В гепатитине каршы биринчи эмдөө

Вакцинанын аталышы — ПЕНТА (АКДС-ВГВ-ХИБ)

Пневмококк инфекциясына каршы биринчи эмдөө

Вакцинанын аталышы — ПКВ

Полиомиелитке каршы эмдөө

Вакцинанын аталышы — ОПВ

Ротавирус инфекциясына каршы эмдөө

Вакцинанын аталышы — РВ

3,5 айлыкта Көк жөтөлгө, кептөөргө, карышмага, гемофил инфекциясына жана вирустук В гепатитине каршы экинчи эмдөө

Вакцинанын аталышы — ПЕНТА (АКДС-ВГВ-ХИБ)

Полиомиелитке каршы эмдөө

Вакцинанын аталышы — ИПВ, ОПВ

Ротавирус инфекциясына каршы эмдөө

Вакцинанын аталышы — РВ

5 айлыкта Көк жөтөлгө, кептөөргө, карышмага, гемофил инфекциясына жана вирустук В гепатитине каршы үчүнчү эмдөө

Вакцинанын аталышы — ПЕНТА (АКДС-ВГВ-ХИБ

Пневмококк инфекциясына каршы экинчи эмдөө

Вакцинанын аталышы —ПКВ

Полиомиелитке каршы эмдөө

Вакцинанын аталышы — ОПВ

Ротавирус инфекциясына каршы эмдөө

Вакцинанын аталышы — РВ

12 айлыкта Кызылчага, эпидемиялык паротитке жана кызамыкка каршы эмдөө

Вакцинанын аталышы — КПК

Пневмококк инфекциясына каршы үчүнчү эмдөө

Вакцинанын аталышы — ПКВ

2 жашта
2 жашта Көк жөтөлгө, кептөөргө, карышмага каршы биринчи кайра эмдөө

Вакцинанын аталышы — АКДС

6 жашта
Эмдөө Кептөөргө, карышмага каршы экинчи кайра эмдөө

Вакцинанын аталышы — АДС

Эмдөө Кызылчага, эпидемиялык паротитке жана кызамыкка каршы кайра эмдөө

Вакцинанын аталышы — КПК

11 жашта
Эмдөө Кептөөргө жана карышмага каршы кайра эмдөө

Вакцинанын аталышы — АДС-М

16, 26, 36,46,56 жашта
Эмдөө Кептөөргө жана карышмага каршы кайра эмдөө

Вакцинанын аталышы — АДС-М