Иммунитет жетишсиздик оорусунун синдрому (СПИД)

Википедия дан

Иммунитет жетишсиздик оорусунун синдрому (СПИД), ИЖОС - адамдын эң коркунучтуу жугуштуу оорусу. Анын азырынча (2009-ж.) айыкпастыгы, калк арасында тез таралып кетиши, оорулуунун өтө кыйналышы, акыры өлүмгө дуушар болору аныкталган. Ошондуктан ал 20-кылымдын «чумасы» деп аталган. Бул оору жөнүндө алгачкы маалыматтар 1981-ж. АКШда чыгуучу «Оору жана өлүм» аттуу жумалык кабар журналында жарыяланган. Анда соо жүргөн адамдардын арасында айыкпаган, узакка созулган пневмония жана теринин рак оорусу тез арада көбөйүп кеткендиги айтылган. Бул жаңы пайда болгон ооруда адам организминин иммунитет системасынын жабыркашы аныкталган. Мында иммунитет системасын тейлөөчү, иммунитетке жооптуу кандын айрым клеткаларынын түрү тез азайып, акыры канда алардын саны кескин жоголуп кетиши далилденген. Америкалык окумуштуулар оорулуунун канынан, спермасынан мурда белгисиз вирусту таап, бөлүп алышкан. Ал адамдын иммунитет жетишсиздигинин вирусу (АИЖВ) же вирус иммунодефицита человека (ВИЧ) деп аталат. Адамдын денесиндеги түрдүү суюктуктар, айрыкча кан, лимфа жана жүлүн суюктугу, эркектин спермасы, жыныс органдарынын былжыры ж. б. бул вирустун жашоо жана көбөйүүсү үчүн эң ыңгайлуу болуп эсептелет. Адамга жуккан вирус кан лимфоцитине кирип, алардын генетикалык аппаратында көбөйөт, акыры ал клеткалар «желип» бүткөндө, вирус жаңы лимфоцит клеткаларына кирип, анда көбөйүүсүн улантат. Натыйжада кандагы лимфоциттин саны азайып, жоголо баштагандыктан, организмдин иммунитетин камсыз кыла албай калат, башкача айтканда лимфоциттердин иммунитетти камсыз кылуучу антителолорду бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгү жоголот. Ошондуктан вирус жуккан адам организминде жалпы иммунитеттин жетишсиздиги пайда болуп, бүтүндөй иммунитет системасы бузулат. Ошонун негизинде ИЖОС менен жабыркаган адамдын организмине сырттан кирген жана организмдеги зыяндуу микробдор тоскоолсуз көбөйөт. Андай адам ар кандай (кошумча) оорулар менен тез жабыркайт. Жеңил өтүүчү инфекцияга эле туш келгенде, организм эч каршылык көрсөтө албай, алардын өтүшү оор болуп, өлүмгө кабылуусу да мүмкүн. АИЖВ сыртка кан, эркектин спермасы, аялдын жыныс кынынан бөлүнүүчү былжыр аркылуу чыгып тургандыктан, ал жыныстык катнашуу жана кан аркылуу гана, балага баланын тону, эмчек сүтү аркылуу жугат. АИЖВ адамдын дене суюктуктарында гана жашап жана көбөйгөндүктөн, жыныстык катнашуу, кан куюдан башка турмуш-тиричилик шартында, жөнөкөй жолугушууларда жукпайт. Демек, оорулуу же вирусту жугузуп алган адам анын булагы болуп эсептелет. АИЖВ жуккан оорулуу өлгөнгө чейин айланасындагыларга өтө коркунучтуу. ИЖОС оорусуна көбүнчө гомосексуалдар, бисексуалдар, баңгилер (айрыкча наркотикалык затты ийне саюу жолу менен колдонгондор), ошондой эле азыраак кан же кандан алынуучу дары-дармектерди, донорлук трансплантат органдарын алгандар чалдыгат. Кыргызстанда 1987-ж. алгачкы оорулуу (ал Африканын жараны болгон), ал эми 1996-ж. АИЖВ жуктурган жергиликтүү тургун катталган. Кыргызстанда ИЖОС менен ооругандардын саны 3000ге жеткен (2009). Республикада ИЖОС боюнча улуттук жана Эл аралык эксперттер иштеп, ИЖОС менен күрөшүү программаларын ишке ашырууга бир топ Эл аралык уюмдар [БУУнун өнүктүрүү программасы, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ), «Сорос-Кыргызстан», ЮСАИД ж. б.] чоң жардам көрсөтүп жатышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]