Мазмунга өтүү

Адамдын иммунитет жетишсиздигинин вирусу

Википедия дан
ВИЧ‎»‎ барагынан багытталды)
АИВдин кесилишинин стилдештирилген сүрөтү

Адамдын иммунитет жетишсиздигинин вирусу (АИВ)[1]кабылданган иммундук жетишсиздик синдромунун козгоочу ретровирус.

Вирусту 1983-жылы Париждеги Л. Пастер атындагы илимий-изилдөө институтунун профессору Монтанье башкарган илимпоздор тобу рактын бир түрү менен ооруган кишиден тапкан. Ошол эле жылы АКШда профессор Галло жана жардамчылары бул вирусту КИЖС менен ооруган адамдын канынан, спермасынан бөлүп алышкан. АИВ — татаал түзүлүштөгү вирус. Дүйнөдөгү белгилүү микроорганизмдердин ичинен ушул вирус гана РНК менен ДНКны синтездөөгө жөндөмдүү. ДНКда тукум куугучтук, генетикалык маалымат жайгашат, ал эми маалыматты РНК «ташып жүрөт». Ошондуктан АИВ ретровирустардын катарына кирет. 1986-жылы анын жаңы түрлөрү — мутанттары (I, II, III) табылган. Алар өз ара генетикалык белгилери менен айырмаланат, ар бир мутанттын гени ар башка. Вирустун генинин түзүлүшүнө карата «субтиптерге» бөлүнүп, латын тамгалары (А, В, С, N, O, D жана башка) менен аталат.

Жыныс жолу менен жугузгандарда көбүнчө В-субтиби кезигет. Вирус таякча, үтүр же тоголок шар сымал болот. Айлана-чөйрөнүн шартына чыдамсыз, жылуу жерде 10 - 30 мүнөт гана жашайт. Чөйрөнүн температурасы 56°тан жогорулаганда өлөт. Химиялык заттарга туруксуз, бирок радиацияга, ультракызгылт көк нурга бир топ чыдамдуу. Ал тирүү клеткада мителик кылгандыктан, адам организминде гана жашоого, көбөйүүгө жөндөмдүү. Адамдын каны, лимфа суюктугу, спермасы, жүлүн суюктугу, жыныс мүчөлөрүнүн былжырлуу суюктуктары вируска жагымдуу шарт болуп, анын таралышында мааниси зор. АИВ адам иммунитетин тейлөөчү кан клеткалары менен азыктанат. Адамга жуккан вирус канга өтүп, лимфоциттерге кирип, генетика аппаратында көбөйөт, аларды «жеп» бүткөндөн кийин, андан чыгып (провирустар) башка лимфоциттерге өтөт. Натыйжада, лимфоциттердин саны массалык түрдө азайгандыктан адамдын иммунитети начарлап, антитело бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгүн жоготот. Иммунитет жетишсиздиги бүтүндөй иммундук тутумдун “кыйрашына” алып келет.

Булактар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  1. Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга карата АИВ-инфекциясынын эпидемиясын турукташтыруу боюнча мамлекеттик программа