Ультракызгылт көк нурлануу

Википедия дан

Ультракызгылт көк нурлануу - толкун узундугу 10-400 нм болгон көзгө көрүнүүчү жарык менен рентген нурларынын ортосунда жайгашкан электр-магниттик кубулуш.

Ультракызгылт көк нурлануунун чөйрөсү шарттуу түрдө алыскы же вакуумдук (10-200 нж) жана жакынкы (200-400 нм) болуп бөлүнөт. Жакынкы Ультракызгылт көк нурлануу1801-ж. немис физиги И. В. Риттер жана англиялык физик У. Волластон, ал эми вакуумдук Ультракызгылт көк нурлануу немис физиги В. Шуман жана англиялык физик Т. Лайман тарабынан ачылган. Ультракызгылт көк нурлануунун спектри сызыктуу жара тилкелүү, үзгүлтүксүз болот же тилкелерден турушу мүмкүн. Ультракызгылт көк нурлануузат менен өз ара аракеттешкенде заттын атомдорун иондоштурат жана фотоэффект кубулушу жүрөт. Заттардын спектрдик ультракызгылт көк аймагындагы оптикалык касиеттери, алардын көрүү аймагындагы оптикалык касиеттеринен бир топ айырмаланат. Мисалы кадимки айнек 300 кмде тунук эмес; бир кыйла кыска толкундуу аймакта увиол айнеги, сапфир, фтордуу магний, кварц, флюорит, фтордуу литий сыяктуу кээ бир материалдар ж. б. гана тунук. Ультракызгылт көк нурлануунун табигый булактары болуп Күн, жылдыздар, тумандуулуктар ж. б. эсептелет. Бирок алардын нурлануусунун узун толкундуу бөлүгү гана жер бетине жетип, кыска толкундуу бөлүгү атмосферада сиңет. Ультракызгылт көк нурланууда иондоштуруу жана фотоэффектти пайда кылуу жөндөмдүүлүгү колдонулуучу фотоэлектрдик кабыл алгычтар: фотодиоддор, иондоочу камералар, фотон эсептегичтер, фотокөбөйтүүчүлөр ж. б. колдонулат. Ультракызгылт көк аймагындагы синирүү, чагылуу жана нурлануу спектрлерин изилдөө атомдордун, молекулалардын, катуу нерселердин электрондук түзүлүшүн аныктоого мүмкүндүк берет. Ультракызгылт көк нурлануу молекулалардагы химиялык байланышты бузат, натыйжада, фотохимиянын негизделишине алып келген ар кандай фотохимиялык реакциялар пайдаболот. Ультракызгылт көк нурланууну өсүмдүктөрдүн жогорку катмарларынын ткандары, адамдын жана жаныбардын териси сиңирет. Аз өлчөмдө нурлануу организм үчүн пайдалуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4